Билим жолунда-14

131755
Билим жолунда-14

Глобалдык билим берүү кыймылдуулугунда Түркиянын ийгилиги улам жогорулап баратканы көрүнүүдө. Биз да «Билим жолунда» программасында Түркияда билим алыш үчүн эсиңизге түшкөн бардык суроолорго жооп берүүнү улантабыз.
32 тилде репортаж видеолоруна жана дагы көп нерсеге жетүү үчүн интернет адресибиз www.trtkyrgyz.com.
Эми сиздерди кайда алып бара турганыбызды божомолдоп көрүңүздөр?
Айымдар жана мырзалар, Бурсада Бурса техникалык университетинин ректору проф. Али Сүрмен менен чогуу болуп олтурабыз. Бул жаш жана динамикалуу университетте бизди эмне күтүп жатканын өзүнөн угуп көрөлү:
Агай, эң оболу бизди кызмат орунуңузда тосуп алганыңыз үчүн абдан ыраазычылык билдиребиз.
Бул программада бизге мүмкүнчүлүк бергениңиз үчүн мен да сиздерге ырахмат айтамын. Шаарыбызга жана университетибизге кош келипсиздер. Биздин университет 2010-жылы курулган. 2011-жылдан баштап окуучу ала баштадык. Ушул убакта университетибиздин алты факультети бар. Окуу жайыбыз техникалык университет болгонуна карабастан социалдык факультеттерибиз да бар. Байланыш факультетибиз, көркөм өнөр жана долбоорлоо бөлүмдөрүбүз, адам жана коомдук илимдер факультеттерибиз бар. Бул бөлүмдөр социалдык бөлүмдөрү болгон факультеттерибиз. Техникалык университет болсок да социалдык бөлүмдөрүбүз болот. Бирок Бурса өнөр жай шаары болгондуктан бул жерде техникалык бөлүмдөргө, инженердик бөлүмдөргө басымдуу орун бердик.
Ушул убакта бирөө табигый илимдер, төртү инженердик тармагында болуп 5 тармакта бакалавр бөлүмдөрүбүз бар. 8 башка тармакта да магистр жана докторант окуучуларыбыз бар. Жаңы университет болгонубузга карабастан окуучу саныбыз ушул убакта 500дөн ашты. Булардын кеминде 78и магистратура жана докторантура окуучулары.
Агай биз билгендей сиздер чет өлкөлүк окуучуларды да кабыл алат экенсиздер. Бурса техникалык университети чет элдик окуучуларды тосууга даяр университет. Анда эл аралык окуучулар бул жерден эмне күтүшсө болот, бул жерге эмне үчүн келишсин?
Бурса бардык нерсеси бар шаар. Бул өзгөчөлүк башка бир шаарда жок. Ошондуктан Бурса, билим берүү мүмкүнчүлүктөрү көп болгонундай эле, турмуш менен аралашуу жагынан да кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон шаар. Түркиянын экспорт-импорт жагынан өндүрүү күчү жогору шаарлардан бири. Стамбулдан кийин экинчи орунда турат. Ошондуктан Бурсага келген окуучулар социалдык жана техникалык тармактарда өзүнө оңой эле чөйрө таба ала турган жерге келген болушат. Окуучулар өркүндөп жатканда да Бурса сыяктуу бир шаарда болгондору үчүн ишеничтүү сезимге ээ болот. Анткени бай маданияттын ичинде өсөт. Чет өлкөдөн келе турган окуучуларыбыз да бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланышат. Биз алдыбыздагы жылдан тартып университетибизди чет өлкөдөн келе турган окуучуларыбызга ачабыз. Орто эсеп менен 30-40 окуучу менен баштап, келечекте бул санды көбөйтөбүз.
Бурсада жагымдуу чөйрө аларды күтүп турат. Бурса абдан кооз жана тарыхый шаар. Осмон империясынын биринчи борбор шаары. Тоосу, коктусу, деңизи, талаасы, өнөр жайы, туристтик жерлери менен Бурсанын өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар. Бурсага келгендердин өкүнбөй турганын ойлоодомун.
Туп-туура айтасыз, жолдошторубуз бул жерге келишсе укмуш бир шаарда болушат. Бурса техникалык университетинин социалдык мүмкүнчүлүктөрүнөн да сөз кыла кетесизби?
Окуучу клубдарыбыз түзүлө баштады. Окуучуларыбыз мындан тышкары техникалык тармактарда да долбоорлорун жасап өздөрүн угузгусу келип жатат. Окуучуларыбыздын алгачкы үч жылда эле ушунчалык активдүү болуусу бизди суктандырат. Демек биз аларга ушундай ишенимди бере алабыз. Бир эл аралык жарышта экинчи болушту, эми болсо Америкага адамсыз учуучу унаа жарыштарына катышуу үчүн барышат. 3 жылдык университет үчүн булар абдан маанилүү нерселер. Окуучуларыбыз бизге келип күндүн энергиясы менен жүрүүчү машина, жарыш машинасынын долбоорун жасоону каалаганадарын айтышты. Биз да аларга каражат таап берүүгө жана аларга жардам берүүгө аракет кылуудабыз. Ушундай жаңы курулган университеттин окуучуларынын ушунчалык өздөрүнө ишенүүлөрү, шаардын өнөр жай тармагында абдан өнүккөндүгү болушу мүмкүн. Биздин башкаруучулар катары аларга жакын колдоо көрсөтүшүбүз жана жолдоштору сыяктуу мамиле кылышыбыздын да таасири бар албетте.
Окутуучу катары ээ болгон тажрыйбамдын жыйынтыгы катары, жаңы нерсе ойлоп тапкысы келген адамдардын саны аз экенин байкадым. Ошондуктан жасагысы келгенге тоскоол болбой, аларды колдошум керек.
Бул саясатыбызды окуучуларыбыздын үстүндө ишке ашыруудабыз. Ошондуктан Бурса техникалык университети жаш болгонуна карабастан социалдык жана техникалык жааттагы иш-чаралар жагынан келечеги кең.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар