Түрк дүйнөсүнөн кабарлар - 28

ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касеинов келерки жылы 25 -  жылын белгилей турган ТҮРКСОЙдун түрк дүйнөсүн келечек муундарга өткөрүү үчүн адабият, санат жана дипломатия тармактарында бир топ иштерди аткаргандыгын айтты.

Түрк дүйнөсүнөн кабарлар  - 28

 Түрк дүйнөсүнөн кабарлар программабызга кош келдиңиздер.

Эл аралык түрк маданят уюуму ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүйсен Касеинов келерки жылы 25 -  жылын белгилей турган ТҮРКСОЙдун түрк дүйнөсүн келечек муундарга өткөрүү үчүн адабият, санат жана дипломатия тармактарында бир топ иштерди аткаргандыгын айтты.

ТҮРКСОЙдун башкы катчылыгында өткөрүлгөн Медаль тапшыруу аземи жана Нурсултан Назарбаевдин "Улуттук аң  - сезимдин өнкүтүрүлүшү манифестти» жана түрк академиктеринин милдеттери конференциясына Анкарадагы көп сандаган чет элдик миссиянын өкүлү, дипломат, илимпоз жана журналист катышты.

Баш катчы Касеинов аземдин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын өткөн жылы көз карандысыздыктарынын, бул жылы да дипломатиялык карым – катнаштарынын 25 -  жылын белгилегендигине көңүлдөрдү бурду.

Мамлекеттер үчүн узун жыл болбогон  25 жылдык убакытта түрк дүйнөсүнүн жарык келечеги үчүн маанилүү кадамдардын ташталгандыгын билдирген Касеинов : «Карым – катнаштардын күчтөнүшүнө баары маанилүү салым кошту»,- деди.

Түрк республикаларына ТҮРКСОЙго берген колдоолорунан улам рахмат айткан Касеинов : «Бул колдоолор, аймактагы бардык илимпоздорубуздун арасында достук жана бир туугандык байланыштын курулушуна себеп болду»,- деди. Казакатандын Анкарадагы элчиси Абзал Сапарбекулу да ТҮРКСОЙ өткөргөн медаль таршыруу аземи жана конференциянын аймак мамлекеттери үчүн чоң мааниге ээ экендигин айтты.

Сапарбекулу ТҮРКСОЙдун маданият тармагында аткарган иштери менен эми бир гана түрк дүйнөсүндө эле эмес, бүткүл дүйнөдө таанылган эл аралык мекеме болгондугун баса белгиледи.

Гази университитнин түрк тили жана адабияты бөлүмүнөн эс алууга чыккан профессор А. Б. Эржүласун Нурсултан Назарбаевдин март айында ортого салган "Улуттук аң – сезимдин өнүктүрүлүш манифестти" проектисинин коомчулуктун аң  - сезиминин модернизациясы жактан абдан чоң мааниге ээ экендигин айтты.

Назарбаевдин саясий реформа жана экономикалык заманбапташуу проектилерине кошумча катары коомчулуктун аң  - сезиминин модерндешүүсүнө алдыңкылык бергендигине көңүлдөрдү бурган Эржүласун Назарбаевдин : «Аң – сезим иштен мурда турушу керек. Иштен мурда аң  - сезим заманбапташып жаңыланышы керек»,- дегендигин эске салды.

Андан кийин Ататүрк тил, тарых жогорку мекемесинин төрагасы профессор Деря Өрс, Түрк тарых мекемесинин төрагасы профессор Рефик Туран жана Түрк дүйнөсүн иликтөө фондунун төрагасы Көзхан Язган да болгон көп сандаган илимпоз жана жарандык коому мекемелеринин өкүлдөрүнө медалдар тапшырылды.

Кезекте Өзбекстандан бир кабарыбыз бар. Түрк дарыгерлер Өзбекстанда 70тен ашуун өзбек орулууга операция жасайт.

Өзбекстан  - Түркия саламаттык сактоо жумалыгынын негизинде Өзбекстанга келген түрк дарыгерлер 70тен ашуун өзбек орулууга жүрөк – тамыр, ортопедия, урология жана аял оорулары сыяктуу тармактарда операция жасашат.

Түркия жана Өзбекстан саламаттык сактоо министрликтери Түрк Кызматташтык жана Координация Агентиги башкармалыгынын колдоосу менен Ташкентте 4 -  Өзбекстан  -  Түркия саламаттык сактоо жумалыгы өткөрүлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин тышкы карым -катнаштар жана Европа Биримдиги боюнча башкы директорлугунун эл аралык саламаттык сактоо саясатынын төрагасы жана саламаттык сактоо жумалыктарынын координатору Селами Кылыч Ташкент балдар оорулары ооруканасында өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөдү.

1999 -  жылы Түркиянын Өзбекстандын көз карандысыздыгын кабыл алган өлкө болгондугун айтакан Кылыч Түркиянын бир тууган Өзбекстан менен карым – катнаштарын ар тармакта өнүктүрүүгө маани бергендигин, түрк жана өзбек калктарынын арасындагы карым – катнаштардын өнүктүрүлүшү тууралуу эркин ортого салгандыгын баса белгиледи.

Эки өлкөнүн арасындагы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыктын 1997 -  жылы Түркия жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн арасында кол коюлган саламаттык жана медициналык тармактардагы кызматташтыкка байланыштуу келишимдин негизинде өнүккөндүгүн белгилеген Кылыч өткөн жылдын октябрь айында өткөрүлгөн Өзбекстан  -  Түркия саламаттык сактоо жумалыгынын негизинде түрк дарыгерлеринин 381 орулууга консультация берип, 139 орулууга операция жасагандыгын жана 165 өзбек саламаттык сактоо кызматкерине да билим бергендигин билдирди.

Кылыч Өзбекстан  - Түркия саламаттык сактоо жумалыгынын негизинде эки өлкөнүн дарыгерлеринин арасындагы достук жана бир туугандык байланыштардын дагы да күчтөнөрүн, эки өлкөнүн ортосундагы маалымат жана тажрыйбаларды бөлүшүүнүн артаарына ишенгендигин айтты. Ташкент балдар оорулары ооруканасынын башкы врачы Гулирано Усманова да түрк дарыгерлерге өзбек оорулуулардын дарылануусуна жана өзбек саламаттык сактоо кызматкерлеринин билим алышына салым кошуу үчүн рахмат айтты.

Программабызды Казакстандан бир кабар менен аяктайбыз. Түрк дүйнөсү Астанада музыка фестивалында жолугушту. Казакстандын борбор шаары Астанада уюштурулган 10 -  Эл аралык Астана Аркау түрк дүйнөсүнүн салттык музыка фестивалына Түркия, Казакстан жана Азербайжан менен бирге биринчи жолу авшар жана салар түрктөрүнөн өнөрпоздор катышты.

Астана опера жана балет театрындагы фестивалда түрк дүйнөсүнөн сахнага чыккан өнөрпоздор улуттук музыкалык аспаптары менен салттык музыкаларын аткарып ырларын ырдашты.

Фестивалдын продюссери Аскар Умаров салттык түрк музыкасын Астанада таанытууну каалашкандарын айтты. Умаров : «Музыка элдерди бириктирген окшошу жок, ыйык тил. Бардык музыкалар орток текке ээ. Бул жылы фестивалга биринчи жолу авшар менен саларлар да катышты. Саларлар Кытайдан келди. 100 миң калктуу жана огуз диалектисинде сүйлөшөт. Авшарлар Түштүк Ирандан келген түрк тектүү этникалык топ»,- деди. Умаров фестивалга катышуунун жыл сайын арткандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар