Кыш-2019 машыгуусунун чыныгы ок колдонулган бөлүмү аяктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кыш-2019 Бириккен орток чыныгы машыгуунун Тандамал байкоочу күнүнө катышкан Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1150163
Кыш-2019 машыгуусунун чыныгы ок колдонулган бөлүмү аяктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кыш-2019 Бириккен орток чыныгы машыгуунун Тандамал байкоочу күнүнө катышкан Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ийгиликтүү өткөн машыгуудан улам Түрк куралдуу күчтөрүн (ТКК) куттуктады.

Акар, өзүн коштогон башкы штаб төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрү командири, армия генералы Үмит Дүндар, деңиз күчтөрү командири, армия адмиралы Аднан Өзбал жана аба күчтөрү команбири, армия генералы Хасан Күчүкакйүз менен Кыш-2019 магыгуусунун «Тандамал байкоочу күнүнө» катышты.

Машыгуунун чыныгы ок колдонулган бөлүмүнүн бүтүрүлүшүнөн кийин Акар, катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана бөлүктөргө кайрылды.

Министр Акар, кайрылуусу убагында президент Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Эрдоган, учурдан пайдаланып машыгууга катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрү жана бөлүктөргө телефондон кайрылуу жасады.

Кар каптаган Карстын Сарыкамыш районундагы машыгууга катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен ТККнын элементтерине салам берген президент Эрдоган, машыгуунун чыныгы бөлүмүнүн ийгиликтүү аяктаганына ыраазы болгонун билдирди.

Улуттук коргоо министри Акар, башкы штаб төрагасы, армия генералы Гүлер менен күч командирлерин жана Мехметчикти (Түрк аскерин) куттуктаган Эрдоган, ийгиликтүү ишке ашырылган машыгуу Куралдуу күчтөр үчүн маанилүү баскыч болгонун мүнөздөдү.

Машыгуунун телевизор экрандарында да көрсөтүлгөнүн белгилеген Эрдоган, карлар астындагы Сарыкамыштагы машыгуунун катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы аралашууну арттыра турганын, Түрк куралдуу күчтөрү жана чет өлкөдөн келген коноктор үчүн маанилүү баскыч болгонун ойлогонун айтты.

Аскерлердин милдеттерин ысык, суук дебестен ийгиликтүү орундатканын айткан Эрдоган,машыгуунун чыныгы бөлүмүнүн ийгиликтүү аяктаганына канагаттанганын кеп кылды.

 

 

 



Тектеш кабарлар