Дүйнөнүн эң картаң орангутаны өлдү

2016-жылы «дүйнөдөгү эң картаң орангутан» катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген болчу.

Дүйнөнүн эң картаң орангутаны өлдү

Дүйнөнүн эң картаң орангутаны болгон Паун 62 жашында өлдү.

1968-жылдан бери Австралиядагы Перт зоопаркында жашап келе жаткан жана дүйнөнүн эң картаң Суматра орангутаны болгон Паундын жашына байланыштуу оорулардын себебинен уктатылганы белгиленди.

11 баласы жана балдарынан да 54 небереси болгон Пуан зоопарктын «улуусу эжеси» деп сыпатталчу.

Пуан 2016-жылы «дүйнөдөгү эң картаң орангутан» катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген.

Дүйнөлүк жаратылышты коргоо фондуна караганда, дүйнөдө орто эсеп менен 14 миң 600 Суматра орангутаны бар.



Тектеш кабарлар