Кытайда маймыл клондолду

Синхуа маалымат агенттигинин кабарына караганда Кытайдын илимдер академиясына караштуу Неврология институтунун илимпоздору маймылдан бирден көп клондоо жасады.

Кытайда маймыл клондолду

Кытайда илимий изилдөө үчүн генетикасы өзгөртүлгөн бир маймылдан бирден көп клондоо жасалды.

Синхуа маалымат агенттигинин кабарына караганда Кытайдын илимдер академиясына караштуу Неврология институтунун илимпоздору уйкусу бузулган, альцгеймер жана депрессияга байланыштуу циркаддык ритм бузулуусу оорусуна кабылган гени өзгөртүлгөн маймылдан бирден көп клондоо жасады.

Шанхайда жарык дүйнөгө келген 5  приматтын адамдын психологиясына окшош циркаддык ритм бузулуусуна кабылган эркек маймылдын терисинен алынган клеткадан клондолгону, клондордун да донор примат менен бирдей эле оорулары болгону белгиленди.

Клон приматтардын мээ функциясына байланыштуу олуттуу оорулар менен жаңы дарылардын өнүктүрүлүшү жана бул дарылардын ийгилик катышын арттырууда жардамчы боло турганы маалымдалды.

Иштин жыйынтыктары Кытай журналы National Science Reviewде жарыяланды.

Кытай, өткөн жылы да бир жуп примат клондоп, маймылга Жонг-Жонг жана Хуа-Хуа деген атты  койгон.

Дүйнөдө алгач ирет 1958-жылы көнөк баш, 1963-жылы сазан балыгы клондолгон, 1996-жылы болсо бир кой клондолгон.

Бир койдон алынган клетка менен сыноолор жасалып, 227чи сыноодо ийгиликке жетишилген.

Андан кийин чочко, уй, ит, коен жана чычкан клондолгон болчу.



Тектеш кабарлар