Ататүрк мавзолейине зыярат

КТР жана Эл ТРдин кызматкерлери ТРТнын кызматкерлери менен Ататүрк мавзолейин зыярат кылышты.

92353
Ататүрк мавзолейине зыярат

Түркия борборунун Анкара шаарындагы абдан маанилүү тарыхый-маданий жайы болуп, Түркия Республикасын негиздеген алгачкы президент Мустафа Кемалдын мавзолейи эсептелет. Түркия мамлекетинин түзүлүшүнө, анын гүлдөшүнө, улуттук аң-сезимдин калыптанышына зор салым кошкон Кемалды эл, Ататүрк, «түрктөрдүн атасы»-деп аташкан. Ал башкарган 15 жыл ичинде түрк калкы чоң ийгиликтерге жетишип, алдыга озуп чыга алышкан. Ататүрк калк жыш жашаган жерлерге мектептерди салдырып, араб алфавитин латынчага өзгөртүп, калктын сабатсыздыгын жоюуга чоң күч жумшаган. Ал башкарып турганда аялдар тең укуктуулукка ээ болушуп, өлкөдө заманбап экономикалык система орногон. Эл аралык стандарттагы чоң реформаларды жүргүзгөн.
Мустафа Кемал эли үчүн жан дилинен кызмат кылып келгендиктен, калктын сый-урматына татый алган. Ал 1938-жылдын 10-ноябрда 56 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.
Кемалдын мавзолейин курууга алгачкы ташты коюу салтанаттык иш-чарасы 6 жылдан кийин, 1944-жылы башталып, курулуш 1953-жылы аяктаган. Комплексти куруу үчүн мыкты долбоорго чоң конкурс жарыяланып, ага 27 чет мамлекеттик, 20 түрк архитекторлору катышкан. Жеңүүчүлөр деп түрк архитекторлору Эмин Халид Онатон жана Ахмед Орхан Арда табылган. Курулуш учурунда каражаттын тартыштыгынан улам бир катар өзгөрүүлөргө туш болушкан. Долбоор боюнча, 2 кабаттуу имарат салуу каралган болсо, бир гана кабат салынган. Комплекстин жалпы аянты 750 миң чарчы метрди түзөт. Ал жакта мавзолей, музей, парк жана башка курулуштар бар.
Аябагандай чоң мавзолей байыркы антолия жана хет доорундагыдай стилде салынган. Ал өзүнө байыркы, ошол эле учурда заманбап архитектуралык өзөгчөлүктөрдү камтыйт. Имараттын ички жасалгалары көбүнчө Түркиянын ар кайсы жеринен алынып келинген мрамордон жана туфадан жасалгаланган. Мавзолейдин түркүктөрү жана арстандардын скульптуралары Кайсери аймагынын Пынарбашы районунан алынып келинген акиташ туфалардан турат. Ал эми мавзолейдин капталдары Афьён аймагынан келген ак мрамор менен жасалган. Салтанаттык аянты болсо, Богазкөпрү аймагынан атайын алынып келинген кара жана кызыл травертиндер менен салынган.
Ататүрк комплексинин конструкциясы 3 бөлүктөн турат: арстандар турган аллеясы, салтанаттык аянт жана мавзолей. Мавзолейдин ичинде симметриялык түрдө жайгашкан мунаралар бар, алардын ар бири Мустафа Кемалдын түрк мамлекетинин өнүгүшүнө таасир эткен маанилүү идеяларын чагылдырып турат. Мавзолейдин ичиндеги тамдарда Ататүрктүн сөздөрү чегилип жазылган. Салтанаттык имараттын так ортосунда Кемальга байланышкан ар кандай цитаталар менен кооздолгон оратордук трибуна жайгашкан. Түрк элдеринин атасы Ататүрктүн сөөгү мавзолейдин ылдыйкы бөлүгүндө, күмбөздө, ардак залында, символикалык мемориалдык текши таштын алдына коюлган. Күмбөздүн тегерегинде өлкөнүн ар кайсы бурчунан алынып келинген топурактар бар. Ататүрктүн китепканасын, жеке кийим-кечелерин, буюмдарын камтыган музей болсо, мавзолейден алыс эмес жерден орун алган. Жада калса, түрк атасы өзү пайдаланып жүргөн автоунааларын музейдин алдындагы аянттан көрүүгө болот.
Комплекстин ичиндеги Барыш сейил багына дүйнөнүн ар бурчунан бактардын көчөттөрү алынып келинип отургузулган. Маселен, Греция, Югославия, Португалия, Афганстан, Норвегия, АКШ, Египет, Кипр, Канада, Япония, Италия, Германия, Швеция, Австрия, Испания, Бельгия, Франция, Дания, Финляндия, Великобритания, Китай, Индия, Ирак, Израиль сындуу мамлекттерден. Бүгүнкү күндө сейил багындагы бак-дарактардын саны 48 миң 500гө жетет, алардын катарында 100 дөгөн түрдүү өсүмдүктөр бар.
Жыл сайын Ататүрк комплексин миллиондогон адамдар көргөнү келишет, күн сайын алардын саны өсүүдө. Анкара өзүнүн көптөгөн тарыхый эстеликтери менен суктандырат, бирок Ататүрк заманбап курулуштардын эң бир маанилүү тарыхый байлыгы болуп эсептелет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар