Күн тартиби-49

Чек аралардын талашка түшүшү

864107
Күн тартиби-49

Чек аралардын талашка түшүшү

Чех Республикасы жана Словакия, Түштүк жана Түндүк Судан сыяктуу бир канча өлкөдөн тышкары бүткүл дүйнөдөгү өлкөлөрдүн чек аралары тилекке каршы чоң күрөштөр, кагылышуулар жана согуштардын натыйжасында чийилди. Мындайча айтканда мамлекеттердин чек аралары кан менен чийилген.

Изилдөөчү-жазуучу Эрдал Шимшектин бул темага байланыштуу иликтөөсүн окуп жатасыздар.

 Анда мунун кереги бар беле? Теорияны карасак эч кереги жок эле. Мамлекет термини батышта 16 кылымда колдонула баштаса, чыгышта миңдеген жылдардан бери бар болчу. Түрктөрдүн жана кытайлыктардын миңдеген жылдык тексттеринде, мамлекет түшүнүгү темасында көп материал бар.

Батыш дүйнөсүндө Орто Кылымга чейин мамлекет термини жок. Бул дүйнөдө саясий эгемендик, жер менчиктөөгө таянып айтылат. Ал мезгилде мамлекет, талаа түшүнүгүн берген «tenv» же «te/ra» сөздөрү менен айтылган.

Мамлекет сөзү Европада алгач ирет 15-кылымда Италияда колдонулганын көрүүдөбүз. Бул жерде мамлекет термини, белгилүү бир коомчулуктун саясий уюмдашуу түзүлүшүн түшүндүрүш үчүн колдонулат. Италиядан кийин акырындык менен калган батыштык өлкөлөрдө да бул термин колдонула баштаган. 15-кылымда Батыш дүйнөсү толугу менен саясий эгемендик терминин «мамлекет» сөзү менен айта баштаган. Чыгышта мамлекет, статус жана аянт кеңейтүүсүн кылып «императордук» абалына айланса, Батыш дүйнөсүндө чек аралар тынымсыз кан менен сугарылып жатты.

Мамлекет термини ушунчалык кандуу болгон батыш дүйнөсүндө жаралган утопиялардын бардыгында жаман ойлуу келечек бар.

Адабияттан саясий тексттерге дейре батыш дүйнөсүндө келечек тууралуу жалаң кара/жаман ойлор болуп келген. Утопияга каршы турган бул кара келечекти дистопия деп атаган бардык тексттер абдан коркутуучу болуп саналат.

Фукуямадан Брежинскийге, Сороско чейин бардык саясий футурист теориялар, кан менен чийилген чек араларга таянат. Мурда болуп келген чек аралар кан менен бөлүнгөн. Аны улай кан менен кайрадан жаңы чек аралар түзүлгөн. Батыштын саясий келечектеги чек ара сандары, география, маданият жана саясий таасирлешүү менен эмес, кан менен улам артып көбөйгөн.

Батыштык дистопиялар саясий футурист тексттеринин илхом булагы сыяктуу дагы көп үрөйдү учурат жана дагы коркунучтуу. Бул адабият тармагын «культ» римдиктердин тексттери жагынан карасак адамдын жаратылуу табиатына ылайыктуу киши катары бардык үмүттөрүн кулатып, бул келечекке каршы ичи карарган аскер талапкери катары даярдап жаткансыйт.

Евгений Замятиндин «Биз» чыгармасынан тартып, Хью Хоуинун «Силосу», Паоло Басигалупинин «Куруучу кыз», Дж. Уэллстин «Мастер ойгонууда», Жорджа Оруэллдин «1984» жана «айбанаттар чарбагы», Рада Брэдберинин «Fahrenheit 451», жана Олдос Хакслинин «Эр жүрөк жаңы дүйнө» чыгармаларына чейин атын санап жетише албаган ондогон тексттерде караңгы келечектин караңгы дүйнөлөрү адамдын аң-сезимине акырындык менен кирет.

