Билим жолунда-56

202018
Билим жолунда-56


ТРТнын Түркия үнү радиосунда Билим жолунда программасында кайрадан амандашып отурабыз.
Биз дүйнөнү жана ар башка маданияттарды изилдебесек, ички дүйнөбүздү өркүндөтүүгө аракет кылбасак, кийин булар үчүн өкүнүп калаарыбызды билебиз. Ошондуктан эл аралык билим берүү тууралуу мүмкүнчүлүктөрдү сурап билүүнү улантабыз.
Мындан мурдагы бөлүмдөрүбүздө эл аралык кыймылдуулук үчүн жаштар пайдалана ала турган көптөгөн мүмкүчүлүктөр бар экенин сөз кылган элек. Анын үстүнө жогорку билимди толугу менен чет өлкөдө алуунун ордуна дагы кыска мөөнөттүү программалар бар.
Бүгүн ушул кыска мөөнөттүү мүмкүнчүлүктөрдөн эң таанымалы жана тандалганы «Эрасмус» программасын сиздерге таанытууга аракет кылабыз.
Түркия Республикасынын Европа Биримдиги боюнча министрлиги, Европа Биримдигинин билим берүү жана жаштар программалары боюнча борборунун төрагалыгы, кыскача аталышы; Түркия улуттук агенттигинде Жогорку билим берүү координатору катары эмгектенип жаткан Ильяс Үлгүр жана Түркияга «Эрасмус» программасы аркылуу келген Мариа Константопулу менен маектештик.
Алгач Ильяс Үлгүргө Эрасмусту кандай аныктайсыз?-деген суроо узаттык:
«Эрасмус программасы негизи жогорку билим алып жаткан студенттер үчүн мүмкүнчүлүк болуп эсептелет.
Белгилүү бир мезгилде эгер тажрыйба алмашууга бара турган болушса эң аз 2 ай же 3 ай, эң көп 12 ай жана бакалавриат, магистратура, докторантурада 12 айдан чет өлкөдө билим алуу же тажрыйба алмашууга шарт түзүлгөн мүмкүнчүлүк. Алар билим алуу үчүн кандайдыр бир университетке катталган болуш керек. Тажрыйба топтоо иштерин окуу жайын бүтүргөндөн кийин да аткара алышат. Бирок окуп жүргөндө кайрылып окууну бүтөр замат ишке ашыруулары керек.
Жаштар кандайдыр бир университте окуп жатканда Эрасмус программасына кайрылып жана университтердин кайсы өлкөлөр менен, кайсы университтер менен келишимдери бар болсо алардын бирөөнө тандалган учурда 3 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө бул университеттерге бара алышат. Бул студенттер үчүн университтерге кайтарымсыз каражат берилүүдө. Студенттер финансылык колдоо да ала алышат. Чет өлкөдө жашаган адамдардын белгилүү каржылоолору бар, ал каржылоолорду камсыздоо үчүн кайтарымсыз акча берилүүдө. Бул кандайдыр бир стипендия эмес, кээде туура эмес түшүнүк жаралууда. Анда өлкөдөгү жашоо шарттары да эсептелет. Тажрыйба топтоо үчүн баргандарга кошумча 100 евродон берилет. Студенттерге бул тажрыйбаны сөзсүз алууларын сунуштайбыз.
Эрасмус программасынан пайдалана турган студенттердин тандоосу кандай ишке ашууда?
«Студенттердин тандалышы да өтө жеңил. Академиялык орточо баанын 50 пайызы жана чет тилдеги баанын 50 пайызы эсептелүүдө. Бетме-бет маектешүүгө деле кереги жок. Студенттер кайрылганда эгерде университеттин акча каражаттары бар болсо, берилген кайтарымсыз каражат жетиштүү болсо анда ушул алкакта адилеттүү жана ачык түрдө тандалышат. Алар чет өлкөгө барышат жана алган сабактарын кайтып келгенде коштурушат. Мисал үчүн экинчи курста Эрасмус программасы менен чет өлкөгө барып билим алган студент кайра келгенден кийин билим алуусун үчүнчү курстан улантат.
Ушул тажрыйбаны өткөрүп келген студенттер чындап эле эң сонун эскерүүлөр жана тажрыйбалар менен кайтып келишет. Мен университтерге барганымда Эрасмус программасы аркылуу чет өлкөгө барып келген студенттер менен жолугушуп турамын. Алардын көздөрүндөгү кубаныч байкалып турат. Дүйнөгө башкача көз караш менен карап калышат. Түркиядагы университтерге келген Эрасмус окуучулары да абдан жакшы коноктолуп, эң сапаттуу билим алып кетишет. Мариа да бул студенттерден бирөө болуп саналат».
Грециядан келген жана Анкара университетинде докторантура окуучусу болгон Мариа саясий илимдер факультетинде студент, 2014-жылдын июнь айынан бери Түркияда жана түрк тилин абдан жакшы сүйлөйт. Марианын Түркиядагы билим алуусу жана жашоосу кандай өтүп жатканын келээрки жумада айтып беребиз.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар