TANAP долбоору ылдам уланып жатат

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-48

TANAP долбоору ылдам уланып жатат

TANAP долбоору ылдам уланып жатат

Европанын эң ири энергетика менен камсыз кылуу долбоорлорунан болгон ТАНАП (Транс Анадолу газ кууру) долбоору ылдам уланып жатат. Биз да бул жумадагы программабызда ТАНАПты жана аймакка таасирлерин талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Европанын эң ири энергетика менен камсыз кылуу долбоорлорунан болгон ТАНАП (Транс Анадолу газ кууру) долбоору ылдам уланып жатат. Өткөн күндөрдө Европанын Калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы тарабынан долбоорго 500 миллион доллардык насыя берилиши бюонча чечим чыкканы билдирилди. Европанын энергетика талабында көп түрдүүлүк максатына салым кошо турган жана көмүр кычкыл газынын деңгээлин маанилүү өлчөмдө алдын алаары айтылган долбоордун негизинде Каспий деңизинен чыгарылган газдын Түркия аркылуу Европага жеткирилиши пландалууда.

Эске сала кетсек ТАНАП үчүн буга чейин да Дүйнөлүк банк, Азия Өнүгүү банкы жана Азия инфратүзүмдүк инвестиция банкы сыяктуу каржы мекемелери тарабынан жалпы 2 миллиард доллардык насыя бекитилген болчу. Курулуш иштериндеги жылыштар, эл аралык инвестиция жана каржы мекемелеринин колдоосун алууда эң маанилүү факторду түзүүдө.

Октябрь айында долбоордун башкаруучулугу тарабынан жарыяланган билдирүүдө, долбоордун биринчи баскычы болгон Faz0дун дээрлик бүткөрүлгөнү жана ушунун негизинде 2018-жылдан тарта сыноо максатында түтүк жолго газ бериле башташынын мүмкүн экени белгиленди. Долбоорго камсыздалган каржылык салымдардын болсо, физиологиялык процесстин күтүлгөндөн дагы ылдам аяктаарын көрсөтүүдө. Жалпы 12 миллиард доллар деп белгиленген долбоордун наркынын ийгиликтүү илгерилөөнүн негизинде 8 миллиард долларга чейин кыскарышы жана газ өткөрүүнүн пландалгандан дагы ылдам аткарылышы, бул темадагы саясий эрктүүлүктүн күчүн жана техникалык жетишкендикти ортого салууда.

16 миллиард куб метр деп белгиленген ТАНАПтын газ ташуу көлөмүнүн орто эсеп менен 10 миллиард куб метринин Европага, калган бөлүгүнүн болсо Түркияга ташылышы көздөлүүдө. Долбоордун бүгүнкү оң динамикасын коргогон учурда 2018-жылдын июнь айынан тарта Түркия ТАНАП газы менен таанышкан болот. Муну менен бирге 2020-жылы да Европага газ экспорттолот.

Эске сала кетсек долбоордун пайдубалы 2015-жылдын март айында Түркия Республикасынын Президенти менен катар Азербайжан жана Грузиянын мамлекет башчылары катышкан азем менен Карста түптөлгөн болчу. Түркия багыты Ардахандан башталып Эдирнеден Грецияга жете турган түтүк жол Түркиянын 20 шаарынан өтөт. 

Азербайжан менен Түркиянын экономикасына чоң салым кошо турган ТАНАП аркылуу Европа өлкөлөрүнүн да мурдагы жылдарда башынан өткөргөн энергетика жаатындагы монополиялашуу санаасы жумшарган болот. ТАНАПтын негизги долбоору абалындагы Түштүк Газ коридору, орто эсеп менен 40 миллиард доллар наркында, 3 миң 500 километр узундугунда жана жалпы 6 өлкөнүн ичинен өтөт. ТАНАП болсо бул долбоордун болжол менен 1850 километрин камтууда. Түштүк газ коридору болсо Түштүк Кавказия түтүк жолу жана Транс-Адриатика түтүк жолунун ТАНАП менен биригүүсүнөн турат. Бул долбоорлор Азербайжан газынын Европага чейин коопсуз жеткирилиши менен катар Түркиянын ар түрдүү куур жолдору аркылуу энергетикалык коридордо негизги багыт болуу саясатына салым кошмокчу.

Муну менен катар долбоор аяктаган күндөн тарта Түркиядагы газ бааларынын арзандай турганы айтылууда. Мында Азербайжандын Шахдениз-2 кенинен чыгарылган газдын чыгымынын аз болушу жана камсыз кылуу рыногунда да төмөн баа саясатынын натыйжалуу болоору күтүлүүдө.

Түркия газ керектөөсүндө дээрлик тышка көз каранды өлкө абалында. Негизги камсыздоочулары болсо Орусия, Иран, Азербайжан, Нигерия жана Алжир. Орусия менен Ирандан сатылып алынган газдын салыштырмалуу кымбат экени айтылууда жана Азербайжандан алына турган арзан энергетиканын Түркия үчүн узак мөөнөткө соода күчүн арттыра турганы белгиленүүдө. ТАНАПтын тейлөөгө ачылышы менен бирге биринчи этапта 1-3 миллиард долларлык үнөмдөө күтүлсө, жалпысынан алганда болсо долбоордун Түркияга кыйыр жана түздөн-түз салымынын 50 миллиард долларга жетээри билдирилди.

Түркиянын Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыштын ортосунда энергетикалык база болуу максатына болсо ТАНАП чоң потециал жаратууда. Газ өндүрүү булактарына жана булардын кардары абалындагы Европа аймагына жакындыгы, Түркияга олуттуу мүмкүнчүлүк түзүүдө. Бирок бул максатка карата өлкөнүн ичиндеги энергия берүү линияларынын тыгыздыгы жана базистик күчү маанилүү болуп саналат. ТАНАП процессинде Түркиянын орто эсеп менен 25 миллиард куб метр газ ташуу көлөмү бар бирок мунун алдыдагы жылдарда ички керектөө жана экспорт үчүн бир учурда колдонулушу өтө кыйын. Ушул себептен инфраструктура курулушунда ТАНАПтын сунуштаган мүмкүнчүлүктөрү жана ошондой эле жергиликтүү өндүрүш технологиясынын өнүгүүсү жагынан да маанилүү.

Азербайжан менен мүмкүн болуучу чыгыш-батыш газ өткөрүү түтүгүнүн келээрки жылдарда Түркмөнстан, Казакстан, Ирак, Иран жана берки Чыгыш Жер ортолук деңиз булактарынын да Батышка ташылуусунда роль ойношу күтүлүүдө. Бул болсо Түркиянын узак мөөнөттүү экономикалык жана саясий пайдаларынын маанилүү бөлүгүн түзөт.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар