Билим жолунда-48

Харран университети-2

159907
Билим жолунда-48


«Кемелер портто коопсуз болушат, бирок кемелер портто кыймылсыз күтүү үчүн курулбайт».
«Билим жолунда» программасынан бардыгыңыздарга салам жолдойбуз, дагы бир ирет сиздер менен маалымат бөлүшүп турганыбызга кубанычтабыз!
Бүгүнкү Билим жолунда программабызды атактуу бразилиялык жазуучу Пауло Коэльонун сөздөрү менен баштадык. Кемелер сыяктуу адамдар да өмүр бою коопсуз, ар дайым бейпилдикте, коргологон жерде жашаш үчүн дүйнөгө келишпейт тура.
Ошондуктан тобокелге салып саякатка чыгып, жаңы-жаңы жерлерди көрүп башка дүйнө маданияты менен таанышуу сөзсүз керек. Жашоодо үмүт-тилек, максаттарга жетүү үчүн эң жакшы билим алуу зарыл. Ошондуктан Билим жолунда программасында өнүгүү процессин дагы терең таанытып, эл аралык билим берүү аркылуу саякатка чыгалы.
Өткөн аптада Сиздерге пайгамбар шаары Урфа тууралуу айтып, Харран университети менен таанышканбыз. Бүгүн Харран университетинин ректору профессор Ибрахим Халил Мутлу менен болгон экинчи маекти баштайлы.
Харран университетинин ректору профессор Ибрахим Халил Мутлу университеттеги азыркы учурдагы абалы туурасында мындай деди:
«Университетибизде академиялык кадрларды жыл сайын кеңейтип, өзгөчө акыркы убактарда магистратура жана докторантура программаларыбыздын санын ийри өлчөмдө арттырдык. Быйыл чет тилдер жогорку окуу жайынын ичинде 5 түрдө даярдык классын ачтык. Биринчи курска келген студенттердин каалоосуна жараша англис тили сабагын окутабыз. Акыркы жылдары англис тилин үйрөнүүгө кызыккандар көбөйүп, айрым бөлүмдөрдө булардын саны 30 пайызга артты. Ректорлук кызматты өткөрүп алганымда 2007-жылдын экинчи жарымында көптөгөн имаратыбыз курулуш абалында болчу, булардын көпчүлүгү бүттү. Ар бир факультетти өз- өз имараттарына көчүрдүк. Сан жеткис социалдык шарттары түзүлгөн шаарчабызда, чет өлкөгө интеграциялуу түрдө билим берип, алгач өлкөбүзгө андан кийин дүйнө жүзүндө атагы чыккан университеттердин бири болууну максат кылып жатабыз».
«Харран университетинде билим берүү түрк тилинде жүргүзүлөт. Студенттер ар бир жарым жылдыкта окуй турган сабактары боюнча экземендерди берүүгө мажбур жана альтернативдүү түрдө болуп экиге бөлүнөт. Студенттер катталган бөлүмдүн мажбурдуу сактарын окуганга милдеттүү. Ал эми университеттин сенаты тарабынан белгиленген сабактар үчүн ачылган сынактардан ийгиликтүү өткөн окуучулар ал сабактан бошотулат. Харран университетине караштуу кесиптик техникумдарда эки жылдык билим берүү программалары, факультет жана жогорку окуу жайларында болсо 4 жылдык окуу программасы ишке ашырылууда. Муну менен катар медицина факультетинде билим алуу 6 жыл, ветеринардык факультетинде билим алуу 5 жыл. Айрыкча коомдук илимдер, саламаттык сактоо илимдери жана так илимдер институтуна караштуу башкы билим берүү тармактарында магистратура жана докторантура билими берилүүдө».
Урматтуу ректордон эми Харран университетиндеги социалдык мүмкүнчүлүктөрдү сурадык:
«Университетибизде 26 студенттик кружок бар. Бул клубдарда спорттон сырткары искусствого чейин бир топ иш-чараны аткаруу үчүн чоң колдоо көрсөтүлүүдө.
Университетибиздин жалпы биринчи курстарында англис тили сабактары сервис сабагы катары берилүүдө. Теология факультетинде араб тилинде даярдоо курсу бар.
Мамлекеттик стипендия менен катар университетибиздин ыктыярдуулар тобунун берген стипендиясы бар. Университетибизде Османбей башкы шаарча менен катар Йенишехир жана Эйүбие шаарчалары болуп 3 студенттик шаарчасы бар. Жатакана менен камсыздоочу мекемеге караштуу 2 миң окуучу батуучу кыздар жана балдар студенттик жатакана жана университетибизге караштуу 80 кишилик кыздар жатаканасы да бар».
Харран университетинин ректору проф. Ибрахим Халил Мутлудан студенттер, өзгөчө чет өлкөлүк студенттер университетиңизди эмне үчүн тандашат деген суроо бердик.
«Университет, аймактын бай жаңылана алган энергия булактарын ойлоп жаңылана алган энергия түшүмдүүлүгүн изилдөө жана ишке ашыруу борборун курду. Бул тармакта чет өлкөдө өнүккөн борборлор менен макулдашты. Бул тармакта иштөө жана өзүн өнүктүрүүнү каалаган жаштар эмитеден Харран университетин тандай башташты.
Республикадан алган күч менен илимдин жарык нурунун астында илимпоздорду жетилткен билим берүүсүндө дүйнөлүк стандарттарды камтыган, принциптүү, жаңычыл жана заманбап башкаруу түшүнүгү менен Харран университети, дүйнөлүк университеттердин арасындагы тандалган жерлерин алыш үчүн ишенимдүү кадамдарды таштоодо.
Жыл өткөн сайын студенттердин саны көбөйсө да сапатын түшүрбөгөн Харран университети, айыл чарба, туризм, саламатык сактоо жана индустрия тармактарында жүргүзгөн проекттери менен аймактын жана өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкондугу менен сыймыктанууда.
Жыл сайын үмүт менен келген миңдеген окуучу документин тапшырган бул илим очогу, республиканы жактырган, изилдеген, өндүргөн, принциптүү, жаңычыл жана өзүнө ишенген миңдеген жашты бүтүрүп чыгарып Түркиянын жана дүйнөнүн келечегин куруу үчүн узатып турат».

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар