Марс Жерге жакындап келет

Марс эң акыркы жолу 2003-жылы Жерге абдан жакындаган болчу.

1019095
Марс Жерге жакындап келет

Марс 15 жылдан кийин Жерге абдан жакындайт.

Кызыл планета 2018-жылдын 31-июлунда Жерге 57,6 километр жакындаган болот.

Аты аталган күндөн мурда 27-30-июлда Жерге барган сайын жакындай турган Марс асманда даана байкалат.

Жерден каралганда Марс түн жарымында эң чоң болуп көрүнөт.

Түштүктү көздөй горизонтто 35 градустук бурчта белгилене турган Кызыл планетага түнү бою байкоо салууга болот.

Күн системасында Жерден кийин Күнгө эң жакын төртүнчү планета болгон Марс Күнгө 230 миллион километр алыстыкта жайгашкан.

Жер Күндүн орбитасындагы алануусун 365 күндө аяктаса, Марс 687 күндө бүтүрөт.

Марс эң акыркы жолу 2003-жылы дээрлик 60 миң жылдан кийин Жерге абдан жакындаган болчу.

Эми мындан кийинкисинин 2020-жылдын 6-октябрында болушу күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар