Гүлдүн түрлөрү кантип көбөйгөн ?

Гүлдүн түрлөрү бир эле гүлдөн көбөйгөн

Гүлдүн түрлөрү кантип көбөйгөн ?

Француз илимпоздор, бардык гүлдүн түрлөрү 140 миллион жыл мурда бир эле гүлдөн чаңдашып көбөйгөнүнө байланыштуу изилдөөнү жарыялашты.  

Франциядагы Париж Суд университетинен илимпоздор, «Nature Communications» журналында жарыяланган бул жыйынтыкка жетүү үчүн гүлдүн 792 түрүн иликтешти жана булардын бара-бара кантип көбөйгөнүн изилдешти.

Эки жыныстуу экени божомолдонгон гүлдүн өзүн-өзү аргындаштыра алганы айтылууда.

Америкалык ботаника адистери, буга чейин Европада суу астында өскөн бир түрдүн алгачкы гүл ачкан өсүмдүк болушу мүмкүн экенин билдиришкен болчу.

«Montsechia Vidalii» аттуу түрдүн миңден ашуун калдыгын иликтеген адистер, бул өсүмдүктүн 125 миллион жылдан ашуун убакыт мурда Испаниядагы көлдөрдө өскөнүн белгилешкен.



Тектеш кабарлар