Түркия жана Евразия карым-катнаштары-51

Зия Гөкалптан Ататүрккө карай: Түрк дүйнөсүндө кызматташтык пикири

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-51

Түрк дүйнөсүндө кызматташтык темасы боюнча маанилүү эмгектери болгон интеллигенттерден бирөө Зия Гөкалп болуп эсептелет. Гөкалптын пикирлеринин Түркия Республикасынын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрк жана Түрк дүйнөсүндө маанилүү таасирлери болду. Биз да бул аптадагы программабызда Зия Гөкалпты жана анын эмгектеринин бүгүнкү күнгө чагылууларын талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Түрк дүйнөсүндө кызматташтык жагдайында алдыңкы планга чыккан ысымдардан бири да диярбакырдык Мехмед Зия Гөкалп болуп саналат. Гөкалп, 1876-жылы 23-мартта Диярбакырда туулган. Диярбакырдын тектүү үй-бүлөлөрүнөн Мүфтүзаделер жана Пиринчзаделерге таандык. 2-Мешрутиеттин (конституционализм) жарыяланышы менен бирге Диярбакырда «Иттихат ве теракки жемиети» (Биримдик жана өнүгүү коомунун) кеңсесин ачып аны башкара баштаган Гөкалп, илимий жана маданий иш-чараларын ылдамдатты. 1912-жылы өткөрүлгөн парламенттик шайлоолорунун натыйжасында Эргани эл өкүлү катары Межлиске кирди. 1913-жылы «Түрк Йурду» журналында «Түрктөшүү, Исламдашуу, Заманбапташуу» аттуу макалалар тизмегин жазды. Гөкалп бул макалалар тизмегинде бул үч агымдын бири-бирилерине карама-каршы келбегендерин, тескерисинче бири-бирилерин толуктаганын ортого салды.

1919-жылы бийликке келген күйөө бала Ферит Паша өкмөтү Биримдик жана өнүгүү коомунун мүчөлөрүн кармай баштады. Гөкалп да 1919-жылы 30-мартта кармалды жана англичандар тарабынан Мальтага сүргүнгө айдалды. 1921-жылы 19-майда Стамбулга кайтты. Андан соң туулган жери Диярбакырга өткөн Гөкалп, бул жерде сабак бере баштады. Улуттук күрөштү колдогон жыйналыштарды жана конференцияларды уюштуруп элге дем-күч берди. 1923-жылдагы шайлоолордо Диярбакырдан эл өкүлү болуп Межлиске кайра кирди. Эл өкүлдүгү убагында да пикир бөлүшүү жана маданий иш-чараларын улантты.

Зия Гөкалп да кудум эле Гаспыралы Исмаил сыяктуу Стамбул түркчөсүнүн бүткүл Түрк дүйнөсүнүн орток тилине айланыдырылышы керектигине ишенет. Гөкалпка караганда Стамбул түркчөсүн бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн абадий тил абалына айландыруу, бүткүл түрктөрдүн милдети болуп саналат. Бул милдет орундатылганда түрктөр жалгыз бир улут абалына айланат. Гөкалп бул айтымдары менен өзүнөн кийин келе турган муундарга мурас катары максат калтырып; Түркиядан тышкары түрк коомчулуктары менен эң жогорку деңгээлде маданий кызматташтыкты курууну көздөгөн.

Гөкалп, түрк тилине жетиштүү түрдө маани берилбешинин себебинен Түрк коомчулуктарында илгерилөө жай болгонун жана эл менен элитанын ортосунда ажырым пайда болгонун баса белгилейт. Гөкалп, тилде жөнөкөйлөшүүнү жана түрк тилин жандантууну жактап, Түрк дүйнөсүндө тил биримдигин куруу керектигин айтат. Бул бир гана Анадолуну камтыгыдай тил биримдиги эмес, бүтүндөй Түрк дүйнөсү түшүнүшө турган тил биримдиги болуп саналат. Гөкалп, Түрк дүйнөсүндө биримдик үчүн түрктөрдүн орток түрк тилин колдонушун керектүү деп ойлойт. Бул үчүн да Стамбул түркчөсүн бүтүндөй Түрк дүйнөсү үчүн орток тил катары сунуштайт.

Зия Гөкалп үчүн пикирлеримдин атасы деген аныктама жасаган Түркия Республикасынын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрк үчүн да Түрк дүйнөсүндө кызматташтык алдыңкы күн тартип беренелеринен бири болгон. Түркия Республикасы курулган жыл болгон 1923-жылдан баштап белгилүү негизги максаттарды байкаган, ырааттуу жана акыл-эстүү тышкы саясатты жүргүздү. Республика мезгилинде Түрк тышкы саясатынын негиздери Ататүрк тарабынан белгиленди жана калыптанды.

Мустафа Кемал Ататүрк үчүн Түрк дүйнөсүндө алдыңкы план катары камсыздалышы керек болгон биримдик маданият биримдиги болуп саналат. Бул абалды бул сөздөрү менен айткан; «Түркиянын тышында калган түрктөр үчүн, эң алдыңкы план маданият маселелери менен алпурушуу болуп эсептелет. Ошондуктан биз түрктүк идеясын ушундай оң өңүттөн карап жатабыз. Улуу түрк тарыхында, түрк тилинин булактарына, бай диалектилерине, байыркы түрк чыгармаларына маани беребиз. Байкал көлүнүн ары жагындагы якут түрктөрүнүн тил жана маданияттарын дагы көз жаздымда калтырбайбыз».

Ататүрк; (Түрк дүйнөсүндөгү маданият үзгүлтүгүн дагы да күчөтпөө жана ошондой эле Батыш менен карым-катнаштарды дагы тартиптүү түрдө жүргүзүү үчүн) 1928-жылы 1-ноябрда латын алфавитине өтүү реформасын ишке ашырды. Бул алфавит алмаштыруусу менен Түрк дүйнөсүндө маданий ажырымдын жоюлушу багытында чоң мүмкүнчүлүк келип чыкты. Бирок Түрк дүйнөсүндө кызматташтык пикиринен корккон Советтер, 2-Дүйнөлүк согуштан мурда Советтер Союзунун ичиндеги түрктөрдү кирилл алфавитин колдонууга мажбурлады. Ушундайча Советтер, Түркия менен Түрк дүйнөсүнүн маданий байланышын үзүүгө аракет кылды.

Бардык тоскоолдуктарга карабастан Зия Гөкалптын пикирлери жана Мустафа Кемал Ататүрктүн иш-аракеттери менен түптөгөн пайдубалдары учурбузда такталууда. Бүгүнкү күндө Режеп Таййип Эрдоган, Нурсултан Назарбаев жана Илхам Алиев сыяктуу лидерлердин иш-аракеттери менен Гөкалп жана Ататүрктүн идеялары ар түрдүү эл аралык уюмдардын курамында орун алууда. Түрк кеңеши, ТҮРКСОЙ, Түрк академиясы менен катар ар башка эл аралык уюмдар ушул багытта ар түрдүү иш-чараларды жүргүзүшүүдө. Гөкалп жана Ататүрктүн идеяларынын ишке ашышы Евразия аймагында тынчтыктын түзүлүшү үчүн да маанилүү салымды кошот.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.



Тектеш кабарлар