Түркиянын жаңы көз карашы-5

Буазизинин өзүн өрттөп, жанын кыюуга аракет кылышынан кийин башталган коомдук баш аламандыктан бери Жакынкы Чыгышта жана дүйнөдө абдан маанилүү өзгөрүүлөр болду.

Түркиянын жаңы көз карашы-5

Өзгөргөн дүйнөдө Түркиянын жаңы көз карашы.

2010-жылдын 17-декабрында тунистик жаш соодагер жигит Тарык Эл Тайиб Мухаммед Буазизинин өзүн өрттөп, жанын кыюуга аракет кылышынан кийин башталган коомдук баш аламандыктан бери Жакынкы Чыгышта жана дүйнөдө абдан маанилүү өзгөрүүлөр болду.

Бул өзгөрүүлөрдүн бардыгын «дүйнөнүн күч тең салмактуулугунун» кайрадан калыптануусу деп айта алабыз.

Күч тең салмактуулугу кайчылашкан мезгилдерде табигый түрдө көптөгөн принциптердин көз жаздымда калтырылгандыгы көрүнөт. Дүйнөнүн багыты алмашып жаткан ушул жаңы мезгилде эч бир актер адилеттүүлүктөн, чынчылдыктан жана адамдык баалууктардан сөз кылбай эле. Жаңы дүйнө түзүлүп жатканы шексиз бирок тилекке каршы бул дүйнөнүн адилеттүү болушу күтүлүүдө. Анткени кош стандарттуу болгон философиядан азыктанган идеологиялар аркылуу калыптанган саясат аларды өзгөртүүдө.

Заманбап дүйнөнүн ойлонуу түзүлүшүн түптөгөн сунуштар менен учурдагы дүйнөнүн ой-пикирин түзгөндөр бирдей эле. Өзгөргөн бир гана маданий чечмелөөлөр. Ой-пикирде, философияда жана негизги мамилелерде кандайдыр бир өзгөрүү болгон жок. Ошондуктан учурдагы маселелер ансыз деле заманбап ой-пикирдин адамдарды метафизикадан арылтканы жана бир өлчөмдүү жандыкка айландырганы так эле ушул түшүнүк болуп эсептелет.

Түркиянын өзүнүн жана жакын чөйрөсүнүн б.а Жакынкы Чыгыштын бул кош стандарттуулуктун бир канча жагынан таасирленгенин жеке өзүбүз жашап көрүүдөбүз.

Принципсиз жана кош стандарттуу түзүлүштө Түркия чоң кыйынчылыктарды тартууда. Бул абалга каршылык көрсөткөн учурда да ага мунун чыгымын төлөткүсү келген шериктештик бар. Учурда Сирияда Иран, АКШ, Германия, Франция, Кытай жана ПКК шериктеш абалында.

Булар Түркияга кек сактоо үчүн чогулушту десек жаңылышпайбыз. Кыскасы аймакта адамды адам кылган баалуулуктар эмес, тескерисинче адамды өз баалууктарынан алыстаткан кызыкчылыктар үстөмдүк кылууда. Ал эми бул абалга каршылык көрсөтүү жана өзгөртүү үчүн ар бир кадамга жолтоо болгон система бар. Андай болсо адамга багытталган долбоор даярдоо керек.

Ой-пикирлер өзгөрмөйүнчө күнүмдүк жашоодогу ыкмалардын өзгөрүшү туруктуу өзгөрүүнү алып келбейт.

Маалымат социологиясы, маалымат системасы, маалымат түрү менен коомчулуктун ортосундагы карым-катнашты иликтейт. Бул темадагы кеңири жайылган көз караш, маалымат системасынын барган сайын адамдарда кандайдыр бир мүнөзгө айлангандыгы жөнүндө.

Буазизи каза болгондон бери ар ким түзүлө турган жаңы системанын ичинде канчалык деңгээлде орун алаары боюнча аракет кылууда. Дүйнөнүн тышкы саясат системасынын негизги принциби, сүйлөшүлгөн менен ишке ашырылгандын бири биринен толугу менен башкача болушу.

Бул абал учурдагы көптөгөн адамзаттык трагедиясынын негизги себептеринин бири болуп саналат. Буга каршылык көрсөтүү, негизги адамдык милдет болуп эсептелет.

«Дүйнө бештен чоң» деген сөз дал ушул механизмге каршы жаралган. Буга каршы туруунун да кандайдыр бир беделинин бар экени белгилүү. Учурда террордук кыймылдар аркылуу бул мамиледен баш тарттырууну каалаган жашыруун кол бар сыяктуу. Бирок бул система аткарылбай эле жана жаңы дүйнө түзүлүүдө. Эски системаны коргогусу келген статус-кволор менен жаңы дүйнөнүн курулуусун каалагандардын ортосундагы талаш-тартыштын симметриясы Түркияда да болуп жатат. Түркия өтмүштөн бери бул темаларга бушайман болгон коомдук сезимге ээ. Бул сезимталдыгын системага айландыруу потенциалына ээ. Түркия бул коомдук сезимталдыгын саясий долбоорго айландырып, башкарууга чагылуусун камсыздоону максаттап жатат. Түркия бул жаңылануу саясаттары жана аракеттеринин негизинде Буазизи менен башталган өзгөрүүлөрдөн терс таасирленген жок.

Келечекте да болушу мүмкүн болгон башка терстиктердин жолун азыртадан кесе турган системаны түзүүнү каалоодо.

Түркиянын кыялы бул аймакты адилеттүүлүк аралына айландыруу болуп саналат.

Оңой болбойт албетте бул кыялдын орундалуусу. Ар башка улуттар ынтымактуу жашаган өлкө болуу үчүн аракет кылууда.

Учурда аймакта абдан маанилүү өзгөрүүлөр болуп жатат. Бул процесс Түркиянын ушул аймакта келечектин актеру абалына айлануусу үчүн өтө орчундуу.

Йылдырым Беязыт университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн мугалими проф.др Мазхар Баглынын темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар