Түркия жана Евразия карым-катнаштары-19

ЕККУнун Түркиядагы референдумга байланыштуу отчету: айтымдар жана чындыктар

729140
Түркия жана Евразия карым-катнаштары-19

Түркияда конституциялык өзгөртүүгө карата 16-апрелде референдум өткөрүлдү. Референдумдан кийин Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) элдик добуш берүүгө байланыштуу отчетун жарыялады. Биз да бул жумадагы программабызда ЕККУнун отчетундагы айрым айтымдарды жана чындыктарды талдап беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Баш мыйзам менен аткаруу бийлигиндеги эки тема Түркиянын көптөн бери талкууланып келген эң негизги маселелеринин бири эле. Түркия 16-апрелде буга байланыштуу референдум өткөрдү. Референдумдан кийин Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму элдик добуш берүү туурасында өз отчетун жарыялады. Отчет көбүнчө чындыкка жатпаган айтымдардан турат. Отчеттун жазылышы жана айтымдар ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмга жарашпайт.

Референдум үчүн ЕККУ Түркияга 73 байкоочу жөнөттү. Көз карандысыз жана тарапсыз болушу керек болгон байкоочулар бул өзгөчөлүктөргө төп келген жок. Германия жараны Андрей Хунко, Испания атуулу Лорена Лакалле, Австрия жараны Зарифе Яткын сыяктуу байкоочулардын террордук уюм ПКК колдоочусу болгону жана референдум үгүттөөлөрү убагында «каршы» акцияларына активдүү катышкандары көрүлдү. ЕККУ тарабынан даярдалган отчетто, жалгыз гана «каршы» акциясын жүргүзгөн саясий партиялардын жүйөлөрү бар. ЕККУнун отчетун окуганыңызда мунун маргиналдык топтор тарабынан жазылгандыгын ачык түрдө түшүнөсүздөр.

ЕККУнун айтымдарына караганда референдумдун негизги темалары жөнүндө шайлоочуларга калыс маалымат берилген жок жана бейөкмөт уюмдарынын катышуусу мүмкүн болбоптур. Бул туура эмес. Анткени ушул сыяктуу шайлоолордо калыс маалымат берүү милдети мамлекеттин эмес жарандык коомдук уюм же басма сөз органдарыныкы болуп саналат. Түркиянын мамлекеттик органдары бул темадагы аракеттерге бөгөт болгон жок жана тарапсыз медиа үчүн ыңгайлуу чөйрөнү жаратты. Мисал үчүн Түркиядагы күчтүү жана белгилүү бейөкмөт уюмдарынын бири болгон Түркиянын адвокаттар биримдиги «каршы» добушу үчүн жалпы өлкөдө активдүү акция жүргүздү. ЕККУнун айтымдарына караганда Түркияда шайлоо мыйзамдары, эл аралык байкоочу жана партиялар менен байланышы болбогон жарандардын байкоо салышына жол бербейт. Бул негизсиз айтым болуп саналат. Анткени мыйзамда ушул сыяктуу тыюу салуу же чектөөлөр жок. Учурдагы шайлоо мыйзамдары жана Жогорку шайлоо кеңешинин токтомдорунда, партиялар менен байланышы жоктордун добуш берилген жерлерге баруусу, үкөк кызматкери катары кайрылуусуна бөгөт болгон түзөтүү жок. Эл аралык көзөмөлдөө миссиясы экени ачык айкын көрүнүп турган ЕККУнун байкоочулары тарабынан ушундай айтымдардын айтылышы тилекке каршы манипуляция максаттуу...

ЕККУнун дагы бир айтымына караганда медиада жалгыз бир тарап басымдуу түрдө орун алды жана медиага карай чектөөлөр шайлоочулардын көпчүлүктүн пикирине ээ болушуна бөгөт болду. Бул да туура эмес. Анткени ондогон жогорку тираждуу гезит жана ондогон чоң телеканалдар «каршы» акциясына кеңири орун берди жана берүүлөрүн активдүү жүргүзүштү. Айрыкча Европа менен катар Батыш медиасынын дээрлик бардыгы «каршы» акциясын жүргүзүп, Европадагы түрк шайлоочуларын таасирлентүүгө аракет кылды жана кысым көрсөттү.

ЕККУнун дагы бир айтымына караганда референдумда сунушталган өзгөртүүлөрдүн эч бири шайлоо бюллетенинде орун албаптыр, шайлоочулардан жөн эле «макул» же «каршы» деши талап кылыныптыр. Бул айтымдар менен бирге ЕККУнун Еврропа Биримдигинин шайлоо ишке ашырууларынан кабары жок экенин көрдүк. Анткени Европа Биримдигине мүчө көптөгөн өлкөдө өткөрүлгөн референдумдарда шайлоочуларга «макул» же «каршы» дегенди тандашы сунушталат. Бул ыкмага плебисцит деп айтылат. Өзгөчө конституциялык референдумдарда плебисцит ыкмасы кеңири колдонулат. ЕККУнун бул сындоосунун жакшы ниеттүү эмес экени ачык айкын. Себеби референдум пакети төрт ай мурда Түркия Улуу Улуттук Жыйынына сунушталган жана парламентте кабыл алынгандан кийин дээрлик күн сайын бардык платформада талкууланды.

ЕККУнун дагы бир айтымына караганда референдум негизги эркиндиктерге чектөө коюлган Өзгөчө кырдаал учурунда өткөрүлдү. ЕККУнун бул айтымдары да чындыкка жатпайт. Баса бегилей кетчү нерсе Өзгөчө кырдаал бардык демократиялык укуктук тартиптерде орун алган жана зарыл болгон учурларда ишке ашырылган башкаруу ыкмасы болуп саналат. Мамлекеттин демократияга коркунуч туудурган жагдайларга каршы коомдук тартиптин сакталышы, негизги укук жана эркиндиктердин ишенимдүүлүгүнүн корголушу үчүн керектүү мыйзамдык чараларды көрүүгө укугу бар. Түркия Республикасынын башынан өткөн төңкөрүш аракети жана ПКК/ДЕАШ/ФЕТӨ сыяктуу террордук коркунучтар Өзгөчө кырдаалды киргизүүгө мажбур кылууда. Өзгөчө кырдаал адамдардын күнүмдүк жашоосуна терс таасир тийгизбейт, бир гана терроризмге каршы күрөшүү максатында ишке ашырылууда. Өзгөчө кырдаалдын алкагында адамдардын шайлоо же шайлануу укугу менен катар саясий укуктарына кандайдыр бир чектөө коюлган жок. Экинчи жактан Францияда бешинчи жолу жарыяланган жана 2017-жылдын 15-июлуна чейин улана турган Өзгөчө кырдаал убагында өткөрүлгөн жана өткөрүлө турган шайлоолорго карата ЕККУ кандайдыр бир тынчсыздануусун сөз кылбастан Түркияга байланыштуу тынымсыз өзгөчө кырдаалды күн тартипке коюшу жаман ниеттүү мамилесинин көрсөткүчү болуп эсептелет.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар. 

 



Тектеш кабарлар