Чычкан тиштеп алганы үчүн 25 миң Индия руписи төлөнөт

Индияда мындан 4 жыл мурда поезд менен баратканда бир чычкан тиштеп алган жүргүнчүгө 25 миң Индия руписи (355 доллар) компенсациясы берил

Чычкан тиштеп алганы үчүн 25 миң Индия руписи төлөнөт

Индияда мындан 4 жыл мурда поезд менен баратканда бир чычкан тиштеп алган жүргүнчүгө 25 миң Индия руписи (355 доллар) компенсациясы берилет.

«Хиндустан таймс» гезитинин кабарына караганда Аймактык керектөөчү соту 2014 -  жылы 8 -  августта Ченнаи шаарына поезд менен бара жатып чычкан тиштеп алган Венкатачаламга темир жолдору тарабынан тарткан психикалык кыйынчылыктан улам  25 миң Индия руписи компенсация төлөнүшүнө чечим чыгарды.

Сот өзгөчө темир жолдорунун жүргүнчүнүн өзү тарабынан  каржыланган медициналык төлөмү үчүн 2 миң Индия руписи (28,8 доллар) жана доо ачуу чыгымы катары да 5 миң Индия руписи (71 доллар)  төлөнүшүнө өкүм чыгарды.

Темир жолдору компенсацияны үч айдын ичинде төлөшү керек.

Венкатачалам чычкан тиштеп алганда пайда болгон жаракатты көрсөткөндө поездеги темир жол жооптуусунун көңүл бурбагандыгын жана ага биринчи жардамды көрсөтпөгөндүгүн белгилеген.

 

 



Тектеш кабарлар