Күн тартиби-15

Президент Эрдоган Диярбакырда

Күн тартиби-15

Президент Эрдогандын күрттөрдү Республиканын тең укуктуу мүчөлөрү катары кучак жаюу билдирүүсү 2003-жылдан бери жүргүзгөн саясатты мүнөзөп турат жана бул абал 16-апрелдеги референдум жана андан кийинкиси үчүн маанисин сактайт.

Президент Режеп Тайип Эрдогандын Диярбакырга жасаган сапары, мүмкүнчүлүктөр жана эбегейсиз иштер менен жуурулушуп калыптанган саясий тарыхтын контекстинде өткөрүлдү.  Эрдогандын күрттөргө Түркиянын тең укуктуу жарандары катары кучак жаюу билдирүүсүнүн 16-апрелдеги референдумдан да кыйла жогору мааниси бар.

Президент Эрдоган 2005-жылы Диярбакырга жасаган биринчи сапарынан бери, заманбап түрк тарыхында башка эч бир саясий лидер таштабаган кадамдарды таштады. Күрттөрдү түрк улутунун тең укуктуу жана негизги бөлүгү катары таанып, күрт коомчулугу менен ПККнын ортосундагы айырманы айкын кылды. Медиада, саясий үгүттөөлөрдө жана жашоонун берки тармактарында күрт тилине болгон тыюу салууларды жоюу үчүн керектүү реформаларды ишке ашырды. Шайлоону жана Парламентти, ПКК терроруна альтернатива катары сунуштады. Премьер-министр катары, күрттөр жыш жашаган аймак жана шаарларда жашоо стандарттарын жакшыртуу үчүн миллиондогон долларлык инвестицияларды салды. Күрттөргө тең укуктуу жарандар катары кучак жаюу, Эрдогандын саясий мурасынын чечүүчү маанидеги бир бөлүгү болду.

Президент Эрдоган Диярбакырдагы сөз сүйлөөсүндө: «Айта турчу сөзү жана ишке ашыра турчу долбоору болгон ар ким менен биз сүйлөшүүгө жана чогуу жүргүзүүгө даярбыз. Жалгыз  шартыбыз болсо булар: «Курал-жарак алып жүрө алышпайт, өлкөнү жана улутту бөлүп-жарууга аракет кылышпайт»,-деди. ПКК уюму тынчтык процессин 2015-жылы бир жактуу түрдө токтоткондон кийин жана Элдердин демократиялык партиясы (ХДП) потенциалдуу саясий актер катары өз ролун текке кетиргенден бери президент, күрттөр маселелерин чечүү үчүн аларга жамаат лидерлери, саясий фигуралар, жөнөкөй жарандар, ишкерлер, бейөкмөт уюмдары менен катар жеке өздөрү бара турганын айтып келе жатат.

Чындап айтканда, күрттөр ПККнын ырайым же ырайымсыздыгына жана кысым көрсөтүүчү Марксисттик-ленинисттик идеологиясына калтырылбайт. ПКК Европа Биримдиги менен АКШ тарабынан террордук уюм катары жарыяланган жана бир гана түрк мамлекетине каршы эмес өз идеологиясын бөлүшпөгөн күрттөргө каршы көрсөткөн мыкаачылык кол салуулары менен да билинет. Элдердин демократиялык партиясы террордук уюм ПККнын «Тузак саясатына» колдоо көрсөтүүнү тандап, 2014-жылдагы жергиликтүү шайлоодо жеңген шаарлардын кызматкерлерин, мүмкүнчүлүктөрүн, бюджетин жана кызматтарын коркунучка салды. Кыймылдары жалгыз гана мыйзамсыз болбостон ошол эле учурда партиянын саясий мыйзамдуулугуна урулган сокку болду. Күрттөрдүн көпчүлүгү ПКК менен ХДПге ишенбей калышты, кысым көрсөтүүлөргө каршы чыгып тынчтык, коопсуздук жана ырааттулук каалап жатышат.

