Батыш цивилизациясынын акыры келдиби?

Күн тартиби-44

Батыш цивилизациясынын акыры келдиби?

Батыш цивилизациясынын акыры келдиби?

Өткөн аптада Түркияда абдан маанилүү жыйналыш өттү. Жыйналыштын аты эл аралык цивилизациялар кеңеши.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын ошол жыйналышта сүйлөгөн сөзү тарыхка  катталган билдирүү болду. Бүгүнкү күндө Батыш дүйнөсү өз баалуулуктарына ээ болуу бүдөмүгүнө туш болгонунун себебинен ал сөз сүйлөөгө сереп салган эч бир батыштыкты көргөн жокмун. А бирок эртеңки күндө бул тууралуу сүйлөшүп, көп талкууларды кылып жана тексттерди жаза тургандарына шегим жок.

Түркиянын лидери Эрдоган, ойчулдардын, жазуучулардын жана философтордун иликтеши керек болгон бул цивилизация кризисин түшүндүрүүсү чынын айтсам бир жазуучу катары мени уялтты. Урматтуу Эрдоган жыйналышта кыскача буларды айтты: «Биз цивилизация күрөшүн жүргүзүүдөбүз. Цивилизациябыздын курулуусу эмес, калыбына келтирүү иш-аракетиндебиз. Цивилизациянын өзүн белгилеген ишеничтер болсо, анда биздин да айырмачылыгыбызды ортого салышыбыз шарт. Илим жана техника маанилүү болушу менен бирге ишеничке жана социалдык колдошууга кайдыгерлик кылганыңызда келип чыккан нерсенин аты биздин оюубузча цивилизация эмес. Биздин цивилизациябызда адам макулуктардын эң ардактуусу».

Бүгүнкү күндө 1950-жылдардан бери Батыш дүйнөсүнүн тилинен түшүрбөгөн глобалдык адам укуктарына байланыштуу абалдар абдан үрөйдү учурат.

Ал жыйналышта Түркиянын президенти да сөз кылды. Учурда батыштын кызыкчылыктары сөз болгондо демократия, Адам укуктары боюнча дүйнөлүк билдирүү жана укук сыяктуу терминдердин эч бир түшүнүгү, мааниси калбайт.

Мисал үчүн Ирактын түндүгүндө болгон мыйзамга жатпаган жана иллегал референдумдун артында турган батыш дүйнөсү, Испаниянын каталан аймагындагы референдумду жараксыз деп эсептөөдө. Полициянын үкөктөрдү чогултушу жана ченемсиз күч колдонуусу батыш дүйнөсү тарабынан эч көрсөтүлгөн жок.

Испаниянын жогорку сотунун каталан саясатчылар туурасында укукка жатпаган чечимдерди чыгарганына карабастан батыш дүйнөсү үн каткан жок.  Бул окуялар батыш дүйнөсүндө болуп жаткандыктан үн катпай калышы батыштын кызыкчылыктарына ылайыктуу канчалык болсо дагы...

Муну менен тим болбогон Испания өкмөтү, Каталония автономиялуу башкаруусунун өкмөтүн жоюп, эң көп 6 айдын ичинде мөөнөтүнөн мурда жергиликтүү шайлоо өткөрүлүшү чечимин чыгарды. Айтканымдай бул окуя батыштын ичинде болууда жана үн катпоо, батыштын кызыкчылыктарына төп келет.

Анда эмне болду Батышка? Римге, Сезарга, диктаторлорго, лорддорго, падыша жана канышаларга каршы чыккан Батыштын интеллигенттерине эмне болду?

Батыш же чыгыш болсун, эгерде дүйнөнүн бир аймагынын интеллигенти үн катпай жатса, же сүйлөгөнгө даай албаса, дүйнө жүзүнүн тең салмактуулугу бузулган болот. Ансыз деле ушул себептен эмеспи, Батыштын армиялары 2001-жылдан бери Жакынкы Чыгышта 4 миллиондон ашуун адамды кыргынга учуратты. Алардын 80 пайызы да аялдар, балдар, улгайгандар жана жарандар эле. Батыш интеллигенти буга каршы чыга алганда армиялары ушунчалык ченемсиз күч колдоно алат беле?

