Күн тартиби – 46

Утопиядан дистопияга

Күн тартиби – 46

Утопия түшүнүгүн биринчи жолу орто мектепке окуп жаткан кезде жана китеп канабыздагы энциклопедиядан үйрөндүм. Менин кызыгуумду тарткан кезде Платондун «Мамлекети», Бэконанын «Жаңы Атлантикасы», Моренин «Утопиясы», Кампанелланын «Күн өлкөсүн» изилдеп жатып таптым өзүмдү. Үй  - бүлө чоңдорунун бир аз тыюу салууга окшогон : «Бул темалар сага оор болот. Өз жашыңа ылайык китептерди оку деген эскертүүлөрү менде тескери таасир жаратып, китепкананын «илимий  - фантастика»  текчесинен Олдос Хакслинин «Тайманбас жаңы дүйнөсүн» окумуш  болгом. Албетте улуулардын айткандары туура чыкты.

Китепке болгон жеңилүүмдүн ич күйдүлүгү менен лицейде окуп жүргөн кезимде бул китепти дагы бир жолу колума алдым жана бул жолу түшүнгөнүмдү байкадым. Мезгили менен  илимий  - фантастиканын окурманы болдум. Илимий – фантастика романдарынан акыркы жолу «Кара утопия» башкача айтканда «Дистопияны» окудум деп белгилейт программанын жазуучусу.

Батыш утопиясынын баарында суук, үркүтүүчү жана караңгы бир дүйнө бизди күтүп жатат. Дистопияга караганда өндүрүш -  каржоо карым – катнашы, капитал чогултуунун методдорунун көбөйтүлүшү, технологиялык абалдар жана адам эгосу, келечек дүйнөнүн жашалгыс экендигин баяндайт.

Илимий  - фантастиканын негизги ысымдарынан Олдос Хакслиден Джордж Оруэллге чейин баарынын дистопия жана утопиясында  караңгы бир дүйнө бар. Бул утопияга караганда тыштан дайыма кол салуу болуп турат. Кол салуу болбогон учурларда да сөзсүз түрдө кол салуу үчүн даярдыктар бар. Буга тоскоол болуу үчүн таандык болгон дүйнөнү текшерүү астына алуу жана өз тартибин куруу керек. Дон Кишоттон баштап, Робинзон Крузого чейин баары өздөрүнүн жеке бийликтери болгон дүйнө курууну каалайт. Мисалы Робинзон Крузо өзү жаңы бир дүйнө куруунун артынан түшөт. Бул  утопия да тоталитардык, башка утопиялар сыяктуу. Аралды тандашы да  бийлигин бекемдөө үчүн тышкы коркунучтарга карата көрүлгөн чара. Марлоунун Фауста утопиясы аны кулоого алып барган бир дистопияга айланат. Гётенин Фаустасы да ошондой эле эгемендиктин артынан түшкөн.

Чыгыштын утопиясы болсо батыштын тескериси. Батыштагы каармандар өздөрүн эң көп тышта бар кылууга аракет кылып, чыгыштагы жеке кишилер мунун тескерисинче өзүнө кайрылып кароо. Чыгыштагы жеке кишилер өзүн  - өзү сынга алып, бар болгон турмуштун бир бөлүгү болуу аракетинде. Бирок батыш жаңылыштыкты дайыма тыштан, өзүнөн болбогондордон издеди. Ошондуктан жек көрүү кылмышы, башкалаштыруу, улутчулдук, нацизм, фашизм жана коммунизм сыяктуу адамды жокко чыгарган ойлордун баары батышта жаралган. Кыскача батыш утопиясынын жана дистопясынын негизинде «бийлик» жана «эгемендик»  бар.

Исламда да бул  жапайы ой жок. Фараби, Ибн Бажже, Ибн Рүшд ал түгүл Ибн Нефисте коомдук долбоорлор аз да болсо булар жеке кишинин өзүн өзү башкаруусу; напсине  ээ чыгуу деген мааниде. Ибн Бажжеде бул абдан маанилүү. Ибн Араби жана Садреттин Коневи да бул абалга өзүнчө бир багыт берип, ислам философиясынын  негизин түзгөн.

Эмне себептен  бул салыштырууну жасадык? Батыш дүйнөсүнө караганыбызда дайыма бар болгон коркуу жана эгемендик  оюу менен дүйнөнү канга булагандыгын көрүүдөбүз. Ашыкча ээ болуу жана эгемендикти каалоо, кайрадан батыштын күч борборун кыймылга өткөрүүдө. Европанын түндүгү менен Балкандар акыркы эки жылдан бери курал жана ок  - дары сактоочу жер болду.

АКШ дүйнөнүн бардык жерине чоң аскердик кемелерин, учактарын жана унааларын жиберүүдө. Азыркы учурда Япониядан Түндүк Европага чейин бүткүл дүйнө жарыла турган бомба болуп турат. Көпчүлүгү да биздин дос жана союздашыбыз болгон бул өлкөлөр, 60 жыл мурун бир согуштан чыкпагандай мындай абалдарга кээде үнсүз калып жатышат, кээде да себеп болушууда. Мындан бир гана досторубуз эле эмес, баарыбыз, негизинен дүйнө абдан чоң зыян тартат.

Жакынкы Чыгышты караңыздар. Бальфура декларациясынан бери бул жер бир кан көлүнө айланды. Жакынкы Чыгыш жер бетинде алакандай  жерди камтыйт, бирок 100 жылдан бери батыштык досторубуздун эсептешүү аянтына айланды. Дагы бир мисал кичинекей булуң аймагы. Бул жерде күн сайын жаңы бир саясий араздашууну чыгарууга аракет кылышууда. Бул араздашуу жана кагылышууларда эң көп зыянга учураган биз болуп жатабыз. Негизинен бир гана булуңдагы кагылышуу эмес, дүйнөнүн кай жеринде араздашуу, көз жашы жана кан болсо, биз мусулмандардын жүрөгүнө тийүүдө. Себеби биз америкалык ковбойдон, немис завод – фабрика жумушчусуна, япон балыкчыдан, чөлдө төө кайтарган, кыскасы дүйнөдөгү бардык адамдардын Адам пайгамбар жана Ева энебизден келгендигине жана бир тууганыбыз экендигине ишенебиз. Бул ишеничке ээ болгон биз, ичибизде бул дистопияга ишенгендер менен бирге алардын илхам булагы болгон батышты бир тууган экенибизге көндүрүүгө мажбурбуз. Биз,  чыгыштыктар, : «ислам маданият жана ахлагы менен жетишкен кишилер эгерде бул эгемендик жана күчкө ээ болуу үчүн дүйнөнү бөлүп  - жаргандарды токтотпосок дүйнө кайрадан канга буланат.

Бардык батыш дүйнөсүнүн саясий элиталарынан бир суранычыбыз бар : ичибиздеги караңгы сезимдердин Мефистонун да коркутуусу менен дагы да чоңоюп, бизге жана дүйнөгө эгемен болушуна тоскоол болуубуз керек. Же бир гана биз эле эмес, келечектеги муундарыбыз бул караңгылыктын туткуну болот. Бул дүйнөнүн кыяматка чейин биз инсандарга жетерине ишениңиздер.



Тектеш кабарлар