Түркиянын жаңы көз карашы-6

Жаңы Түркия көз карашында шаарлар, шаар пландоо жана статустар.

Түркиянын жаңы көз карашы-6

Адамдар менен имараттын ортосундагы байланыш абдан терең маанини туюнтат. Бул байланыш романтикалуу жана мистикалуу да болуп саналат. Романтикалуу болушу адамдын бейиштин төрүнөн орун албоосунан келип чыккан сагынычтан улам. Мистикалуу болушу болсо адамдын бул дүйнөдө табиятты өзгөртүшүнө себепчи болгон алгачкы тажрыйбанын өлүктү көмүү жөрөлгөсү менен байланыштуу. Ал эмес адам баласында алгачкы шаар деген түшүнүк да ушандан келип чыкканы айтылууда.

Ыйык тексттердеги же мифологиядагы бир тууганды өлтүрүүдөн кийин ортого чыккан өлүктү көмүү жөрөлгөсү менен башталат шаар деген түшүнүк. Анткени кайтыш болгон тууганын көмүүнүн жыйынтыгында жаралган түзүлүш адам баласынын алгачкы тажрыйбасы болуп саналат. Түзүлүштүн жүрүм-турум, статустар жана маданияттар менен болгон эски байланышы да ушул жерден келип чыккан. Учурда ар бир маданият тобунун атайын бир шаар статусуна ээ болушу да ушунда жатат. Бирок заманбапташуу жана бир түрдөн болуу түшүнүгү барган сайын шаарлардын өздүгүн бузууда. Шаарлар дээрлик бүткүл дүйнөдө бири-бирилерине окшошкон турак жай аянттарына айланды. Шаарлардын бир гана баш калкалоочу жайлар эмес экени эске алынганда биздин алдыбызда адамзат катары да өлкө катары да маанилүү аракеттердин бири шаар жана статус байланышын кайрадан ошол эки түшүнүккө кошуу. Романтизм жана метафизика.

Шаарлардын өзүнө таандык мифологиялары жана баяндары жок болсо өздүктөрү да жок. Ошондуктан шаарларды адамдардын арасында жоголуп статусун жоготкон жер болуудан чыгаруу кыялдануу менен башталат.

Шаарлардын барган сайын статустарынан ажырашы так түрдө билинип турат. Эгерде биз шаарларыбызды статуска ээ кылгыбыз келсе, бул тандоо эмес мажбурдуулук болуп саналат, алгач өзүбүздүн кыялыбызды жаратышыбыз керек.

Өз кыялыбыздын каармандары гана бизге таандык шаарларды кура алышат.

Түркия өз кыялдануусуна кайтуу үчүн да шаарларга статус берүү менен башташы керек. Негизи экөө тең бири-бирине байланышкан тармактар болуп эсептелет. Тилекке каршы бул теманын маанисине ыңгайлуу мамиле кылынбай келген. Турак- жай деген сөз арабча «Кевн» дегенден жаралган. Кевн сөзү болсо бар болуу, пайда болуу сыяктуу маанини туюнтат. Ар бир түшүнүктүн, идеологиянын же диндин турак- жайга болгон көз карашы бири-биринен толугу менен айырмаланып турат. Ар бир көз караштын, ишеничтин жана идеологиянын жашалгыдай жайга муктаждыгы бар. Бул муктаждык түздөн-түз адам-жер байлынышын белгилеп турат.

Атайын бир турак- жайдын болушун биздин санаркоолорубуздан жана аракеттерибизден айырмаланган тармак катары карай албайбыз. Өзгөчө республиканын курулган мезгилинде түзүлгөн «улуттук архитектура» комитетинин шаарлардын өзгөчө статустарын түзгөн негизги имараттарды кулатышы бул тармакта чоң кыйроолорго алып барды.

Республика курулган мезгилинде реферанс кылынып алынган заманбап архитектуралык түшүнүк шаарды толугу менен баш калкалоочу жай катары караган жана бул ойлор тилекке каршы өз түзүлүшүн курду. Жаңы Түркия балким эң көп шаарлашуу тармагында атайын көз караш жана стратегияны белгилеши керек.

Шаарлашуу жаатында жаңы көз караш жана жаңы статус түзүү жаңы Түркиянын баш тартылгыс нерсеси.

Унутулбашы керек болгон шаар, бир эле убакта заманбап уюмдашуу жана ошондой эле уюмдашуунун талаптары менен кыйынчылыктарын ортого салган маанилүү саясий жана коомдук түзүлүш болуп саналат.

Жыйынтыктасак, бир жерге жайгашуу, бир айыл куруу же бир үй куруу; олуттуу чечим чыгарууну талап кылат. Анткени бул жерде адам баласынын өзүнүн жашоосу уланат. Үй, бир буюм же «отуруу үчүн машина» эмес, турак үй адамдын теңирлердин модел жаратуусу болгон Ааламдын жаратылышын туурап өзүнө дүйнө куруусу болуп эсептелет.

Шаарлашуу тармагында жаңылашуу жоготуп алган статусубузду куруу дегенди берет.

Жаңы Түркия көз карашынын эң негизги параметрлеринен бири да статустуу шаарлар. Статустуу шаарлар үчүн да жасашыбыз керек болгон тарыхый тегибизге жана баяныбызга кайрылуубуз.

Йылдырым Беязыт университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн мугалими проф.др Мазхар Баглынын темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар