Билим жолунда-16

Селчук университети

63918
Билим жолунда-16

Айымдар жана мырзалар,
Билим берүү дүйнөсүнүн учу кыйырсыз деңиздеринде сан жеткис мүмкүнчүлүктөрү менен кездешүүдөбүз. Эң маанилүүсү ушул альтернативалардын бардыгын өз өзүнчө иликтеп өзүбүзгө эң туурасын тандап алуу. Мына ушул максат менен дагы бир жолу Түркия үнү радиосундагы «Билим жолунда» аттуу программада кездешип олтурабыз.
Жумасына бир жолу чыгуучу радио программабызга кошумча түрдө, мурдагы бөлүмдөрдө сиздерге жарыялаганыбыз сыяктуу Facebookta TRT Horizon барагында сиздер менен байланыш түзүүнү улантабыз. Университетибизди сиздерге таанытуудан мурда ар бир университетти ошол жерге барып иликтеп, ректорлорубуз менен кызмат орунунда жолугушуудабыз. Албетте университеттин эл аралык окуучуларга кайрылган бардык өзгөчөлүктөрүн билип алыш үчүн белгилүү окутуучуларга жана окуучуларга да микрофонубузду сунабыз.
Бүгүн көнүмүшкө айланган программабыздан чыгып, башкача нерсени кылалы деп чечтик. Өткөндө Facebook барагыбыз TRT Horizonго Татарстандын борбор калаасы Казанда жашаган бир жолдоштон суроо келип түштү. Өзү Түркияда гуманитардык тармакта билим алгысы келгенин жана бизден тынч шаар жана университет боюнча сунушун талап кылды. Биз да ага Самсун жана Ыспарта сыяктуу калкынын саны көп эмес, бирок деңизге да баруу оңой болгон шаарларды сунуштадык.
Бул маектешүүбүздүн уландысында ал жолдошубуз бизден Селчук университети туурасында пикирибизди сурады. Чынын айтсак Конья шаары жана Селчук университети жакынкы убактагы репортаж календарыбызда бар болчу.
Ага карабай бизге кайрылган жолдошубуздун суроосуна жооп берүү үчүн Селчук университетин кыскача тааныта кетели дедик.
Алдыдагы күндөрдө сиздерди Ислам маданияты жана цивилизациясынын эң маанилүү борборлорунан бири болгон Конья шаары менен тааныштырып, ректор жана окуучулар менен боло турган маектешүүлөрүбүздү сиздер менен бөлүшөбүз.
Селчук университети билим берүүсүн 1975-жылы 2 факультет, 7 бөлүм, 327 окуучу жана 2 штаттагы окутуучусу менен баштаган. Учурубузда 21 факультет, 23 кесиптик техникум, 7 колледж, 27 практика жана изилдөө жүргүзүүчү борбор менен 67800 окуучуга билим берилүүдө. Селчук университети ошондон баштап 2507 академиялык, 1210 администрациялык кызматкери менен Түркиянын эң чоң университеттеринин арасында орун алат.
Селчук университетинде арасында Мадагаскар, Афганистан, Танзания, Египет, Тайланд, Нигерия, Швеция, Франция жана Израиль сыяктуу өлкөлөр да орун алган 47 өлкөдөн 721 чет өлкөлүк окуучу билим алууда.
Селчук университетинин көңүлдү буруучу социалдык жана спорттук мүмкүнчүлүктөрүн мындан кийинки бөлүмдөрүбүздө ректор жана окуучуларыбыздын өз оозунан угуза турганыбызды убада кылып, бүгүнкү маанилүү темага өтөлү.
Селчук университетинин Тоскоолдуксуз жашоо бөлүмү, мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга бардык тармакта колдоо көрсөткөн жана жакшы булактар менен жабдылган чөйрөнү түзүп берүүдө. Алардын билим алууларына байланыштуу маселелерди жоюу жана жеке киши катары көз карандысыздыктарын өөрчүтүп коомчулукка өндүрүмдүү жаран катары кошулууларына жардамчы болууда. Бөлүм ушул максат менен 2009-жылы курулган.
Селчук университетинин Тоскоолдуксуз жашоо бөлүмү университетте жана шаарда сезимталдыкты арттыруу үчүн иш-аракеттерин ар тараптан улантууда.
Селчук университетинин окуучуларга сунуштаган маанилүү мүмкүнчүлүктөрүнөн бири да бош убактарын пайдалануу жана бюджеттерине салым кошкусу келген убактарында жарым күн иштей алуулары болуп саналат.
Окуучуларга университеттин китепканасы, компьютер лабораториясы, «Сакып Сабанжы» атындагы информатикалык борбор, университет телеканалы жана радиосу сыяктуу ар башка бөлүмдөрдө акы алып иштөө мүмкүнчүлүгүн берүүдө.
Селчук университетинин максаты эл аралык тармакта марка белгиси жогору, Европа өлкөлөрү баш болгон дагы көп өлкө менен окуучу жана окутуучу алмашуу келишимдерин түзүү. Учурдагы сандан дагы көп сандагы чет өлкөлүк окуучуну ичине камтыган университет болуу болуп саналат. Айрыкча тынч жана коопсуз абалдагы мекемелешүү жана илимий өнүгүү жагынан дагы ылдам өнүгүп бараткан, дагы көп маалымат өндүргөн, технология жаатында өзүн тынымсыз жаңылай алган билим берүү мекемеси көрүнүшүн сактай алууда.
Селчук университетинин башкы максаты дүйнөнүн эң мыкты 500, Түркиянын болсо эң алдыңкы 5 университетинин арасына кирүү. Анадолунун өнүгүп бараткан жылдызы сыяктуу Селчук университети, жаңыланууларга ачык, өзгөргөн жана өзгөрткөн университет болуу кыялын ийгиликтүү аткарууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар