Референдум демократия үчүн жеңиш

Күн тартиби-18

Референдум демократия үчүн жеңиш

Түркияда өткөн айдын ичинде тарыхый референдум өткөрүлдү жана 85 пайыздык рекорддук катышуу болгон элдик добуш берүүдө президенттик система менен бирге Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушу 51,4 пайыздык «макул» добушу менен кабыл алынды. Бул элдик добуш берүүнү өзгөчө кылган нерсе, Түркиянын заманбап тарыхында биринчи жолу төңкөрүшчүлөр эмес, эл өзү өлкөнүн кайсы система менен башкарылышына чечим чыгарганы болду.

2019-жылдын ноябрь айында күчүнө кире турган жаңы башкаруу системасы, алсыз коалициялык өкмөттөрдү жоюп Түркиянын демократиясын дагы да бекемдейт жана башкарууну күчтөндүрөт. 1960-жылдан бери кеминде төрт өкмөт армия тарабынан бийликтен кулатылды. Аскердик режимдер тарабынан долбоорлонгон парламенттик системада, кыска мөөнөттүү коалициялык өкмөттөр мурда саясий аренаны бөлүктөргө бөлүп экономиканы жана саясий мекемелерди начарлатып, аскердик кийлигишүүлөрдүн жолун ачаар эле.

Жаңы башкаруу системасы менен бирге Түркия Республикасынын Президенттери аткаруу бутагынын башында турат жана бийликке келүүсү үчүн элдин көпчүлүгүнүн колдоосун алуусу керек. Мунун негизинде жаңы система, төңкөрүшчүлөрдүн эл шайлаган  жетекчилердин укуктарын ээлеп алуусуна бөгөт болот. Жаңы система аткаруу бутагынын ыйгарым укуктарын арттырса, Парламентке да мурда болбогондой айрым укуктарды берет. Тарыхта биринчи жолу эл өкүлдөрү президенттин иштерин суракка ала алат жана президентти бийликтен кетирүү үчүн мөөнөтүнөн мурдагы шайлоону сунуштай алат. Б.а Түркиянын жаңы башкаруу системасы президенттин ыйгарым укуктарына чектөө коюучу механизмдерди да камтууда.

Акыркы күндөрдө добуш берүү темасында көп сандаган кутум теориясы жаратылды. Дагы бир жолу жеңилүүгө учураган оппозициячыл партия, колунда эч кандай дадили жок эле референдумдун жыйынтыгынын улуттук эрктүүлүктү чагылдырбагынын айтып чыкты жана кайрадан өткөрүлүшү талабы менен Жогорку шайлоо кеңешине кайрылды. Негизги жүйөлөр үкөк кызматкерлеринин бюллетендерге мөөр баспашынын добуштарды жараксыз деп табаары жөнүндө эле. Ушул эле партия 2015-жылдагы шайлоодо үкөк кызматкерлеринин жаңылыштыктары добуштардын жараксыз болушуна алып келбей турганы боюнча Жогорку шайлоо кеңешине кайрылган болчу. Жогорку шайлоо кеңеши 1984-жылдан бери көп жолу болгондой эле 2015-жылы да башкы оппозициячыл партия менен бирдей пикирде эле.

Ар бир шайлоо участкасында эки тараптан тең өкүлдөрдүн орун алганын ойлоп көрсөк, бурмаланышы мүмкүн эмес. Ал эмес оппозициячыл партиялардын өкүлдөрү көп жолу мөөрсүз бюллетендерди кабыл алган болчу.

Экинчи тараптан эл аралык байкоочулар Түркия саясаты боюнча бир жакты жакташты жана жарыяланган отчеттор, «каршы» акциясын жүргүзгөндөр менен дүйнөлүк басма сөз тарабынан референдумдагы легалсыздыктын далили катары көрсөтүлгөн. Эл аралык байкоочулардын Түркия жана Европа Биримдиги тарабынан террордук уюм катары кабыл алынган ПККнын желектери менен түшкөн фотосүрөттөрү социалдык медиа тармагында ортого чыкты.

Бул көрүнүштөрдүн бардыгына карабастан, конституциялык салты 19-кылымдын ортолорунда негизделген Түркия, дагы да күчтүү жана дагы да бекем демократияга карай чоң кадамдарды таштады. Эми алдыбыздагы оор маселелерге багытталышыбыз керек.

Референдумдун алдында Түркиянын Европа Биримдиги менен болгон алакаларынын келечегине байланыштуу маселелер күн тартипке коюлду. Айрым Европа өлкөлөрү, түрк министрлеринин Конституциялык өзгөртүүнү жактаган чет өлкөдөгү түрк шайлоочулары менен жолугушуусуна бөгөт болсо, ПККнын мүчөлөрү менен катар «каршы» акциясын жүргүзгөндөргө ачык колдоо көрсөтүштү. Булардын бардыгы Брюсселдин Түркияга болгон ишенимдүүлүгүн азайтты.

Референдум өткөрүлгөн күндөн бери болсо Европадагы радикалдык улуттук кыймылдар, түрк жарандарына өлкөңөргө кайткыла деп жатышат. Бул болсо материктин келечектеги багыты жагынан суроо туудурууда. Европалык лидерлер өздөрүнөн НАТОнун эң чоң экинчи армиясына эгедер Түркия менен байланышын үзүп же үзбөй турганын сурашы керек. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган белгилегендей Брюсселдин Түркиянын мүчөлүк процесси темасына чынчыл мамиле кылышын каалайбыз. Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда кол коюлган баш калкалоочулар келишиминен кийин европалык лидерлер өз милдеттерин аткарышкан жок. Буга карабастан түрктөр үч миллион сириялыкты багып жатышат. Түркия улуттук кирешесинен гуманитардык жардамга үлүш бөлгөн өлкөлөрдүн тизмесинде да биринчи катарда турат.

Экинчи жактан алып карасак түрк аскердик бөлүктөрү Эркин Сирия армиясы менен координациялуу түрдө эки миң чарчы километрдик аянтты ДЕАШ террористтеринен тазалады. Түрк армиясы тарабынан машыктырылган ыктыярдуулар күчү болсо Ирактын Мосул шаарында ушул эле ДЕАШка каршы күрөшүүдө. Жакынкы Чыгышка тынчтык жана ырааттуулуктун алып келиниши темасында досторубуз менен шериктештерибиз Түркиянын убадаларына ишенсе болот.

Конституциялык реформа жөнүндө добуш берген түрк эли, өлкөнүн алсыз, кыска мөөнөттүү жана күчсүз коалициялык өкмөттөр тарабынан башкарылышына бөгөт койду. Ушул сыяктуу башкаруулардын айынан 1970-жылдан 1990-жылга чейинки мезгилде экономикалык төмөндөө болгон.

Ар бир өлкө өзүнө таандык ар кандай кыйынчылыктарга туш болот жана андан сабак алат. Түрк эли үчүн 20-кылымдын эң негизги сабактарынын бири, саясий ырааттуулуктун өсүп-өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү экени чындыгы. Миллиондогон түрк өлкөнүн келечегин коргой турган реформа үчүн өз добушун берди.

 



Тектеш кабарлар