Президент Диярбакырда дал ушул туурасында убада берди. «Түркияны Стамбул, Измир, Трабзон, Анталья жана Эрзурумсуз кыялдана албасак, ошондой эле түрдө Диярбайырсыз да кыялдана албайбыз»,-деди. Түркия Республикасы түрктөрдүн, арабдардын жана башкаларындай эле күрттөрдүн да мекени болуп саналат. Эрдоган терроризмге каршы операциялар уланып жатканда күрт жарандары эч бир терс жагдайга дуушар болбостон корголо турганын так түрдө айтты. 15-июль төңкөрүш аракетинен кийин жарыяланган Өзгөчө кырдаалга карабастан учурда күрт жарандарына пайда камсыздаган реформалардын ишке ашырылышында эч бир өзгөрүү болгон жок. Өкмөт Диярбакырдын Сур районунда, ПККлык террористтер талкалаган аянттарды кайрадан куруу үчүн бул жерге миллиондогон доллардык инвестиция салууда.

Президент Эрдоган ПККнын бир колуна курал-жарак кармап, экинчи жактан тынчтык туурасында айта алган ыпылас саясатына каршы чыгууда. Чындыгында Эрдоган тарабынан баштатылган тынчтык процесси убагында жана андан кийин ХДП, ПККны суракка ала турчу жана четке кага турчу эрктүүлүктү эч качан көрсөткөн жок.

Эч бир өкмөт, парламенттик саясаттын өзгөчөлүктөрүнөн пайдаланып жатып ПККга колдоо көрсөтүүнү максаттаган кандайдыр бир саясий чечимди кабыл албайт.

Күрттөрдү ПККдан куткаруу, жалгыз гана элдерин таануу жана жашоо стандарттарын жакшыртуу эмес, ошол эле учурда аларды ПККнын күч колдонуу жана зулумдугунан коргоо дегенди туюнтат. Диярбакыр, Хаккари, Шырнак жана күрттөр жыш жашаган берки шаарлардагы күрттөрдүн көпчүлүгү, ПКК менен шаардагы террористтерге каршы жүргүзүлүп жаткан акыркы коопсуздук чара көрүүлөрүнө колдоо көрсөткөндөрүн, анткени аларга келечек үчүн үмүт сезимин бергендерин айтып жатышат.

Өлкөлөрүндөгү ар түрдүү ПКК жан-жөөкөрлөрүнө эркиндик берген жана аларды Түркияга каршы колдонууну максаттаган европалык өкмөттөр, бир гана өздөрүнүн принциптерин бузуп тим болбостон ошол эле учурда өздөрүн жеңилүүгө учурата турчу стратегияны ишке ашырууда. АКШ башкаруучулугу ДЕАШка каршы күрөшүү үчүн ПККнын Сириядагы уландылары болгон Демократиялык биримдик партиясы (ПЙД) жана Элин коргоо бирикмесине (ЙПГ) колдоо көрсөтүп ушундай жаңылыштыкты кылып жатат. Алар, ПККнын Сириядагы согушун аймактык максаттары үчүн альнернатива катары колдонгондугу анык. ПККнын жана анын Европадагы же Сириядагы уландыларына колдоо көрсөтүү саясаты, аймактык тынчтык жана коопсуздук үчүн орчундуу жыйынтыктарды туудурат.

Бул учурда күрттөрдүн көпчүлүгү чет элдик актерлор тарабынан өз өлкөлөрүнө каршы колдонулган пешка катары эсептелишинен тажаган абалда. ПКК менен ХДПнин катчыларын гана олуттуу караган жана күрттөрдүн ПККга каршы мамилесин көрмөксөнгө салган батыш медиасынын мамилесинен чарчаган сыяктуу. Ордуна согуштурууну каалаган чет элдик тыңчылардын колунда Марксист-Ленинист идеологиялык инструмент катары каралган күрт имиджин четке кагууда. Алар ПККнын саясий күн тартибин күрттөр үчүн жактагандарды жек көрүшөт.  

Сурамжылоолордо күрт шайлоочуларынын конституциялык референдумга күтүлгөн дагы көп колдоо көрсөткөндөрү байкалды. Бул, сунушталган системанын күчсүз коалициялык өкмөттөр мезгилин соңуна чыгарып, экономикага энергия кошо турганын жана күчтүү текшерүү жана тең салмактулуук истемасын куруу сыяктуу пайдаларын көргөндөрү үчүн табигый боло турган иш.

Эрдогандын күрттөргө Республиканын тең укуктуу мүчөлөрү катары кучак жаюу билдирүүсү 2003-жылдан бери Эрдогандын саясаттарын белгиледи жана бул саясат 16-апрелдеги референдум жана андан кийин да маанилүүлүгүн улантмакчы.



Тектеш кабарлар