Түркия жана Евразия карым-катнаштары-16

Түркия менен Кытайдын Түркстанга багытталган коомдук дипломатиялык иш-чаралары

Түркия жана Евразия карым-катнаштары-16

Коомдук дипломатия Түркстан аймагында тышкы саясаттын негизги булагы болуп саналат. Биз да бүгүнкү программабызда Түркия менен Кытайдын Түркстанга багытталган коомдук дипломатиялык иш-чараларын салыштырып беребиз.

Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Кытай Түркстанды тарыхый таасирдүүлүк тармактарынын бири катары эсептейт. Экономикасы менен катар энергетика муктаждыгы да ылдам өскөн Кытай үчүн Түркстан ошол эле учурда (өлкөнүн башытышында жайгашкан Чыгыш Түркстан менен чек аралаш болушунан улам) коопсуздук саясаттары жагынан да маанилүү. Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында Кытай менен Орусия жалпы Түркстан саясатын жүргүзүп жаткандай көрүнүүдө. Бирок эки өлкөнүн ортосунда олуттуу экономикалык үстөмдүк таймашы бар.

Түркиянын аймакка багытталган саясаты, аймак өлкөлөрүнүн көз карандысыз, саясий жана экономикалык ырааттуулукка эгедер, өз араларында жана коңшулары менен кызматташкан, эл аралык коомчулук менен бүтүндөшкөн жана демократиялык баалуулуктарды жактырган мамлекеттер катары өсүп-өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүдө. Түркия бул саясаты менен аймак өлкөлөрүнүн негизги өнөктөшүнө айланды. Түркиянын аймакка багытталган коомдук дипломатиялык иштери маданият, билим берүү, медиа жана өнүктүрүү жардамдарына басым жасалган. Ушул алкакта ташталган алгачкы кадамдардын бири 1993-жылы Эл аралык Түрк маданияты Уюмунун (Түрксой) түзүлүүсү болду. Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен катар Түндүк Кипр Түрк Республикасы мүчө өлкөлөр, ошондой эле Орусия Федерациясына караштуу 6 автономдуу аймак жана Молдовага караштуу Гагаузия да байкоочу өлкө сыпаты менен ТҮРКСОЙго мүчө.

Кытай бул аймакта жумшак күчүн курууга аракет кылууда. Кытайдын Түркстандагы кызыкчылыктарын коргош үчүн ишке ашырган саясий иштери болсо, Шанхай Кызматташтык Уюму, аскердик машыгуулар, террорго каршы биргелеше күрөшүү, чек ара аймактарына карата соода-сатык, Борборук Азияга негизделген Эркин соода тармагы жана Жаңы Жибек жолу долбоору болуп саналат. Кытайлыктар тарабынан курулган газ куурлары Түркстандын аймактык интеграциясына колдоо көрсөтсө, бул жердеги мамлекеттердин эгемендүүлүгүнө карата түздөн-түз коркунуч жаратууда. Казакстан менен Түркмөнстан, Кытайдын мунай зат жана газ куурларынын негизинде Москвага болгон көз карандылыгын азайтты. 2020-жылдан тарта Кытай Түркстан аймагынан чыккан мунай зат жана жаратылыш газынын эң чоң кардары болушу күтүлүүдө. Кыргызстанда Кытайдын каржылоосунда курулган мунай зат иштетүүчү ишкана да Орусиянын күйүүчү майына болгон талабын азайтышы күтүлүп жатат.

Коомдук дипломатия термининде пропагандалык ыкманы кылган Кытайдын бул тармакта алдыңкы мекемелери Мамлекеттик Кеңешинин маалыматтык кеңсеси жана ХАНЬБАН (Эл аралык Кытай тили кеңеши) болуп саналат. Ханьбан Конфуций институтунун да башкы борбору катары ишин алып барууда. Ал жерлерде кытайча билим берүү жана Кытай маданиятынын таанытылышына карай иш-чараларды жүргүзгөн борборлор бир эле убакта стипендияларды берип Кытайга окуучуларды тартууну да максаттап жатат. Окуучу алмашуу программалары жана таркатылган ар түрдүү стипендиялар менен 75 пайызы Азия улутундагы болуп жыл сайын 150 миңден ашуун окуучунун Кытайга билим алуу үчүн келиши камсыздалууда. Foreign Affairs University’нин курулуусу менен чет элдик дипломаттар үчүн үч айлык калыптандыруу программасы баштатылды. Ушундайча келечектин саясатын белгилөөчүлөрүнүн көз алдында оң багыттагы Кытай имиджи түзүлүүсү максаттуулда.

