Мерсинде 9 миң жылдык мөөр табылды

Мерсиндеги Йумуктепе Адырындагы казууларда болжол менен  9 миң жылдык  мөөр табылды.

Мерсинде 9 миң жылдык мөөр табылды

Мерсин шаарында жайгашкан б.з.ч. 7 миңинчи жылдарга таандык тарыхы менен көңүл бурган Йумуктепе Адырындагы казууларда болжол менен  9 миң жылдык  мөөр табылды.

Анадолунун эң эски отурукташуу жерлеринен бири катары алдыга чыккан Йумуктепе адырында үстүбүздөгү жылдын казуу иштери аяктады.

Италиядагы Лессе университетинин Археология бөлүмүнүн ага окутманы проф. др. Изабелла Жаневанын  жетекчилиги алдындагы 25 кишиден турган топ ишке ашырган казууларында, неолит дооруна  таандык обсидиан жебенин учу , б.з.ч. болжолдуу түрдө 6800-жылдарда колдонулган геометриялык чийме түшүрүлгөн мөөр жана саноо үчүн колдонулгандыгы болжолдонгон көп сандаган таштар казылып алынды.

Казуу иштеринин жетекчиси Жанева ушул жылдын казуу иштеринин 2,5 айга созулганын  айтты. Аймактын тарыхына байланыштуу абдан маанилүү маалыматтарды алганын айтып өткөн Жанева, табылган тарыхый калдыктарды музейге жибергендерин билдирди.

Казуу иштеринде жебенин учу менен бирге мөөр табылганын билдирген Жанева: « Болжол менен 9 миң жыл мурункуга таандык мөөр табылды. Мөөр жеке мүлк дегендик. Аны тастыктоо үчүн колдонулат. Мөөрдүн үстүндө геометриялык оюм чийимдер бар»,- деп айтты.

Айрыкча Жанева, көптөгөн таштарды казып алгандарына кайрылып, « Чыныгы курал жарак максатында болбошу мүмкүн. Менин оюмча саноо куралы болушу мүмкүн. Анткени соода бар болсо саноо керек. Ал учурда жазуу болгон эмес, бирок саноо үчүн колдонулган аспап болушу керек», деген оюн билдирди.


Этикеткалар: мөөр , Мерсин шаарында

Тектеш кабарлар