Германияда бир айыл сатылды

Германиянын маалымат агенттиги (DPA) кабарында Alwine аттуу айылдын 125 миң евродон аукционго чыгарылганы жана аукцион ыкмасы менен 140 миң еврого сатылганы белгиленди.

Германияда бир айыл сатылды

Германиянын Бранденбург провинциясына караштуу бир айыл аукцион ыкмасы менен сатылды.

Германиянын маалымат агенттиги (DPA) кабарында Alwine аттуу айылдын 125 миң евродон аукционго чыгарылганы жана аукцион ыкмасы менен 140 миң еврого сатылганы белгиленди.

Айыл менен кошо 9 турак үй, бир айылдык көчө жана бир аз бактуу аянт жаңы ээси болгон кишинин телефон аркылуу берген сунушу менен кабыл алынды. Анын ким экени жашыруун кармалууда.

Борбор шаар Берлинге 150 км алыстыктагы айылда 20 кишинин жашаганы жана бир топ үйдүн бош экени боюнча маалымат бөлүшүлсө, айылда соода кылуу мүмкүнчүлүгү жок экени жана айланада жалгыз автобус каттамы болуп, айылга токтобогону белгиленди.

Аукционго Индия менен катар дүйнө жүзүнөн көп киши кызыкканы, бирок бир кана киши сунушун бергени белгилүү болду.

Аукционго катышкан жана айыл боюнча жооптуу Домсдорфтун айыл өкмөт башчысы Питер Кролл, үйлөрдүн кароого муктаждыгы болгонун жана сатып алган кишинин айылдыктар үчүн жакшы иштерди жасашын үмүт кылгандардын айтты.



Тектеш кабарлар