Европадагы эң улгайган аял көз жумду
Бул аялдын 116 жыл 37 күн жашагандыгы билдирилди.

Европадагы эң улгайган аял Жузеппина Прожетто 116 жашында көз жумду.
Прожетто 6-июлда Флоренциянын Монтелупо Фиорентино коммунасында каза болду.
Бул аялдын 116 жыл 37 күн жашаганы билдирилди.
1902-жылдын 30-майында Ла-Маддалена аралында жарык дүйнөгө келген Прожетто, 1960-жылдарда Флоренцияга көчүп барган жана уулу 39 жашында каза болгонго чейин ушул жерде жашады.
Прожетто 117 жаштагы япониялык Чийо Миякодон кийин дүйнөдөгү эң улгайган экинчи аял эле.