27-июлда Ай тутулат

Айдын тутулушу орто эсеп менен 4 саатка созулат.

27-июлда Ай тутулат

Дүйнө жүзү чанда кездешкен кубулуштардын бирине күбө болууга даярданууда.

27-июль жума күнү Түркия убактысы боюнча саат 20.14тө баштала турган Айдын толук тутулушу 28-июль саат 02.38ге чейин созулат.

Орто эсеп менен 4 саатка созула турган бул тутулуу, ушул кылымдагы эң узакка созулган Ай тулулуусу болот.

Ай өз орбитасында айланып жүргөндө Жер Күн менен Айдын ортосуна кирип, Жердин көлөкөсү Айдын бетине капталып калганда Ай тутулат.



Тектеш кабарлар