Египетте гиксостор мезгилине таандык мазарлар табылды
Өзгөчө династиялар мезгилинен мурункусуна таандык 20 мазарлар да табылды.
Египет тарыхый чыгармалар министрлиги өлкөнүн түндүгүндөгү гиксостор (биздин эрага чейинки 1788 – 1573) мезгилине таандык мазарлардын табылгандыгын билдирди.
Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта министрликке караштуу археология делегациясынын өлкөнүн түндүгүндөгү Кевм -ел - Хилал аймагында гиксостор мезгилине таандык мазарлардын табылгандыгы билдирилди. Маалыматта мазарларда жаныбарлардын калдыктары, таш жана плиткалардан жасалган идиш - аяктар менен жаназа даярдоо материалдарынын орун алгандыгы билдирилди. Маалыматта өзгөчө династиялар мезгилинен мурункусуна таандык 20 мазардын да табылгандыгы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Жасалма интеллект менен үн жасоо...
OpenAI тарабынан компаниясынын үндөрдү клондоочу жаңы технологиясына байланыштуу билдирүү жасалды.