Күн тартиби-45

Түшүнүк жоголгон заманда көңүл тилин сүйлөй билүү

Күн тартиби-45

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын «DailySabah» гезитинде 4-окбярда чыккан макаласы.

Түшүнүк жоголгон заманда көңүл тилин сүйлөй билүү

Дүйнөдөгү тилдер боюнча онлайн ресурс болгон Ethnologue интернет барагына караганда дүйнөдө 7 миңден ашуун колдонулган тил бар. Айрымдары жүз миллиондогон адам тарабынан сүйлөшүлүүдө, айрымдары болсо дагы аз коомчулуктар тарабынан сүйлөшүлөт. 23 тил болсо дүйнөлүк калктын санынын жарымынан көбүнө туура келет. Бардыгы бир максатка жана функцияга ээ болуп; адамдардын арасында ой-жүгүртүүлөрдү, түшүнүктөрдү жана сезимдерди өткөрүүнү ишке ашырат. Тилдердин абдан түрдүү дүйнөсүндө биз пикирлерибизди жана сезимдерибизди айтып, өзүбүзгө жана башка адамдарга бир нерселерди түшүндүрөбүз. Жүрүм-турумубуздун маанисин сөздөр жана сүйлөмдөр аркылуу белгилейбиз. Идеалдуу түрдө айырмачылыктарыбызды рационалдуу байланыш менен чечебиз. Бирок бир тилде сүйлөө, пикирлерибизди туура түшүндүрө алуу жагынан бизге ар дайым мүмкүнчүлүк береби?

Бир тилде сүйлөөнүн кагылышууларды жана түшүнүшпөстүктөрдү жоюуга жетпей калган учурлар бар. Мына так ушул жерде башка адам тууганыбыздын аң-сезимине жана жүрөгүнө жетүүнүн тилдик жөндөмдүүлүктөн дагы көбүнө муктаждыгыбыз болгон учур бар. Бул учур; «Бирдей көңүл тилин сүйлөшүү, бирдей тилди сүйлөшүүдөн артык» деген Мевлана Желалеттин Руми да белгилеген жагдай. Түшүнүккө толгон ойлор, канчалык тил аркылуу айтылса да, маңдайыбыздагынын жалгыз гана акыл-эсине эмес, жүрөктөрүнө да жеткенде түшүнүккө ээ болот. Ой-пикирлер, көңүл тили аркылуу айтылганда рухтарыбызда жана аң-сезимдерибизде таасир калтырат. Көңүл тили менен айтылган сөздөр бир гана башка көңүлдөн келгенде угулат. Бул мындай түшүнүктү берет-жүрөктөрүбүздү башка жүрөктөр менен сүйлөшө алышы үчүн үйрөтүүгө мажбурбуз. Мевлана, бардык адамдардын бул тилди сүйлөө жөндөмдүүлүгүнө төрөлгөндөн тартып эле ээ болгонуна ишенет.

Чындыгында исламий интеллектуалдык салт үчүн жүрөк, акыл жана интеллект сыяктуу маанилүү эпистемикалык орган болуп саналат. Жүрөк, бир гана сезимдердин жана сезүүлөрдүн орду эмес, айрыкча ой-жүгүртүүлөр, пикирлер жана түшүнүктөр сакталган жер. Заманбап философиянын чоң чыгымга учураткан жаңылыштыктарынан бири  да, бактылуу кылган жана аткарылган маалыматтын орду болгон адам жүрөгүн бир гана сезимдерге жооп берген психологиялык жөндөмдүүлүккө айланткан болушу.

Акыл жана жүрөк бири-бирилеринин душманы эмес. Тескерисинче адамдын өз аң-сезимин түзүп жана толуктап турат. Экөөнөн бирөө жок болсо адам чийки жана кем абалда болот. Акыл же логика, биздин бардык ой-жүгүртүү жана сезимдерибизди өзү жалгыз өкүлдүк кыла албайт, анткени биз «ойлонгон машиналардан» кыйла жогору турабыз. Биз, башкалары үчүн да сезген, дуба кылган, ыйлаган, жакшылыктарга бактылуу болгон, бул убактылуу дүйнөдө жашаганыбыздын түшүнүгү туурасында ойлонгон адамдарбыз.

Жүрөк, ойлонууларыбызды жана пикирлерибизди так жана логикалуу түрдө ортого салышыбыз үчүн өзү жалгыз жетиштүү болбойт. Жүрөк жана акыл-эс, экөө чогуу болгондо бүтүндөшкөн өз аң-сезимди берет бизге. Дүйнөнү бир убакта рационалдык принциптердин жана сүйүүнүн, улуу баалуулуктардын көзүнөн караган өз аң-сезим болуп саналат бул. Биз, акылыбыз жана тилибиз менен түшүнүк жаратабыз. Бирок айрыкча нерселердин табиятында мүнөздүү болгон түшүнүккө жетебиз. Нерселерге бизге бир түшүнүк бериши үчүн аң-сезимдик план менен жакындайбыз. Бирок бул да айрыкча белгилене кетиши керек, нерселер да өздөрүнөн түшүнүк жана баасы бар түзүлүштөр катары бизге көрүнөт. Анын түшүнүгүн жараткан сыяктуу эле жабуусун да чечип ачыкка чыгарабыз. Бул болсо акыл менен жүрөктүн бири-биринен пайдаланып, бизге чындык тууралуу бүтүндүк түшүнүгүн берген жер.

Мевланага кайра кайтсак; эмне үчүн көңүл тилин сүйлөшүүнү, бир тилди сүйлөшүүнүн ордуна тандады экен? Себеби жөнөкөй бирок ошончолук да терең. Бир тил дүйнөсүнө таандык адамдар ар башка пикирлерге ээ боло алышат, бирок көңүл тили майда айырмачылыктардан ашат жана адамдардын түшүнүү күчүн арттырып, түшүнүктөрүн дагы жогорку деңгээлдерге жеткирет. Бул абал бир тоонун чокусуна чыгып коктунун бир гана бөлүкчөсүн эмес толугун көргөнгө окшойт. Канчалык жогоруга чыксак, түшүнүгүбүз ошончолук тереңдейт. Жана бизге интеллектуалдык жетилгендикке, ишеничке, изгилик жана боорукердикке карай жол көрсөткөн, сиңилбеген маалымат жыйындыларына караганда бул тереңдешкен түшүнүк болот. Адамдыгыбыздын ичиндеги каухарды чыгара турган бул баалуулуктар жана принциптер болуп саналат.

Бул да бизге замансыз ырларынын көбүн белгилүү бир тилде жана белгилүү бир убакыт жана жерде жазганына карабастан Мевлананын эмне үчүн бүгүн деле дүйнөлүк кызыгууга ээ болгонун ачыктап турат. Бардык ойчулдар сыяктуу Мевлана да нерселердин жекече түшүнүктөрүнүн ары жагына өтүп алардын дүйнөлүк жана туруктуу түшүнүктөрүнө жетүүнү максаттады. Мевлана, формага караганда түшүнүктүн изин кууду, бирок муну кылып жатканда форманы да четке каккан жок. Натыйжада Мевлана эң терең түшүнүктөрдү, ыр өнөрүнүн ичинде жана көңүл буруучу аңгемелери менен айта алган акын. Ал туруктуу болгондун «түшүнүк» экенин билчү, ушул себептен да түшүнүккө көп көңүл бурду. Ошондуктан түшүнүк бизди эркин кылат.

 



Тектеш кабарлар