Бул караңгы келечек тексттери менен адам баласынын жаратылуу табиатынан кадам –кадам алыстап, ал дүйнөгө бараткан жолго төшөлгөн паркет ташына айлангансыйт. Учурда дүйнө жүзүндө кан көлдөткөн башкы актер өлкөлөрдүн, келечектеги дүйнөнү ойлоп тапкан чечим чыгаруучу мекемелердин бардык кызматкерлеринин эң чоң орток өзгөчөлүктөрүнөн бири да бул дистопиялардын адабий жана саясий тексттердин жаңы туундуларын жаза турганчалык шакирти жана берилгендиктери болчу.

Коомдук кошулуу болгон демократиялык системада эл массалары канчалык саясий түзүлүштөрүн өзгөртсө дагы бул мекемелер кандайдыр бир түрдө элдин саясий эркине тоскоол болушат. Тоскоол боло алгандан кийин көп өтпөй аны өз көзөмөлүнө алышат. Мунун эң акыркы мисалын АКШда көрдүк.

АКШнын президенти Дональд Трамп, шайлоо өнөктүгү убагында Обама бийлигинин зомбулукту жактаган жана жайылуучу саясаттарынан баш тарта турганын белгилеп кыскача буларды айтты: «АКШнын өз ичине багытталган саясаттарды жүргүзөбүз. Аскердик каржылоолор жана дйүнөдөгү базалардан үнөмдөө кылабыз».

Муну менен эле тим болбостон Трамп, жеке өзүнүн Твиттер эсебинде ДЕАШ террор уюмун Обама бийлигинин курганын жазды. Бирок андан кийин бул твитин өчүрүп таштады.

Тилекке каршы Трамп өкмөткө келгенде кадам-кадам мурдагы режимдин саясий айтымдарынын таасири астына кирди. Ал эмес Обамадан бир кадам дагы алдыга кетип Перс булуңу баш болгон дүйнөнүн бир топ жерин курал жыйындысына айландырды.

Обаманын Венесуэла өкмөтүнө каршы жүргүзгөн катуу саясаттарынан бир кадам дагы артка кеткен жок.

Абдан кызык жагы, жаңы дүйнөлүк тартиптин мажбурлаган кандуу чек ара өзгөртүүлөрүнө Түркия менен катар Венесуэла дагы туруштук берип турат. Бири чыгыштын байыркы маданиятынын, бири  Латын Американын мистикалык маданиятынын жаңырыгы сыяктуу. Латын маданиятынын адам түшүнүгү Чыгыш менен абдан жакын болушу бул туруштук жагынан капыстан болбосо керек. Тилекке каршы АКШ, бул эки өлкөнү тең ар башка ыкма жана жабууларды жамынып мажбурлоосун улантууда.

Түркияга каршы жүргүзүлгөн укуктук далилдерден кем жана аң-сезимге жатпаган толугу менен саясий эсептешүү инструменти болгон Рыза Зарраф доосу АКШнын бир жактуу кыстоолорунун кичине мисалы десек болот.

Жаңы дүйнөлүк тартип бизди кандуу чек араларга такап койду. Бирок биз бул мажбурлоого жеңилбейбиз. Анткени «Чыгыштын» маданияты байыркы болуп саналат. Чыгыштын маданияты кадам таштаган жер менен окшошот. Батыш сыяктуу ал жерди кулатып өзүнө окшотпойт.

Ушул себептен чыгыштын чек аралары байыркы болуп саналат. Батыштыктар кийлигишпеген бир топ чыгыш өлкөсүнүн чек арасынын жүздөгөн жылдык болушу албетте капыстан эмес. Айрымдары болсо миңдеген жылдык. Биздин чек араларыбызда эч согуш болгон жок дебейбиз. Бирок чек араларыбыз аймактын, адамдардын жана маданияттын белгилеген чек арасы.

Ушул себептен Батыштын Сирияда, Жакынкы Чыгышта мажбурлаган жаңы кандуу чек ара долбооруна каршы чыксак, булардын пландарына таш каптырабыз. Терең маданият жана күчтүү илимибиз менен биз бул оюнду да бузабыз.



Тектеш кабарлар