Түркия, Германия, Европа кайда бара жатабыз?

Күн тартиби-30

Түркия, Германия, Европа кайда бара жатабыз?

Түркия, Германия, Европа кайда бара жатабыз?

Түркия менен Европанын ортосунда ишеним, өз ара кызыкчылык, теңдик жана урмат сыйга негизделген байланыш түзүү мүмкүн жана керектүү. Түрктөр, немистер жана европалыктар акыркы убактарда акылга сыйбаган мамилелер жана жоопкерчиликсиз саясаттардан алыс туруусу үчүн абдан аракет кылуулары керек.

Түркияда апрель айында өткөрүлгөн референдумдан бир канча ай мурда башталган жана бир канча айга согулган чыңалуудан кийин президент Режеп Тайип Эрдоган Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарында жаңы барак ачуу үчүн май айында Брюсселде Европа Биримдигинин лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эрдоган айрыкча өз ара мамилелерде жаңы жол ачыш үчүн Гамбургдагы Чоң жыйырмалыктын саммитинде да немис канцлери Ангела Меркель жана европалык лидерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бирок ар ким жаңы жана дагы оң атмосферанын түзүлүүсүн күтүп жатканда, Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль өткөн жумада Түркияга байланыштуу чоң саясий өзгөрүү кылгандарын билдирди. Мындай өзгөрүү кандайча жаралды? Ага эмне себепчи болду?

Жакынкы мезгилде болгон эки окуя бул саясий өзгөрүүнүн ыктымалдуу себеби катары айтылууда. Биринчиси германиялык бир жарандын Түркияда мыйзамсыз жүрүм-турум кылганы боюнча камакка алынышы. Экинчиси болсо учурда уланып жаткан Гүленчи террор тобуна (ФЕТӨ) байланыштуу териштирүүнүн алкагында Түркияда иш алпарып жаткан немис фирмаларына карай иликтөө баштатылганы жөнүндөгү айтымдар. Ал эмес немис өкмөтү немис жарандарынын жана ишканаларынын Түркияда коопсуз эмес экенин айта тургандай деңгээлде аша чаап кетти. Бул айтымдардын бардыгы негизсиз.

Немис же башка чет элдик жарандардын Түркияга келүүлөрү же Түркия менен иштешүүлөрүнө карай эч бир коркунуч жок. Аты аталган немис жаранынын камакка алынышына байланыштуу окуя болсо мыйзамдык процесс жана жалгыз гана сот акыркы өкүмүн чыгарат. Айрыкча колубузда кандайдыр бир түрдө суракка алынган же бутага алынган немис ишканаларынан турган кара тизме да жок. Учурда Түркияда 7 миң чакты немис ишканасы кызмат көрсөтүүдө жана булардын айрымдары бир кылымдан бери Түркияда иш жүргүзүшүүдө. 15-июль төңкөрүш аракетинен кийин бир дагы чет элдик ишкана жабылган эмес же суракка алынган эмес. Жабылган ишканалар жалгыз гана ФЕТӨ түйнүнүн бир бөлүгү болгондор эле.

Түрк-немис алакалары түптүү тарыхка эгедер жана эми бул байланышты үзүү үчүн да негиздүү чындык жок. Жүз миңдеген немис жараны, туристтер жана ишкерлер Түркияга эч бир маселеге туш болбостон келип-кетип турушат. Үч миллиондон ашуун түрк тектүү адам Германиянын жарандыгын алган же мыйзамдуу жашаганга уруксат алган. Ошондуктан кайдан каралса да бул адамдарды коркунуч катары көрүү же коркунучтун ичинде экенин айтууга эч кандай негиз жок.

Канцлер Ангела Меркель башкаруучулугунда акыркы он жылдын ичинде кызматка келген немис өкмөттөрү, Түркиянын Европа Биримдигине толук мүчөлүгүнө каршы экендиктерин ачык түрдө айтып келишти. Бирок буга карабастан Түркия Германия менен ар түрдүү деңгээлдерде иштешүүсүн уланткан. Интеграция жана ассимиляция, маданий плюрализм жана Сирия согушу сыяктуу үстүндө келишпестиктер болгон берки маселелер да бар. Ошондой болсо да булардын барына карабастан Германиянын жол башчылыгында түзүлгөн «Түркия-Европа Биримдиги миграция» келишими Сирия жана аймактан Европага карай качкындардын агымын токтотууга жарады. Айрыкча экономикалык байланыштар да оор учурда жакшы жүргүзүлдү.

