Кытайда жаңы мезгил жана Түркия-Кытай карым-катнаштары

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-45

Кытайда жаңы мезгил жана Түркия-Кытай карым-катнаштары

Кытайда жаңы мезгил жана Түркия-Кытай карым-катнаштары

Кытайдын Коммунисттик партиясынын акыркы курултайы аркылуу Кытайдын жаңы мезгилге киргенин айта алабыз. Биз да бул жумадагы программабызда Кытайдагы жаңы мезгил жана Түркия-Кытай карым-катнаштарын талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Кытай, 1 миллиард 400 миллионго жакын калкынын саны менен дүйнөдөгү калкы эң көп өлкө болуп саналат. Кытайды 98 миллион катталган мүчөсү менен дүйнөдөгү эң чоң саясий партия болгон Кытайдын Коммунисттик партиясы башкарууда. Кытайдын Коммунисттик партиясы салттуу түрдө беш жылда бир улуттук курултай өткөрүп турат. 18-24-октябрь күндөрүнүн аралыгында болсо Кытайдын Коммунисттик партиясы 19-курултайын өткөрдү. Си Цзиньпин 2300 эл өкүлүнүн добуштары менен 25 кишилик Коммунисттик партиянын борбордук комитетинде ички атаандаштарынын санын азайтып, өнөктөштөрүнүн санын көбөйттү. Си Цзиньпин Коммунисттик партиянын жол жобусуна өзүнүн атын режимдин куруучусу Мао Цзэдундун катарына удаа жаздырды. Ошол эле учурда 2013-жылы Казакстандагы бир конференцияда сунуштаган «Бир алкак-Бир жол» долбоорун да жаздырып, долбоорду Кытайдын расмий саясатына айландырды. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, өз ысымын жана долбоорлорун  партиясынын баш мыйзамына киргизип бийликтеги күчүн бекемдеди. Ушундайча Си Цзиньпиндин ысымы ал тирүү кезде конституциясына кирген болду.

Түркия менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштар 1971-жылы түзүлдү. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык эки өлкөнүн тең тышкы байланышы менен башталган, экономикалык жана саясий жактан жогорулаган 1980-жылдардан тарта жанданды. 2010-жылы «Стратегиялык кызматташтык» деңгээлине жеткирилген карым-катнаштар, акыркы мезгилде эки тараптуу жогорку деңгээлдеги сапарлардын да салымы менен ылдам өнүгүүдө.

Акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосунда тыгыз дипломатиялык байланыштар ылдамдады. Кытайлык жана түрк мамлекеттик жетекчилер бири-бирлери менен тез-тез жолугушуп турушат. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган үстүбүздөгү жылдын май айында Кытайда өткөрүлгөн «Бир алкак-Бир жол» саммитине катышты. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу болсо август айынын башында АСЕАН саммитинин жыйынынан мурда Кытайга барды.  

Учурда Түркия тышкы саясатта альтернативаларын көбөйтүүнү каалап жатат. Ушул алкакта түрк лидерлери Кытай менен карым-катнаштарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани беришүүдө. Кытайлык лидерлер да Түркияны Жакынкы Чыгышта күч борбору жана «Бир алкак-Бир жол» долбоорунда чечүүчү өлкө катары көрүүдө.

Түрк жетекчилер Түркиянын «Ортоңку тилке» демилгесинин Кытайдын «Бир алкак-Бир жол» долбоору менен эң сонун шайкеш келгенин белгилешүүдө. Анткени эки өлкө тең байыркы Жибек жолун жандандырууну каалап жатышат. Түркия Кытайдын Европа рыногуна багыт алган жолунда орун алууда. Түркиянын Кытай менен Европа рыногун бири-бирине байланыштырган глобалдык камсыз кылуучу чынжырларынын бир түйүнү/борбору абалына айланышы ага чоң пайдаларды алып келет.

Кытай Түркия үчүн Германиядан кийин дүйнөдө экинчи, Ыраакы Чыгышта болсо эң чоң соода-сатык өнөктөшү болуп саналат. Кытай 2016-жылы Түркиянын экспорт кылган өлкөлөрүнүн тизмегинде 19-орунда, Түркиянын импорт кылган өлкөлөрүнүн тизмегинде болсо 1-орунду ээледи. Албетте бул жерде эки өлкөнүн ортосунда импорт/экспорт тең салмаксыздыгы да байкалууда. 2016-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда Түркиянын Кытайга экспорту 2,32 миллиард доллар болсо, Кытайдан импорту 25,44 миллиард доллар. Бул абал эки тараптуу соода-сатыкта Түркия үчүн 23,12 миллиард долларлык уттурууга алып келүүдө. Жакынкы келечекте бул абалдын оңдолушу карым-катнаштарды дагы да бекемдеши мүмкүн.

Алдыбыздагы процессте Кытайдын өзүнө абдан ишенген жана натыйжалуу тышкы саясат жүргүүсү күтүлөт. Анткени Си Цзиньпин 18-октябрдагы көпкө созулган сөз сүйлөөсүндө, Кытайдын «чоң күч» өздүгүнө бир канча жолу шилтеме кылды. Айрыкча Кытайдын кемсинтилген күндөрү артта калганын жана  Кытайдын маданияттуу глобалдык күч катары кайрадан тирилүү убагынын келгенин баса белгиледи. Кытай, Коммунисттик партиянын 19-курултайында чыгарылган токтомдор аркылуу «чоң секирикке» даярданууда. Жаңы мезгилде өсүү деңгээли жогорулаган, дүйнө жүзүнө жайылган, күчтүү жана бай өлкөлөр менен ат салышкан, ал эмес көпчүлүгүнөн озуп өткөн, аймактык-глобалдык ролу жана таасирдүүлүгү арткан Кытайды көрө алабыз.

Түркия да батыштык шериктештери АКШ жана Европа Биримдиги менен ар кандай темада келише албай жатканда Шанхай Кызматташтык Уюмунун мүчөлөрү менен карым-катнаштарын өнүктүрүүдө. Ушул алкакта Кытайдын дүйнөлүк саясат жана экономикада басымдуулугун арттыруу саясатын жүргүзүшү, Түрк-Кытай кызатташтык долбоорлорунун көбөйүшүнө өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Батыштык шериктештери менен алакаларында ар түрдүү кыйынчылыктарды тартып жаткан Түркиянын Кытай менен экономикалык, саясий жана аскердик карым-катнаштарын күчтөндүрүүсү ыңгайлуу альтернатива болуп саналат. Түркиянын Кытай менен мамилелерин бекемдөө аракети көп полярдуу дүйнөгө шайкеш келүүнү максаттап жатат. Бул абал Түркиянын дүйнөлүк саясатта альтернативаларын көбөйтүү каалоосун чагылдырууда. Кытай менен Түркиянын ортосундагы дагы бир орчундуу тема да Кытайда жашаган уйгур түрктөрү. Кытай Түркия менен өнүккөн эки тараптуу карым-катнаштарынын негизинде уйгур түрктөрүнүн үстүндөгү кысымды эми жеңилдетиши керек. Кытай муну ишке ашырса өз ара мамилелер дагы ылдам өнүгөт жана уйгур түрктөрү эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарда чечүүчү роль ойношу мүмкүн.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар