Түркиянын жаңы көз карашы-11

Өзгөргөн дүйнөдө Түркиянын жаңы көз карашы.

465344
Түркиянын жаңы көз карашы-11

«Гези паркы» окуялары менен бирге өлкөдөгү «ырааттуулук жана коопсуздук» чоң жара алды. Саясий жана экономикалык жагдайдын туруктуу абалдан чыгартылышы үчүн жасалган аракеттердин жыйынтыктары дагы эле уланууда.

Өлкөнүн келечегин ипотека кылып алуу үчүн жүргүзүлгөн атайын операция бар.

Эң өнүккөн ыкмалар менен эбегейсиз түшүнүк операциясы жүргүзүлүүдө. Эң чоң күч борборлору менен ыпылас шериктештиктер түзүлүүдө. Эң караңгы сценарийлер курулууда.

Ушул интригаларга каршы жеке кишилердин өздөрү жалгыз туруштук бериши мүмкүн эмес. Бул иш системалуу жана көп багыттуу жүргүзүлүшү керек.

Түркиянын келечегин карартуу үчүн жүргүзүлгөн жамандоо акцияларын бир ууч «чекене киришүүчүнүн» жеңип чыгышы мүмкүн эмес.

Бүгүнкү күндө көрүп жаткандарыбыз бийликке каршы жүргүзүлгөн оппозициялык кыймыл болуп саналбайт. Анын тескерисинче мамлекетке жана улутка каршы операция жүргүзүлүүдө, ал эми буга каршы туруштук бере турган механизм болсо жалгыз жумурай журт менен мүмкүн болот.

Бул тема абдан олуттуу. Мамлекеттин жана улуттун жашоосуна кастык кылган террор уюму менен органикалык байланышы болгондорго улутубуз өлкөнүн келечеги үчүн чыдап келди, эми мындан ары чыдабайт.

ПКК террор уюму, Түркиянын террор менен күрөшүүсүн «ДЕАШ кызматташтыгы» жалганы аркылуу бууп жатат. Бул темада ага базис колдоосун камсыздаган актерлордун толугу ачык түрдө кастыктардын ээлери болуп саналышат.

Террор менен жетиштүү түрдө күрөшкөн жериңиз жок жана өлкөнү баш аламандыкка түртүп жатасынар деген пропаганданы кылган ФЕТӨ; коопсуздук бөлүктөрүнө жана чалгындоо кызматына жайгаштырган тыңчылары менен абдан жашыруун операция маалыматтарын түздөн-түз террор уюумуна өткөрүп жиберүүдө, ал эми уюмдун ичиндеги тыңчылары өздүк номерлери менен бирге расшифровка кылып коопсуздукту талкалай алат. Ошентсе дагы булар каалаганына ээ болуша алган жок. Анткени улутубуз сактыкка ээ. Анткени бул өлкөнүн аркасында чек аралардын ары жагында узактардан жамгырдай жааган дуалар бар.

Чындап эле өлкөнүн келечегин бууп койгусу келгендер менен ким күрөшүүдө? Канча киши бар мында? Бул мыйзамсыз согушка каршы кайсы мекеме толук кандуу күрөш жүргүзүүдө?

Бийликтин кимдин колунда болгонунун мааниси барбы билбейм бирок террорго колдоо көрсөткөн гезитке байланыштуу сот чечимин орундатып жатканда, мамлекетти террорист менен бир квадратка олтургуза турган операция тартканга тоскоол боло албаган бирөөнүн күүлүү-күчтүү экени айтыла алабы?

Жыйынтыктасак, бүгүнкү күндө эки жактуу террордук кол салуу бар. Булардан бирөө куралчан экинчиси жаран. Куралчан болгону менен күрөшүү саясий болгону менен күрөшүүдөн оңой менин оюмча. Куралчан болгонуна каршы өзүңдү коргоо жана аны жок кылуу үчүн жасай тургандарыңыз ачык жана белгилүү. Ал эми жаран террор менен күрөшүү божомолдонгондой оңой эмес. Жаран аренадагылар менен күрөшүүдө аң-сезимде жайгашкан кол тийбестик, бул темадагы мамилелерди белгилөөдө жана ишти бүдөмүккө түртүүдө.

Террордун коомчулукка тийгизген эң чоң зыяны да бул, ансыз деле.

ПКК террор уюмунун коомчулуктун башын айлантуу күчү куралдуу күчүнөн кыйла эле жогору турат жана бул күчү өлкөнүн келечеги үчүн абдан коркунучтуу. Коомчулуктун жашоосуна террор идеологиясы абдан чоң коркунуч туудурат. Чогуу жанаша жашоо эрки үчүн ПККнын коомчулукту өзгөртүү күчү жана идеологиясы ушу күнгө дейре куралдардан дагы таасирдүү болуп келди. Ошондуктан негизги күрөштүн бул тармакта жүргүзүлүшү зарыл.

Йылдырым Беязыт университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн окутуучусу проф.др Мазхар Баглынын темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар