Кахраманмарашта археологиялык калдыктар табылды

Дилекли үңкүрүндө казуу иштери уланып жатат.

Кахраманмарашта археологиялык калдыктар табылды

Кахраманмараштагы бир үңкүрдө биздин заманга чейинки 14000-жылдарга таандык аюу менен суусардын баш сөөктөрү табылды.

Оникишубат районундагы Дилекли үңкүрү көптөгөн археологиялык табылгаларга кожоюндук кылууда.

2007-жылдан бери уланып келе жаткан казуу иштеринде маанилүү табылгалар чыгарылды.

Акыркы жолу үңкүрдүн ичинде тегерек жана пландаштырылган жай аныкталды.

Бул жерде 16 миң жылдык экени божомолдонгон аюу менен суусардын баш сөөк калдыктары табылды.

11 жылдан бери уланып жаткан казуу иштеринин 2019-жылы аякташы күтүлүүдө.

Палеолит жана муз дооруна таандык калдыктар да табылгандыктан үңкүрдүн маанилүүгү дагы да артты.



Тектеш кабарлар