Түркия-Тажикстан карым-катнаштары

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-41

Түркия-Тажикстан карым-катнаштары

Түркия-Тажикстан карым-катнаштары

Евразия аймагынын стратегиялык жактан маанилүү өлкөлөрүнүн бири да Тажикстан. Биз да бул жумадагы программабызда Түркия-Тажикстан карым-катнаштарын талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Тажикстан Евразия аймагындагы маанилүү өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Тажикстан Түрк дүйнөсү менен жакын байланышта болгонуна карабастан көз карандысыздыгын жарыялаган 1991-жылдан бери Түркия-Тажикстан карым-катнаштары чектелген деңгээлде уланды. Тажикстандын экономикалык шарттары, өлкөдө бир мезгилдерде болгон ички баш аламандык, Тажикстандын Орусия жана өзгөчө Иран менен абдан жакын байланыштарынан улам каалангандай деңгээлде күчтүү алака түзүлө алган жок. Бирок биринчи жылдарга салыштырмалуу учурда карым-катнаштарда маанилүү жылыштар бар.

Түркия 1991-жылдын 16-декабрында Тажикстандын көз карандысыздыгын тааныды. 1992-жылдын 29-январында болсо эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык байланыштар түзүлдү. Түркиянын Душанбедеги элчилиги 1992-жылдын 16-октябрында ачылды. Түркиянын Душанбе элчилиги Тажикстанда 1992-1997-жылдар аралыгында болгон ички баш аламандыкта да ишин улантты.

Тажикстан үчүн тышкы саясатта Иран, орток тилден улам маанилүү орунда турат. Ошондуктан Тажикстан менен Ирандын ортосунда бир гана соода тармагында эмес билим берүү жана маданий тармактарда да кызматашуулар бар. Түркия Республикасы да «Чоң студенттик» долбоорунун алкагында 1992-1993-окуу жылынан бери көп сандаган тажикстандык студентти өлкөдө жогорку билим берүү үчүн тосуп алды.

Евразия экономикалык биримдиги жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон Тажикстандын акыркы жылдарда Европа Биримдиги менен карым-катнаштары да өнүгүүдө. Учурда Европа Биримдигинин Борбордук Азияда жүргүзүп жаткан долбоор жана жардамдарынын чоң бөлүгү Тажикстанга багытталган. Европа Биримдиги менен Тажикстандын ортосунда түзүлгөн келишимдердин алкагында социалдык коопсуздук, саламаттык сактоо жана менчик сектордун өнүктүрүлүүсү пландалууда.

Тажикстан газ булактарына ээ болгонуна карабастан тоолуу аймакта жайгашканы үчүн буларды чыгарууда ар түрдүү кыйынчылыктарды тартууда. Өлкөнүн географиялык түзүлүшүнөн келип чыккан кыйынчылыктардын себебинен айыл чарба иштери да араң жүргүзүлүүдө. Бир тараптан Тажикстандын жумуш менен камсыздоо жаатында да көйгөйлөрү бар. Ошондой эле айрым социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүгө аракет кылууда. Тажикстанда түрк компанияларынын санынын жана демилгелеринин артуусу Тажикстан экономикасынын жандануусун камсыздайт. Өзгөчө акыркы жылдарда менчиктештирүү боюнча ар түрдүү долбоорлорду ишке ашырып жатат. Тажикстанда түрк компанияларынын бул темага багыт алуулары жана ушул алкакта иш жүргүзүүлөрү да Тажикстан менен Түркия үчүн пайдалуу болот. Акыркы жылдарда Түркия менен Тажикстандын ортосундагы экономикалык жана саясий карым-катнаштардын көзгө көрүнөрлүк деңгээлде өнүккөнүн жана келечекте кеңейүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин да белгилей кетели. Түркия-Тажикстан алакалары, Мевлана Желаледдин Руми сыяктуу улуу ойчулдарды да камтыган күчтүү маданий мурастын негизинде өнүгүп баратат. Учурда эки өлкөдө тең карым-катнаштардын бардык тармакта бекемделүүсүнө карата күчтүү эрктүүлүк бар.

Ушул алкакта Тажикстандын президенти Имамали Рахмандын 2012-жылдын 18-декабрында Түркия Республикасына сапары убагында карым-катнаштардын мекемелик платформага жеткирилиши максатында «Түркия Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда Кызматташтык кеңешинин түзүлүүсүнө байланыштуу биргелешкен декларацияга» кол коюлду.

Ал эми Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун 2016-жылдын 21-октябрында Тажикстанга сапары убагында Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда «2017-2020-жылдарды камтыган кызматташтык планына» кол коюлду. 2016-жылдын 21-октябрында Тажикстандын президенти Имамали Рахман тарабынан кабыл алынган Чавушоглу жолугушуудан кийин Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов менен кезикти. Бул сапардын маанилүү жактарынын бири, 8 жылдан кийин биринчи жолу тышкы иштер министри деңгээлинде аткарылган сапар болушу эле. Айрыкча ошол мезгилде Кошмо экономикалык комиссиясынын теңтөрагасы вице-премьер Йылдырым Тугрул Түркеш Кошмо экономикалык комиссиясынын тогузунчу кезектеги жыйынын өткөрүү үчүн 2017-жылдын 15-17-февралында Душанбеге сапар жасады. Бул жылыштарга кошумча түрдө эки өлкөнүн ортосунда транспорт секторунда да күчтүү кызматташуу уланып жатат. Авто жол жана темир жол транспорту жагынан маанилүү болгон долбоорлордо эки өлкө тең орун алууда. Аймактык байланыш түйүндөрүн толуктоочу ролдорду милдеттенген эки өлкөнүн, алдыдагы процессте бул тармактагы кызматташууну күчтөндүрүүсү күтүлүүдө.

Акыркы мезгилде соода карым-катнаштары да артууда. Көрсөткүчтөргө караганда Түркия Тажикстандын төртүнчү чоң соода өнөктөшү жана 2013-жылы Түркия менен Тажикстандын ортосундагы соода көлөмү 655,115 миллион Америка долларына жетти. Тажикстанда иш жүргүзгөн түрк ишканалары жалпы 50 миллион Америка доллары наркындагы  түздөн-түз капитал инвестицияларын салууда. Булардын бардыгына кошумча түрдө Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалагынын (ТИКА) Тажикстанда инвестиция жана жардам программалары да уланып жатат. Тажикстан менен Түркиянын ортосундагы алакалардын алдыбыздагы мезгилдерде белгилүү пландын негизинде жүргүзүлүүсү жана карым-катнаштардын уланышы, өз ара мамилелердин бекемделүүсүнө чоң салым кошот.

Кошумчалай кетсек Түркия менен Тажикстандын ортосунда Бириккен Улуттар Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму жана Экономикалык Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын курамында жакын кызматташуу жана эл аралык уюмдарга талапкерликтердин алкагында тилектештик бар.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 

 



Тектеш кабарлар