Гитлер. Муссолини, Сталин, Черчилль сыяктуу зулумдарга каршы чыккан интеллигенттердин туундуларына эмне болду?  Бүгүнкү күндө батыш дүйнөсүндө философиянын атынан канча кишиге бир нерселер болду. Бүгүнкү күндө Батыш дүйнөсүндө философиянын атынан канча киши бир нерселерди жазууда. Журнал деңгээлиндеги макалар да эки же үч жүз киши тарабынан окулууда. Бул абал адамды капага салат. Чындыгында бул адамзаттын кудуктун түбүнө түшкөнүн көрсөтүп турат.

Чыгышта да абал жыргатаарлык эмес. Пикир жараткан жазуулар батыштагыдай жаман болбосо дагы кааланган деңгээлде окулбай жатат.

Батыш адамы 1980-жылдан кийинки капитал жайылышы жана жаңы өндүрүү формасы менен маалымат жана өкмөттү издөөдөн алыстады. Адам баласы 60-жылдардагы керектөө үгүттөөлөрүн туу чокуга чыгарды. Керектеген сайын капиталдын тейлөөсүнө дагы көп убактысын сарптайт. Натыйжада популярдуу маданияттын тар калыбынын ичинде кыпчылып калды.

Батыш териштирбеген, эгемендүү түзүлүшкө багынып берген, ага ишенген коомчулуктар дүйнөсүнө айланды. Бүгүнкү күндө да Батыштын саясий бийликтеринин чыгарган чечимдери менен күн сайын Чыгышта, Жакынкы Чыгышта, Африкада миңдеген түрлөштөрү өлтүрүлүп жатканда алар куурулган жүгөрүнү колуна алып 3D кинолорду көрүп олтурушат. Бул трагедия акырындык менен аларга жакындай баштады. Бардык батыш борбор шаарлары жарандык согуш болгон өлкөлөрдүн борбор шаарлары сыяктуу коркунучтуу абалга айланды. Бул коркунучтуу трендге каршы ойчул, интеллигент намысына ээ болгон жол башчылары болбогону үчүн батыш коомчулугунун бийликтин буйрук чынжырына баш ийүүдөн башка чарасы жок.  Мунун тескерисинче Түркияда өндүргөн интеллигенттердин болушу менен катар цивилизация мистикасы  болгон Президенти да бар. Түркия Республикасынын Президени урматтуу Эрдоган, өзү катышкан бардык эл аралык саясий жана экономикалык жыйналыштарда цивилизация баса белгилөөсүн сөзсүз айтат. Эң акырында катышкан Эл аралык Цивилизация кеңешинде адамзат сүрүлүп бараткан бүдөмүккө кайрадан көңүл бурду.

Түркиянын күтүлбөгөн кийлигишүүсү менен ДЕАШ террор уюму аймагыбыздан тазаланууда. Бул канкор уюмдун финансылоочу жана колдоочулар да эми аймагыбызда мунун жашоо мүмкүнчүлүгү болбогонун көрүштү. ДЕАШтын башкаруу тобунда миңдеген батыштык бар. Бул батыштыктар террор уюму ДЕАШты Жакынкы Чыгыштан кубалагандан кийин өз өлкөлөрүнө кайтышат.

Булар өз өлкөлөрүндө олуттуу деңгээлде маселеге айланышат. Батышта саясатчылардын популисттик мамилелеринен улам көкүтүлгөн жикчилдик жана жогорулаган нацизм дароо өз балдары болгон берки террорист түшүнүктөрү менен кошулуп кыймылын кылат.

Бул кагылышуулар бүтүндөй батыш коомчулугуна жайылат. Батыш дүйнөсү чыгышта өз кызыкчылыктары сөз болгондо демократиядан баш тартканы сыяктуу террорист балдарына карай демократияны четке кагуучу жана жок кылуучу өз маданиятына кайтабы? Күтүп көрөбүз.

Ал эми батыш цивилизациясын бир жолку кыймыл менен жокко чыгаруу акылсыздык болот. Батыш дүйнөсү жаңы бир ички кагылышуунун натыйжасында глобалдык баалуулуктарга жете турганына ишенемин. Анткени цивилизация курган улуттар тарыхтын ар бир бурулушунда, тарыхый өткөнүнө ылайык мамилени көрсөтүшөт сөзсүз. Балким ал улуттардын чоң көпчүлүгү тарыхый жоопкерчилигин байкабай жатышат учурда. А бирок рефлекстик түрдө бул миссиясынын талабын орундатат.                                                                             



Тектеш кабарлар