Түркиянын жаңы көз карашы-7

Акыркы мезгилдеги Жакынкы Чыгыштын саясатына сереп салуу...

Түркиянын жаңы көз карашы-7

Атактуу немис политологу Карл Шмитт, саясат менен теологиянын ортосунда онтологиялык туугандык болгонун, ал эмес саясат илими ээ болгон негизги терминдердин да теологиядан алынганын айткан. Шмитт, саясий жүзөгө ашыруу болгон бийликти да «норма белгилөө жөндөмдүүлүгү» катары карайт. Бийлик өзгөчөлүктү белгилөө кудурети болуп эсептелет.

Кимдин адаттагыдай же адаттан тышкары болгонуна чечим чыгаруу иши да балким адам баласынын эң көп алектенген темаларынан бири болгон чыгаар. Ал эмес адаттагыдай болуу же нормалар укуктан ахлакка чейин, башкаруудан адамдар аралык байланышка чейин дээрлик бардык карым-катнаш формаларын белгилеген өлчөм сыяктуу турат алдыбызда. Шмиттин оюу боюнча бийлик бул эрежени да белгилейт.

Бийлик көрүнбөгөн күч болуп,бир канча инструменти жана тыңчысы бар. Бийликтин өзүн өзүнөн көз караныдысыз кылууга болобу? Билбейм, бирок Өмер пайгамбар дайындаган акимдерине өзгөчө билерман болбоо насаатын айтканын билебиз.

Башкарууну колго ал бирок билерман болбо. Бул өлчөм абдан ичке сызыктуу жана учурубуздун да эң маанилүү маселелеринин бири болуп саналат. Ал эмес адамдын эркиндигинин айланасында жасалган изилдөөлөрдө «баа» жана «чек» билбеген дүйнөдө жүргөндөй болобуз.

Өздүк маңыздын дүркүрөп өсүшү бардык баалулуктардан жогору көрүнүүдө. Балким ошондой болушу керек бирок адам ээ болгон «маңыз» эмне экенин жана ошол эле учурда бул «маңыз» да кантип «дүркүрөп өсө» турганын да ушул сереп салуу өзү белгилейт.

Андай болсо учурда дүйнөдө болуп жаткан башкаруу механизминин негизги тулкусун норма белгилөө жөндөмдүүлүгү белгилеп жатат. Бул бир эле убакта жаратуучуга баш көтөрүү сезимин да чагылдырат. Биздин салтыбызда башкаруунун формасы эмес, таянган негизги принциптери маанилүү. Мамлекеттик башкаруу үчүн идеалдуу нерсе адилеттүү болуу. Адилеттикти камсыздоо.

Негизинен адам баласынын эң чоң сагынычтарынын бири адилеттикти камсыздай турган система куруусу. Бардык нерсенин өз ордунда болушу деген адилеттик бир эле учурда техникалык тема жана метафизикалык түшүнүк болуп эсептелет.

Ислам салтынын эң негизги шарты болуп саналат адилеттик. Учурда болуп жаткан шарттар так түрдө кокустук абал жана биз үчүн сыноо темасы болуудан башка белгилөөчү динамика эмес.

Мусулмандар үчүн адилеттиктин камсыздалышы жалгыз эле башкаруу менен байланышкан ишке ашыруу эмес. Ал эмес кээде жансыз нерселерди да ичине камтыган баалуулук болуп эсептелет. Өмер пайгамбардын жыл сайын бир кедейдин баласын суубуз көбөйүп толуп ташысын деп Египет калкынын курмандыкка чалуусуна каршы чыккан акимине колдоо көрсөтүү үчүн Нил дарыясына жиберген каты да мунун эң сонун үлгүлөрүнөн бири. «Момундардын буйругу жана Алланын кулу Өмерден Нил дарыясына. Эй Нил! Эгер сен өз билгениңдей мамиле кылсаң ага бересиң! Андай эмес эгер сени жалгыз кудуреттүү күч Алла ташытса, ал кудуретке ээ болгон Алладан сени ташытуусун тилейбиз».

Табият мыйзамдарынын ээси да Ал. Коомчулук камтылган мыйзамдардын да ээси Ал...Заманбап дүйнө, алгач табияттын мыйзамдарын, андан соң коомдук түзүлүштүн негизги динамикаларын колго алуунун ишеничи менен «адаттагыдай болууну» белгилөө жол тартуусуна киришкен болууда. Өзгөчөлүктү саясат аркылуу белгилөө. Эгер аша чапкандык болбосо, жасалышы керек болгон нерсе кандайдыр бир түрдөгү саясий мекеме менен теңирди тууган кылуу киришүүсү.

Анткени учурда батыш ой пикири түзгөн саясат теорияларына негиз кылынган жалгыз эле норма белгилөө эмес. Мындан да ашкан үстөмдүк кылуу бар. Батыштын философиясына шилтеме кылынбаган ой-пикирлердин ийненин учундай да чындык менен байланыш курушуна уруксат бербеген схоластика эгемендик кылууда.

Өзүн өзү бардык чындыктардын жалгыз критерийи катары караган батыш, өзгөчө Ислам дүйнөсү жана жалпысынан бардык чыгыш коомчулуктары үчүн эреже белгилөөдө жана мырзасы болууну каалап турат.

Бул тең салмактуулукту буза турган ар бир актердун жок кылынышына аракет кыла тургандары аттын кашкасындай ачык көрүнүп турат.

Йылдырым Беязыт университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн мугалими проф.др Мазхар Баглынын темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар