Иттер ээлерин түшүнөбү?

Изилдөө иши иттердин мурда уккан сөз менен укпаган сөздөрдүн айырмасын билгендигин далилдеди.

Иттер ээлерин түшүнөбү?

Өз ээлеринин мимикаларынан улам сөздөрдүн маанисин да түшүнгөндүгү туура деп аныкталган иттердин сөздөргө реакция кылгандыгы да аныкталды.

Жасалган изилдөөгө караганда иттер мурда үйрөтүлгөн сөздөрдүн мааниси темасныда  түшүнүү  жөндөмдүүлүгүнө ээ.

"Фронтиерс ин Неоросиенс" журналында жарыяланган изилдөөдө, иттердин белгилүү бир буюмдар менен байланыштыруу үчүн үйрөнгөн сөздөрду кантип колдонорун билүү үчүн алгач ирет мээни көрсөтүүчү техникасы колдонулду.

Изилдөө иши иттердин мурда уккан сөз менен укпаган сөздөрдүн айырмасын билгендигин далилдеди.

Изилдөөчүлөр , ээси тарабынан канчалаган ай ичинде бир буюмду атына жараша алып келүү темасында үйрөтүлгөн ар кандай жандыктардын ичинен иттерди изилдешти.

Үйрөтүү учурунда туура буюмду алып келген ит тамак менен сыйланды. Ит тынымсыз туура буюмду алып келгенде же тандаганда үйрөтүү  туура деп кабыл алынды.

Бул эксперименттин артынан илим адамдары иттердин мээсин функциялык MRI методу менен көрсөттү.

Көрсөтүү учурунда иттердин ээлери аппаратын мандайында турду жана ар бир буюмду  көрсөтуп ал буюмдардын атын атады.

Ээлер айрыкча туш келди буюмдар көрсөтүлүп жатканда маанисиз сөздөрдү айтышты.

MRI натыйжалары мурда үйрөтүлгөн сөздөрдү укканда иттердин мээсинин угуу бөлүмүндөгү жандануу эч качан укпаган сөздөргө караганда көбөйгөнүн көрсөттү.

 


Этикеткалар: иттердин

Тектеш кабарлар