Австралияда январь айы 109 жылдын эң ысык айы болду

Январь айы эң ысык ай деп катталды.

Австралияда январь айы 109 жылдын эң ысык айы болду

Австралияда январь айы 1910-жылдан берки эң ысык ай деп катталды.

«The Guardian» гезитинде орун алган маалыматка караганда, Австралияда орточо жылуулук 30 градуска жеткендиктен 2019-жылдын январь айы 109 жылдын эң ысык айы болду.

Австралиянын Метеорология бюросунун билдирүүсүндө, январда Аделаида шаарында абанын температурасы 46,6 градус жана Порт Августа шаарында 49,5 градус болуп рекорд жаңылаганы маалымдалды.

Түштүк Австралияда катуу ысыктын себебинен 16 кишинин ооруканага түшкөнү билдирилген.

Айрым аймактарда жооптуу кызматкерлер элди ысыкка каршы эскертишкен болчу.



Тектеш кабарлар