Караин үңкүрү

Караин үңкүрү туристтердин көздөгөн жери.

920093
Караин үңкүрү

Караин үңкүрү, ар мезгил жергиликтүү жана чет элдик туристтердин көздөгөн жерлеринин арасында турат.

Антальянын шаар борборуна 27 километр алыстыктагы Катран тоосунун акиташтуу этектеринде жайгашкан үңкүр, табигый кооздугу менен көз жоосун алат.

Анадолудагы эң байыркы отурукташуу жерлеринен Караин үңкүрү сталактит, сталагмит жана бийик мамычалардан турган сейрек кездешүүчү көрүнүшү менен көңүлдөрдү бурууда.

Байыркы доорлордон бери экологиялык шарттардын негизинде турак үй катары колдонулган үңкүр, ар мезгил туристтерге көркөмдүү көрүнүш тартуулоодо.

Анталья-Бурдур автожолундагы үңкүрдө бир канча метр тереңдикке түшкөн зыяратчылар, миңдеген жылда пайда болгон сталактит, сталагмит жана бийик мамычалардын жанында сүрөткө түшүп кетишет.

1946-жылы аныкталган жана ушул күнгө чейин жүргүзүлгөн казуу иштеринде керик, пил сыяктуу жаныбарлар менен тукуму жок болгон Хомо неандертал адамдарынын калдыктары табылган үңкүр, адамдардын жана жаратылыштын тарыхына да жарык чачууда.



Тектеш кабарлар