Түркия жана Евразия карым-катнаштары-47

Түрк дүйнөсүндөгү кызматташуу үчүн салым кошкон ойчул Юсуф Акчура

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-47

Түрк дүйнөсүндө кызматташуу идеясына пикир базасын түзгөн ойчулдардын бири да Юсуф Акчура (Юсуф Акчурин) болуп саналат. Биз да бул жумадагы программабызда Юсуф Акчуранын пикирлерин жана учурда Түрк дүйнөсүнө кандай таасир тийгизгенин талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

1900-жылдардын башында Түрк дүйнөсүндө биримдик боюнча талкуулар жана сүйлөшүүлөр башталган бул мезгил, Батыш цивилизациясынын өсүүсүнө катарлаш түрк жана мусулман элдеринин өзүн кайрадан түзүү жана жаңылануу аракеттери башталган мезгил болуп саналат. Бул мезгилди негизи түрк жана мусулман коомчулуктар үчүн ойгонуу мезгили катары айта алабыз. Казань шаары жана чөйрөсүндө диний тармакта башталган бул ойгонуу андан соң билим берүү реформасы кыймылы (Жедитчилик) түрүндө уланып, жыйырманчы кылымдын башында болсо саясий жана улуттук иш-чаралар түрүндө чоң кыймылга айланган. 1908-жылы Стамбулда пайда болгон Жөнтүрк төңкөрүшү орусиялык түрк интеллигенттерди Стамбулга тарткан. Бул мезгилде Стамбул Орусия менен Түркстандан келген интеллигенттердин пикир борбору болгон. Осмон мамлекети менен Орусиядагы түрктөрдүн ортосундагы маданий жакындыктын артуусу жана тыгыз пикир алмашуулар ушул мезгилде болгон. Казандык, крымдык, кавказиялык жана түркстандык интеллигенттер Осмон империясынын саясий жана маданий жашоосунда маанилүү ролдорду ойногон.

Түрк дүйнөсүндө биримдик пикири дегенде алгач ойго келген ысымдардын бири да Юсуф Акчура болуп саналат. Акчура 1879-жылдын 2-декабрында Казандын Симбир шаарында жарык дүйнөгө келген. Каржылык себептерден улам жети жашында Стамбулга көчүүгө аргасыз болгон. Юсуф Акчура элүү тогуз жылдык өмүрүндө дүйнөнү чайпаган окуяларга күбө болгон түрк интеллигенти болуп саналат. Орусия түрктөрү менен тыгыз байланыштар болгон мезгилде жашап, ушул карым-катнаштардын ичинде орун алган, ал эмес көпчүлүгүндө лидерлик ролду ойногон эле. Юсуф Акчуранын интеллектуалдык өнүгүүсүндө жездеси Исмаил Гаспыралынын өзгөчө орду бар. Бул абалды Акчура да бир нече жолу айткан. Юсуф Акчура Исмаил Гаспыралыны мыкты окутуучу, ойчул жазуучу, абдан таланттуу журналист жана эч талыкпаган түрктүк кызматкери деп сыпаттаган. Юсуф Акчура түрктүктүн түндүк өкүлчүлүгүнө мүчө болушу менен берге Түштүк түрктүгүнүн маданий чөйрөсүндө жашаган адам катары өзүнүн түрктүк түшүнүгү бүткүл түрктүктү камтыган кеңдикке ээ болгон.

Акчура, 1904-жылы Крымга кайтып барганда белгилүү макаласы  «Үч стиль саясатты» жазган жана Каирде басылып чыккан Түрк гезитинде макаласын жарыялаткан. Орус падышачылыгында түрктөргө карай кысым күчөгөндө куугунтукка алынган Акчура, Осмон мамлекетинде 2-Мешрутийеттин (Монархия) жарыяланышы менен бирге 1908-жылы Стамбулга кайтып келген. Осмон империясында, түрк улутчулдугуна негизделген уюм болгон «Түрк коомунун» негиздөөчүлөрүнүн арасында орун алса, Дарүлфүнун б.а университетте да түрк саясаты- тарыхы сабактарын бере баштаган. 1911-жылдын 18-августунда Мехмет Эмин Юрдакул, Ахмет Хикмет Мүфтүоглу, Хүсейинзаде Али жана Доктор Акил Мухтар мырзалар менен бирге «Түрк аймагы жамаатын» түзүп, «Түрк аймагы» журналы аттуу летописин да чыгарткан. Бул летописте жалпысынан түрк окурмандарга Түрк дүйнөсү таанытылууга аракет кылынган. 1912-жылдын 12-мартында болсо Мехмет Эмин Юрдакул, Ахмет Ферит мырза, Ахмет Агаоглу жана Доктор Фуад мырзалар менен бирге Акчура, түрк үйүн мындайча айтканда Түрк ожагын курган.

Юсуф Акчура, Осмон империясынын курулуусун Түрк дүйнөсүндө биримдүүлүктүн негизинде көрдү. Акчуранын ою боюнча түрктөр ошол мезгилде 45-50 миллиондук калкка ээ болгон жана беш топтон турган. Алар Осмон түрктөрү, Азербайжан (Кавказ) түрктөрү, Крым түрктөрү, Шимал түрктөрү жана Шарк түрктөрү(Түркстан жана Чыгыш Түркстан). Юсуф Акчура, Түрк дүйнөсүн мындайча сыпаттаган: «Мурдагы дүйнөлүк жарым шарды элесттип көрүңүз. Ал жерде үч материк бар. Түндүк-Батышка туура келген жана жыртык чүпөрөккө окшогон жерин жыртып ыргыт. Түштүк-Батыштагы үч бурчтуу акыркы жана оор материкти да адамдардын жеңил колдору менен казган канал сызыгынан бүктөп айырып жибер. Оң жактын ылдый жагынан чубалжыган үч төрт чыгып турган жерди жонуп сал. Ошондо мурдагы дүйнөнүн чыныгы көкүрөгү калат. Мына ушул көкүрөк толугу менен Түрк жери, биздин мурасыбыз болуп саналат».  Акчуранын ою боюнча түрктөр жашаган бул аймак түрктөрдүн тарыхый мурасы болуп саналат. Бул аймакта үстөмдүк күч түрк улуту болуш керек. Тилдери, тектери, салттары, диндери бир болгон Азиянын чоң бөлүгү менен Европанын чыгышына жайылган түрктөрдүн биригүүсү, түрктөргө берки улуттардын алдында чоң мүмкүнчүлүктөрдү алып келет.

Юсуф Акчуранын пикир мурасы учурда Режеп Тайип Эрдоган, Нурсултан Назарбаев жана Илхам Алиев сыяктуу лидерлердин аракеттери менен ар кайсы эл аралык уюмдардын курамында уланып жатат. Түрк кеңеши, ТҮРКСОЙ, Түрк академиясы менен катар ар башка эл аралык уюмдар ушул багытта ар түрдүү иш-чараларды жүргүзүшүүдө.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.       



Тектеш кабарлар