"Түркия стипендиялары" программасына кайрылуунун жыйынтыктары белгилүү болду

"Түркия стипендиялары" программасына 172 өлкөдөн 156 миңге жакын студент кайрылды.

1497736
"Түркия стипендиялары" программасына кайрылуунун жыйынтыктары белгилүү болду

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) тарабынан жүргүзүлгөн жана чет элдик студенттерге Түркияда жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн тартуулаган "Түркия стипендиялары" программасына кайрылуунун жыйынтыктары белгилүү болду.

YTBнин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 2020-жылы "Түркия стипендиялары" программасынын алкагында 172 өлкөдөн жасалган 156 миңге жакын кайрылууга баа берүү процессинин Ооганстан, Азербайжан, Казакстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Өзбекстан тектүү талапкерлерден тышкары аяктагандыгы, оң жана терс жыйынтыктардын болсо электрондук почта аркылуу талапкерлерге жөнөтүлө баштагандыгы белгиленди.

Билдирүүдө коронавирустук (Kovid-19) шарттардан улам маектешүү процесси чектелген сандагы талапкерлердин катышуусу менен жүргүзүлгөндүгү жана баа берүү процесстери жүрүп жаткан Ооганстан, Азербайжан, Казакстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Өзбекстан тектүү талапкерлердин кайрылуу жыйынтыктарынын болсо процедуралар аяктагандан кийин жакында жарыялана турганы маалымдалды.

YTBнин башчысы Абдуллах Эрен өзүнүн Твиттер баракчасындагы билдирүүсүндө жеңүүчүлөрдү куттуктап, жыл сайын дүйнөнүн ар тарабынан жасалган кайрылуулардын рекорд койгонун белгиледи жана кызыгуу көрсөткөндөрдүн бардыгына ыраазычылыгын билдирди.



Тектеш кабарлар