Аймак менен карым-катнаштарында билим берүү иш-чараларына маани берген Түркия, 1992-жылдан бери Түрк тилдүү мамлекеттерден миңдеген окуучуну конок кылды. Айрыкча түрк тилинин жайылтылышына карата иштери менен Түркиянын маанилүү коомдук дипломатия инструменттеринен бирине айланган Юнус Эмре институту Астана жана Баку борборлору аркылуу аймакта иш алып барууда. Түркиянын Улуттук билим берүү министрлигине караштуу болгон аймакта ар түрдүү билим берген мекемелер бар. Буга кошумча Кыргыз-Түрк «Манас» университети 1997-жылдан бери Бишкекте билим берүүсүн улантууда. Түрк дүйнөсүнүн алгачкы биргелешкен мамлекеттик университети болгон Ахмет Йесеви университети билим берүү-окутуу жана изилдөө иш-чараларын Казакстанда орун алган кампусунда жүргүзүүдө.

Чыгыш Түркстанда уйгурларга кысым көрсөткөн Кытай, бул аймакта жашаган казак жана кыргыз азчылыктарга айырмачылык таанып этникалык бөлүүчүлүктү көкүтүүгө багытталган. Ар түрдүү стипендия программалары менен Кытайга чакырылган түркстандык окуучулар басымдуу түрдө Чыгыш Түркстандагы университеттерге жайгаштырылган. Кытай бул саясаттары менен аймактын уйгур өздүгүн азайтуу жана Түркстан менен экономикалык интеграцияны камсыздап Жибек Жолу долбооруна инфраструктура даярдоону максаттап жатат. Айрыкча Шыңжаң уйгур автономдук аймагы пропаганда кеңсеси тарабынан курулган жана Кытайдын аймакка тиешелүү пропагандасын жайган Теңир Тоо/Tiyanşannet аттуу веб барагы түрк, орус жана уйгур тилинде чыгып жатат.

Түрк кызматташтык жана өнүгүү агенттиги-ТИКАнын Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда жүргүзгөн билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, токой чарбачылык, талаа чарбачылык жана мал чарбачылык боюнча кеңири долбоорлору бар. 2009-жылдын 21-мартынан бери берүүлөрүн уланткан жана Түрк дүйнөсүнүн орток үнү болууну максаттаган ТРТ-Аваз каналы Түркиянын аймакка багытталган эң маанилүү инвестицияларынан бири. ТРТнын чет өлкөгө берүүлөр департаментинин ар түрдүү түрк тилдеринде жана диалектилеринде аткарган радио жана интернет берүүлөрү ошол эле тармакта маанилүү коомдук дипломатия инструменти болуп саналат.

Кыргызстанда 15, Казакстанда 4, Өзбекстанда 2 жана Тажикстанда 1 Конфуций борборун ачкан Кытай, айрыкча Кытай эл аралык радиосунун жергиликтүү тилдердеги берген берүүлөрү менен да аймакка таасир тийгизүүнү максаттаган.

АКШ, Кытай Эл Республикасы жана Түркия Республикасы тажрыйбаларын анализ кылганыбызда АКШнын мамлекеттин акыл үйрөтүүсү тарабынан багытталган бейөкмөт уюмдары менен Кытайдын болсо түздөн-түз мамлекеттик инструменттер аркылуу аймакта коомдук дипломатия иш-чараларын жүргүзгөнүн көрүүдөбүз. Түркия болсо өз тарыхый салтынан дем күч алып бул эки тажрыйбанын арасында өзүнө таандык модел түзүү аракетинде.



Тектеш кабарлар