Лондондун символдук түзүлүштөрүнөн Big Ben сааты токтоду

Англия Парламенти орун алган Westminster сарайынын бир бөлүмү болгон Big Ben саат мунарасынын коңгуроолору бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө акыркы жолу кагылды.

794058
Лондондун символдук түзүлүштөрүнөн Big Ben сааты токтоду

Англиянын борбор шаары Лондондун символдук түзүлүштөрүнөн Big Ben саат мунарасы, оңдоп-түзөө иштеринин себебинен жымжырттыкка бөлөндү.

Англия Парламенти орун алган Westminster сарайынын бир бөлүмү болгон Big Ben саат мунарасынын коңгуроолору бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө акыркы жолу кагылды.

157 жылдан бери Лондондуктарга кызмат кылган мунарадагы оңдоп түзөө иштеринин 2021-жылга чейин бүтүрүлүшү жана гигант сааттын 4 жылдан кийин кайра саат 12:00дө чала баштоосу пландалууда.

Өкмөттөн берилген маалыматта курулуш тосмосу менен жабыла турган сааттын коңгуроосунун оңдолуу иштери убагында бир гана жаңы жыл белгиленгенде жана айрым эскерүү күндөрү сыяктуу маанилүү окуялар болгондо гана чертилээри жарыяланды.

Саат мунарасынын оңдоп-түзөө иштерине 30 миллион стерлин бөлүндү. Оңдоп-түзөө иштеринде мунарадагы ири сааттын бөлүкчөлөрү чечилип, төрт жебеси да тазаланат жана оңдолот.

Программаларында Big Ben коңгуроо дабышын түз эфирде берип келген ВВС Радио-4 да бул дабышты бир топко дейре жаздырып берет.

 



Тектеш кабарлар