Космосто бир жыл калды ДНКсы өзгөрдү

Америкалык астронавт Скотт Келли космосто өткөргөн бир жылдан кийин жерге ДНКсы өзгөрүү менен кайтты.

Космосто бир жыл калды ДНКсы өзгөрдү

Америкалык астронавт Скотт Келли космосто өткөргөн бир жылдан кийин жерге ДНКсы өзгөрүү менен кайтты.

Американын авиация жана космостук мекемеси НАСАнын акыркы изилдөөсүнө караганда  космосто бир жыл өткөргөн астронавттардын бир гана көрүнүшү эле эмес ДНКлары да өзгөрүүдө.

Космосто бир жыл өткөргөн астронват Келли жана эгизинин ДНКлары салыштырылды жана бир туугандардын гендик жактан бири биринин түгөйү эмес экендиги аныкталды.

Тесттер Келлинин гендеринин 7 пайызынын космосто өзгөргөндүгүн ортого салды. Тактап айтканда америкалык астронавт  космоско кеткенден мурунку Скотт Келли менен генетика жактан бир киши эмес.

Өзгөргөн ДНК түзүлүшүнө «космостук гендер» деп атаган изилдөөчүлөр астронавттын бир топ биологиялык өзгөчөлүгүнүн таасирленгендигин ортого чыгарды. Астронавттын метоболизмасы иммундук системасы жана «клетка түзүлүшүнүн» космостук жолчулугу менен өзгөргөндүгү билдирилүүдө. Астронавтын клеткаларынын жетеринче кычкылтек ала албагандыгы, иммундук системасынын болсо ашыкча иштегендиги белгиленди. Өзгөрүүгө космостогу космостук  радиация менен бирге космос жүргүнчүлүгү алып келген стресстин жол ачкандыгы болжолдолууда. Изилдениши 3 жылга созулушу күтүлгөн Марс жүргүнчүлүгүндөгү кыйынчылыктарды ачуу жактан абдан чоң мааниге ээ. Бирок адистер бул тууралуу дагы көп иш алып барылышы керектигин айтышууда.

 



Тектеш кабарлар