Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Уюму

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-28

Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Уюму

Жакынкы өткөндө Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (КЭКУ) тышкы иштер министрлеринин кеңеши Стамбулда чогулду. Биз да бул аптадагы программабызда Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Уюму жана аймакка таасирлерин талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 36-жыйналышы 2017-жылдын 29-июнунда Стамбулда өттү. Жыйналыш убагында аймактагы акыркы абал менен катар Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун күн тартиптеги маселелерге дагы жакшы жооп бере тургандай түрдө күчтөндүрүлүшүнө карата темалар боюнча пикир алмашышты. Жыйналыштын акырында Түркия Республикасы менен Украинанын ортосунда КЭКУнун кезектешкен төрагалыгын өткөрүү-кабыл алуу аземи болду. Украинанын Карадеңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунда төрагалык мезгили 1-июлдан 1-декабрга чейин уланат. Украинанын тышкы иштер министри Павло Климкин, Украинанын төрагалык мезгилинде негизги күн тартип беренесинин Карадеңиз аймагында коопсуздук кризиси шарттарында экономикалык кызматташтыктын өнүктүрүлүшү боло турганын баса белгиледи.

Белгилүү болгондой Түркия 2017-жылдын алгачкы жарым жылдыгында КЭКУнун кезектешкен төрагалык милдетин аткарды. Түркиянын кезектешкен төрагалыгы убагында «Туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүктүн күчтөндүрүлүшү» темасы каралды. 2017-жылдын 22-майында Стамбулда Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде уюштурулган КЭКУнун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына арналган саммит өткөрүлдү. КЭКУнун экономика министрлеринин жыйналышы 11-майда Стамбулда жана ошондой эле КЭКУнун айыл чарба министрлеринин жыйналышы да 16-17-май күндөрүндө Стамбулда болуп Түркиянын кезектешкен төрагалыгынын календарынын маанилүү иш-чараларынын бири эле.

КЭКУга мүчө өлкөлөрдүн потенциалынан, географиялык жакындыктарынан, экономикалыранын бири-бирилерин толуктоочу өзгөчөлүктөрүнөн пайдаланып араларындагы эки тараптуу жана көп тараптуу экономикалык, технологиялык жана социалдык карым-катнаштарын түрлүнтүүлөрүн жана дагы да өнүктүрүүлөрүн каалайт. Ушундайча Карадеңиз аймагынын тынчтык, ырааттулук жана өнүгүүнүн аймагы болушу максатталууда. Бул максатка жетиш үчүн тандалган башкы максат болсо экономикалык кызматташтык. Башталгычта КЭКУнун максатынын Карадеңизге жээктеш өлкөлөрдүн ортосунда баскычтуу түрдө «Эркин соода зонасынын» курулуусу болгону белгиленген. Бирок андан кийинки жыйналыштарда КЭКУга «экономикалык кызматташтыктын» алкагында баа берилиши керектиги баса белгиленди. КЭКУнун негиздөөчү мүчөлөрү; Түркия, Азербайжан, Армения, Грузия, Молдова, Орусия Федерациясы, Украина, Болгария, Румыниядан турат. Андан кийин кошулган мүчөлөр болсо Албания, Сербия жана Греция.

Карадеңиз аймагы түрк тышкы саясатынын алдыңкылык берилген аймактарынан болгон Кавказия жана Балкандын ортосунда көпүрө милдетин актарат. Ушул себептен аймак тарыхта жана бүгүнкү күндө да айланасындагы өлкөлөр үчүн жогорку мааниге ээ. Түркия да бир бөлүгү болгон Карадеңиз аймагына болгон эл аралык кызыгуу бүгүнкү күндө да артууда. Түркия, КЭКУнун курулушунда активдүү роль ойноду. Түркия алгачкы күндөн бери КЭКУнун иш-чараларына активдүү катышууну камсыздады жана КЭКУнун катчылыгы да Түркияда орун алды. Айрыкча КЭКУнун алкагында так кызматташтык долбоорлорунун ишке ашырылышы үчүн иштөөдө жана КЭКУнун иш-чараларынын дагы да арттырылышы үчүн тыгыз аракет көрсөтүлүүдө.

КЭКУда башкы катчынын биринчи орун басарлыгы милдети туруктуу түрдө Түркияга берилген. 2015-жылдын июнь айынан бери бул милдетти пенсиядагы элчи Тахсин Буржуоглу жүргүзүүдө. КЭКУнун жалгыз чечим чыгуучу органы, жылда эки жолу чогулган жана бир добуштан чечим чыгарган Тышкы иштер министрлеринин кеңеши болуп саналат. Мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерин өкүлдүк кылган жана алардын атынан иш-аракетин кылган Жогорку деңгээлдеги кызматкерлер комитетинин болсо негизги милдети Кеңештин чыгарган токтомдорун жана сунуштарынын ишке ашырылышын камсыздоо жана Кеңешке сунуштарды берүү болуп саналат.

2011-жылы салына баштаган жана 2020-жылы салынып бүтүшү көздөлгөн Карадеңизди жээктей кеткен автожол болсо КЭКУнун алкагындагы эң маанилүү долбоорлордун арасында орун алган. Долбоордун алкагында Түркиянын Кара деңиз жээк тилкесинин салынышы 10 жыл мурда бүтүрүлдү. Орусия жагы болсо Сочи-2014 олимпиадаларынын алдында бүтүрүлдү.

КЭКУ, Европа Биримдиги менен кызматташтыктары чыңалган бир убакта Түркия үчүн маанилүү алтернативалардан бири. Экономикалык чоңдугу жагынан КЭКУ, ЕБ менен азырынча салыштырылгыдай абалда эмес. Ал эми КЭКУ түзүлгөн күнүнөн тарта 25 жылдан бери ЕБ моделине окшош, таасирдүү түзүлүштү өнүктүрүүдө ийгиликтүү болду.

Учурда Карадеңиз аймагынын өлкөлөрүнүн арасында бир канча саясий, ал эмес аскердик маселелер бар. Бирок КЭКУ бул маселелерден канчалык алыс кармалса ошончолук натыйжалуу иштөөсү камсыздала алат. Андан да маанилүүсү маселелердин чечилишинде КЭКУнун таасирдүү инструмент абалына айландырылышы мүмкүн. Бул үчүн оозеки саясий талаштарга кирбестен, айырмачылыктар эмес шериктештер боюнча тыгыздашып иш-аракеттерин улантышы зарыл. Чындыгында Түркиянын кезектешкен төрагалыгында жасоого аракет кылганы да дал ушул эле.

Сооданын жана инвестициялардын бекем платформада жүргүзүлө алышынын негизги шарты тынчтык жана ырааттуулук. Ушул себептен сезимтал Карадеңиз аймагынын тынчтык, ырааттуулук жана эркиндик менен өнүгүүсү мүчө өлкөлөрдүн орток максаты болушу керек.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 



Тектеш кабарлар