Индияда бактылуулук сабактары окуу программасына киргизилди

Сабактар 30-45 мүнөткө созулууда.

Индияда бактылуулук сабактары окуу программасына киргизилди

Индиянын экинчи чоң метрополиси Делидеги миңден ашуун мектепте бактылуулук сабактары окуу программасына киргизилди.

Делинин билим берүү министри Манис Сисодиянын долбоору болгон бактылуулук сабактары, жуманын башынан бери миңден ашуун мектепте өтө баштады жана күнүгө 30-45 мүнөткө созулууда.

Программанын алкагында окуучулар мектепке чейинки курактан 2-класска, 3-класстан 5-класска жана 6-класстан 8-класска чейин болуп үч топко бөлүндү.

Бул сабактарда баа коюлбагандыктан окуучулар тест же тапшырма кылышпайт.

Сабактарда ички сезим жана рухий муктаждыктарга багытталган баяндардын айтылышы жана ой-жүгүртүү сыяктуу көнүгүүлөр аркылуу аң-сезимдин өнүктүрүлүшү максатталып жатат.

Бактылуулук сабактарынын негизинде балдар менен жаштардын депрессия, стресс сыяктуу терс жагдайлардан кутулуусуна жардамчы болуусу үмүт кылынууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна караганда, Индияда 13-15 жаштарындагы ар бир 4 баладан бирөө депрессия менен күрөшүп жатат.



Тектеш кабарлар