Бирок Германиянын 16-апрелдеги референдумга байланыштуу мамилеси күтүүсүз кадам болду. Министрлер менен катар бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясына мүчө түрк саясатчылардын Германияда жашаган түрк шайлоочулары менен жолугушуусуна тыюу салынышы түшүнүксүз болуп калды. «Каршы» акциясын жүргүзгөндөрдүн көп сандаган программа өткөрүүсүнө уруксат берилсе, конституциялык реформаны колдогондорго ошондой эле эркиндик берилген жок. Немис медиасы жана саясатчылары Түркияда чогулуу эркиндигине байланыштуу арыз-муңун айтып келишчү, бирок өздөрү өз өлкөлөрүндө Эрдогандын түрк жарандары жана мекендештери менен тынчтыкчыл жыйын өткөрүүсүнө уруксат беришкен жок.

Андан дагы жаманы мыйзамсыз террордук уюм ПККнын негизги кеңселери, жалгыз гана «каршы» акциясына колдоо көрсөтүү үчүн эмес ошол эле учурда ПККнын идеологиясын жана террористтик кыймылдарын мыйзамдаштыруунун пропагандасын кылуу үчүн да чоң залдарда митингдер менен жыйындарды өткөрүштү.

Андан башка Түркияда камакка алуу чечими чыккан ФЕТӨнүн мүчөлөрү Германияга кабыл алынды. Буга немис медиасынын олуттуу саясий анализдерди кылгандын ордуна аң-сезим ооруларына кабылган бирөөнүн баш аламандуу кыңылдоолорун элестеткен Эрдоган ооруларын да кошуу керек.

Эми болсо немис өкмөтү бул абалды Европанын калган жерлерине алып бараарын айтып жатат. Б.а Германия күчүн берки Европа өлкөлөрүнүн Түркияга каршы кыймылга өтүүлөрү үчүн колдонот. Бул чындап эле акылга сыйган саясатпы? Бул акылга сыйбаган мамиледен жалгыз гана Түркия зыян көрөт деп ойлоп жатышабы? Германия НАТОнун шериктеши жана Европа Биримдигине талапкер өлкө болгон Түркияга каршы ачык душмандыкты максаттап жатат. Ошондой эле негизги өзгөчөлүгү душмандык болгон ПКК, ФЕТӨ жана берки топторго карай Түркиянын мыйзамдуу коопсуздук санаркалоорун Германия дагы канчалык көрмөксөнгө салат? Германия же башка өлкө, эгерде Германияга каршы аесуз түрдө кол салууларды кылган көп сандаган кишиге же уюмга Түркия уруксат берсе кандай каршылык көрсөтөөр эле?

Сентябрь айында боло турган немис шайлоолорунун бул болуп өткөндөрдүн бардыгында так ролу бар экени анык. Түркияга каршы турган популизм өзү менен кошо алкоо, кызыгуу жана добушту ала келет. Андан да кызыгы айрымдары Эрдоган жана Түркияны өз ички маселелеринин багытын алмаштырып чагылдыра ала турган узак жана элестүү душман болгон «бөлөк» катары карайт. Европадагы айрым саясий чөйрөлөр күзгүдөн өздөрүнө карап жана өз көз караштары менен эсептешүүдөн алыс болуш үчүн Түркияны маселе катары карап жатышат. Апыртышкан түрк символун «варварлар» абалына айландырып ушундайча өздөрүн жакшы сезишип, күчөп бараткан чет элдикке душмандык, жумушсуздук, теңсиздик, үй-бүлө ичиндеги араздашуулар, ашкере эгоисттик, жикчилдик, гендердик теңсиздик, эл катмарларынын күрөшү, көп маданияттуулук жана бир көз караш катары Европанын башынан баштап начарлап бараткан болушу сыяктуу чыныгы маселелерден алыстаган болот.

Бирок бул жөнөкөй чындык менен беттешүүбүз керек; Түркияны душман бир «бөлөккө» айлантуу Европадагы саясий мүмкүнчүлүк издегендер жана ашкере оңчул жикчилдерге кыска мөөнөттүү жеңиш алып келиши ыктымал. Бирок бул абал Европанын өз маселелерин чечпейт дагы келечек үчүн саясий-ахлактык жол картасын да сунбайт. Болгону бир жагында Түркия жана Европа, экинчи жагында исламий жана батыштык коомчулуктардын арасындагы карым-катнаштарды ууландырган ишенбөөчүлүк сезимин тереңдетет.

Теңсиздик, адилетсиздик, терроризм, чоочундашуу жана ишенбөөчүлүк сыяктуу чечилиши глобалдык өнөктөштүк жана түшүнүктү алып келген глобалдык маселелер күчөп жаткан ушул мезгилде мындай мамиле четке кагылышы зарыл. Түркия жана Европанын ортосунда ишеним, эки тараптуу кызыкчылык, теңдик жана урмат-сыйга негизделген карым-катнашты түзүүгө болот жана ал керектүү. Түрктөр, немистер жана европалыктар акыркы убактарда акылга сыйбаган мамилелер жана жоопкерчиликсиз саясаттардан алыс туруусу үчүн абдан аракет кылуулары керек.

 



Тектеш кабарлар