Күн тартиби - 29

Бардык жерде террор.

774511
Күн тартиби  - 29

Түркия республикасынын президенти Р. Т. Эрдоган батыштык борбор шаарлардын ПКК, ФЕТӨ жана солчул террордук уюмдарга колдоо беришин дайыма сынга алды. ДЕАШ террордук уюму менен күрөшүүнүн баштарында бир топ батыштык өлкөнүн чалгындоо кабарларын бөлүшүлүшүндө кызганчаактык кылышы жана өз жарандарынын бул уюмга кошулушуна мүмкүнчүлүк берген жолдорго тоскоол болбошу, Түркиянын лидери Эрдоганды кыжырдантты. Ал күндөн бери Эрдоган : «Террор  бир күн келип силерди да таасирине алат»,- деп эскертип жатты.

ДЕАШ башкаруу кадырынын көпчүлүгүнүн батыштык өлкөлөрдүн паспортторун алып жүргөнүнө карабастан Түркиянын ошол эле учурда соода, аскердик жана саясий тармакта союздашы болгон бул өлкөлөр досторунан келген эскертүүлөргө көңүл бурушкан жок. Түркия ДЕАШ менен өз жеринде, Сирия жана Ирак жана аскердик  кеңешчиси болгон бардык өлкөлөрдө күрөшүп жатат. ДЕАШ террорунда жүздөгөн жаран жана аскери шейит болду. Түркия батыштык достору тарабынан бул террор күрөшүндө көптөгөн жылдар жалгыз калды. Бул аз келгенсип ДЕАШтын башка түрү  болгон Эл аралык Фетуллахчы террордук уюмунун жаңылыш маалыматтары менен узун убакыттан бери Түркиянын ДЕАШка каршы пассивдүү кыймыл кылгандыгына ишенди. Ал түгүл кээ кээде батыштык кесиптештер медиаларында Түркиянын бул террордук уюмга колдоо бергендигине байланыштуу жалаалар  менен толгон кабарларга кол коюшту. Батыштык журналисттер бул кесиптин жүзүнө көө сүйкөгөн ал кабарлардын астына кол коюшкан учурда ДЕАШ террордук уюму Түркиянын отурукташуу жерлерине, чоң шаарларына бомбаларды таштап жаткан. Бир гана ФЕТӨ террордук уюмунун пропагандалары менен жалган маалыматтарды алышып жалаа жабылган кабарларды, макалаларды  жазган жана радио - телекөрсөтүү программаларын эфирге берген кесиптештерибиз бул террордук уюм тарабынан өлтүрүлгөн жүздөгөн күнөөсүз киши үчүн уяттары чыдайт болду бекен?

Лондондо, Парижде, Брюсселде жана башка батыш шаарларына бул кандуу уюм кол салып жатканда биз түркиялыктардын жүрөгү сыздап жатат. Түркиялык журналист жана жазуучулар катары бул террордук кыймылдарды наалаттаган жазууларды жазып, программаларды берип жаттык. Канча немис, голландиялык, бельгиялык же француз кесиптешибиз ДЕАШ, ФЕТӨ же ПКК террористтери өлтүргөн миңдеген Түркия жараны үчүн аза күттү экен? Же болбосо бул кыргындарды сындаган, каршы чыккан жазуу жазышты бекен? Бармак менен санай турганчалык  аз санда макала көрдүк десем жаңылбайм. Бирок абдан кызыктуусу ондогон батыштык кесиптештерибизди ПККнын террорчуларды жетиштирген лагерлеринде, ФЕТӨ террордук уюмунун башчысын сарайында же өз өлкөлөрүндөгү бюролорунда көрдүк аны да өз медиаларынын жардамы менен. Бир гана батыштык журналис кесиптештерибиздин эле эмес, НАТОдо, Европа Бажы Биримдигинде жана Батышка да залакасын тийгизген террордук уюмдарга каршы бирдикте күрөшкөн өлкөлөрдүн өкмөт жана мамлекет башчыларынын бул террордук уюмдарды коргоого алгандыгын көрүп  жатабыз. Бул саясатчылар түрк мамлекетинин жетекчилери менен көрүшүп, бирдикте бир столдун тегерегинде чогулгандан кийин бул террористтер менен жанаша келип жатышат. Бул эки тараптуу саясаттарды жүргүзүп жатып түрк мамлекеттик кызматкерлер менен бетме  - бет келгенден кийин түрк жаранын, түрк аскер жана полициясын өлтүргөн террористтер менен жолугушкандыгы үчүн бушайман болушат бекен? Германияны мисал катары алалы. Немис канцлери Ангела Меркель  кыйын абалда калганда Түркияга, Түркиянын лидери Эрдоганга кайрылып, колдоосун алат. Ошол эле канцлер Меркель он миңдеген бала, кары – картаң, төрөлө элек балдарды, аскерлер менен полицияларды өлтүргөн  ПКК террордук уюмуна колдоо берүүдө. Союздашы болгон түрк президенти Эрдогандын Германияда өз жарандары менен жолугушуусуна уруксат бербей жатат. Бирок ошол эле учурда он миңдеген түрк жаранынын канкору болгон ПКК шефтерине өлкөсүнүн дээрлик бардык жеринде  митинг жана пропагандаларына уруксат берүүдө. Ал түгүл өткөн күндөрдө Германияда болгон чоң жыйырмалар саммити өткөрүлүп жатканда миңдеген түрк жаранын өлтүрүү буйругун берген акыркы кылымдын эң чоң террордук организатору жана лидери Абдуллах Өжаландын портретинин ачылышына жана террорду ыйык туткан митингдин өткөрүлүшүнө урксат берди. Немис чалгындоо сервиси да даярдаган отчетунда террордук уюм ПККнын он миллиондогон евролук жардамды өз өлкөлөрүндө чогулткандыгын белгиледи.

2016 -  жылы 15 -  июль күнү 250 түрк жаранын өлтүргөн жана миңдеген кишини жаралаган ФЕТӨ террордук уюмунун мүчөсү козголоңчуларга кучак ачты. Германия  аларга мыкты турмуштук шарттарды түздү. Бүгүн болсо, Германия эккен эгининин түшүмүн алып жатат. Гамбургда  болгон чоң жыйырмалар саммитин протест кылуу шылтоосу менен ПКК, ФЕТӨчүлөр жана башка террордук уюмдар шаардын дээрлик бардык тарабын кыйратышты. АнтиФа деп аталган террордук уюм Сирияда, Иракта ДЕАШ жана ПКК менен бирдикте кыймыл кылып, Германиянын борбор шаарында мамлекеттин коргоосу астында террор жүргүзүүдө.

Түркия республикасынын лидери Эрдогандын айтканындай террор эми Европанын бардык жеринде. Эртең Европа полициясы бул террористтерге каршы кандай күрөшөрүн кызыгуу менен күтүүдөбүз. Бардык жерде болгондой эле бул террористтер Европадагы жарандардын жанына, малына зыянын тийгизет.  Эң башта АнтиФа турган ПКК, ФЕТӨ жана ДЕАШ террордук уюмдары тилекке каршы Европанын да бир чындыгы болду. Ач көздүгүнүн туткуну болгон европалык кээ бир саясатчылардын бул жаңылыштыгынын кесепетин европалык жарандар оор түрдө төлөшөт.  Эң аянычтуусу да бул жарандардын  биз сыяктуу террор менен жашоого мажбур болушу.



Тектеш кабарлар