Кутубузга кат келди-6

Кутубузга келген азил-тамашалуу эскермени тартуулайбыз.

Кутубузга кат келди-6

Урматтуу окурмандар, мурдагы программаларыбызда белгиленибиз сыяктуу «Түркия үнү» радиосунда угармандар сиздерден келген каттарды кайра сиздерге жана башка угармандарга угузуучу «Кутубузга кат келди» аттуу программабызды улантабыз. Бул программага угармандар өздөрүнүн каалоо-тилектерин, эскермелерин, Түркия тууралуу эсинде калган окуяларын жаза алышат. Жакшы көргөн түркчө ыры болсо ошол ырды да угузганга аракет кылабыз.

Анда , бүгүнкү программабызды баштасак, Түркия мамлекеттик радио теле каланы-ТРТ менен Кыргызстандын коомдук теле радио каналы-КТРКнын ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында ТРТга  КТРКнын журналисттери тажрыйба алмашууга келип турушат. Ошолордун арасынан 1-Радионун  кызматкери Сагынбек Абдыкалыковдун эскерме- аңгемесине орун беребиз.

«Суунун баркын Стамбулдан билгенбиз. 2014-жылдын февраль айы болчу. Жетекчилик мени менен кесиптешим Бозулан Ысаковду Турцияга тажрыйба алмашууга барасыңар деп жолдомо берди. Бир күн алдын ала даярдандык. Үйдөгулөр мага эттүү, майлуу кылып палоо басып, контейнерге салып коюшту. Сууну болсо жолдон сатып алмак болгом. Тилекке каршы, коопсуздукту сактоо максатында самолетко суу алып кирүугө болбойт деп калышты. Мейли, Стамбулдан суу ичээрбиз дедик. Стамбулга жетип, Сабиха Гөкчен аэропортуна кондук. Ал жерде иш такыр башкача болуп чыкты. Иче турган жарым литр суу биздин акча менен 75 сом экен. Анын үстүнө акчаларынын курсун бизбейбиз. Долларды алмаштыралы десек же тилди билбейбиз. Башка жердин ити да башкача үрөт, деп бекер айтылбайт турбайбы. Крандан чыккан сууга хлор сыяктуу бир нерсе кошулат экен. Ага кол жууса болот, бирок ичкенге болбойт. Жагымсыз, такыр башкача жыт келип турат. Ошондо тоодон шылдырап аккан булактын мөлтүр кашка суусунун баркын билдик. Стамбулдан Анкарага учмакпыз. Самолетту бери дегенде беш саат кутүүгө туура келди. Курсак ачканда баягы мага жасап берген палоону Бозулан экөөбүз жедик. Суусадык. Ал аз келгенсип самолетту дагы кутүу керек эле. Мүмкүн бирөөлөр кечүу таппай жатышкан чыгар деп койдум ичимден. Бирок жүз элүү сомго бир литр суу сатып алгыбыз келген жок. Буга көнбөптурбүз. Бир топ убакыттан кийин Анкарага уча турган самолетко түштук. Бизди аеропорттон Турциядагы кыргыз редакциясынын жетекчиси Алмазбек Асанбаев тосуп алды. Мейманканага барганда сыпаакерчилик үчун бир стакандан чай берди. Бирок он-төрт, он беш саат жол жүрүп, суу ичпеген биз үчун бир стакан чай жумурубузга жук да болгон жок. Чайды ичкенде ого бетер суусадык. Уялбай эле дагы сурадык. Дагы бир стакандан чай берди. Ал да аз болуп калды. Дагы сурандык. Булар төө болуп калышканбы деп ойлоштубу, бир чайнек чай алып келишти. Аны да бат эле ичип бутурдүк. Дагы эле ичким келип жатты. Бирок дагы сурагандан уялдым. Жатаканага барганда диспенсерде толтура суу куюлуп туруптур. Бозулан экөөбүз муздак суудан дагы ичтик. Ошондо аккан суунун баркы жок деген макалдын маанисин тушүнгөм. Көрсө суу аккан байлык турбайбы. Бизде айрым учурда сел жүрүп кетет. Байлык болчу каражат зыян алып келгендигине ичимден сыздап калам. Сууну башкара билүу адамзаттын милдети. Азыр бир тамчы сууну коромжу кылгым келбейт. Муну мекенибиздин ар бир адамы тушунсө кана». Сагынбек Абдыкалыков.

Дагы бир кошумчалай кетчү нерсе, Сагынбек мырза Айыл чарба боюнча программа алып барат. ТРТга келгенде чөп чай ичип көрүп абдан жактырып калат. Ал чайдын аңгемесин кыстара кетсек; Рая Нургазиева айым КТРКдан ТРТга келгенде жанына дары чөптөрдөн ала келиптир. Ал ТРТнын конок үйүндө чай демдей албай жатам, эми кантем?-деп калды. Анда бул жакка кабинетке алып келиңиз, бул жакта демдеп көрөлү дедим. Эртеси күнү алып келди. Демдеп ичсек абдан жагымдуу чөп экен. Бизге жакты. Кайдан алдыңыз эле дедим. Рая айым Бишкекте Дүйшөн Чомоуулу деген табып бар. Анын дары чөп саткан дүкөнү бар деди. Анда бул чайга «Чомо чайы» дейли деп койдум. Ошентип «Чомо чайы» деп аталып келгендерге чомо чайынан демдеп берип жүрдүк. Андан соң Сагынбек Абдыкалыков менен Бозулан Исаков ТРТга келишти. Аларга чомо чайдан демдеп берсек, Сагынбек мырзага абдан жагып калды. Бир ай бою ошол чайдан демдетип ичип жүрдү. Бир күнү менден жана кесиптешим татар редакциясынан Сагит Хайриден чомо чай тууралуу кыскача интервью алды. Сагит мырза да ушул убакка дейре Чомо чайын жактырып ичип келет. Сагынбек мырза Кыргызстанга барганда Дүйшөн Чомоуулун таап ал киши менен маек куруптур. Ал кишиге чөп чайыңыз Анкарада таанылып жатат деп айтыптыр. Ал киши да кубанганынан бир баштык чөп чайын Сагынбек мырзага берип Анкарага берип жиберүүсүн өтүнүптүр. Сагынбек мырза да кийинки келгендерден бир баштык дары чөптү Дүйшөн Чомо уулунан алдым деп берип жибериптир. Сагынбек мырза андан соң бир академикти таап ал кишиден чөп чайлардын пайдалары жөнүндө баарлашуусун жаздырып алыптыр. Бул маектердин баарын кошуп дары чөптөрдүн пайдалары жөнүндө радиоуктуруу түзүп. Аны обого чыгарган экен. Кийин угуп биз да кубандык. Сагынбек мырзанын мына ушундай күжүрмөндүк жайы бар.



Тектеш кабарлар