Дүйнөдөгү кагылышуулардын 60 пайызы мусулман өлкөлөрдө болуп жатат

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын,Ислам өлкөлөрүнүн статистикалык, экономикалык жана социалдык абалын изилдөө жана билим берүү борбору(SESRIC) тарабынан Анкарада өткөрүлгөн диспутта сөз сүйлөдү.

Дүйнөдөгү кагылышуулардын 60 пайызы мусулман өлкөлөрдө болуп жатат

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, дүйнөдөгү кагылышуулардын 60 пайызынын мусулман өлкөлөрдө болуп жатканын айтты.

Ислам өлкөлөрүнүн статистикалык, экономикалык жана социалдык абалын изилдөө жана билим берүү борбору(SESRIC) тарабынан Анкарада өткөрүлгөн диспутта сөз сүйлөгөн Калын, глобалдык деңгээлде хаос жана белгисиздик күч алган мезгилден өтүлүп жатканын белгилеп, бир гана мусулман өлкөлөрдүн арасында эмес, Батыш, Европа жана Латын Америкасы сыяктуу бир топ аймакта арткан кооптуулук жана келечекке карай белгисиздик болуп жатканына басым жасады.

Калын, акыркы жылдарда кооптонуу жараткан радикал улутчулдуктун, бир топ Европа өлкөсүндө негизги агым саясатын көзөмөлгө ала баштаганын белгиледи.

Учурда глобалдык тартиптин, адилеттик өндүрбөгөнүн жана байлыктын адилеттүү бөлүшүлүшү темасында ийгиликсиз болгонуна көңүл бурган Калын, мусулман өлкөлдөрдүн тирешкен күчтөрдүн оюн ойноочу аянтына айланганы боюнча эскертти.

Кагылышуулардын мусулман өлкөлөрдүн социалдык энергиясын жана табигый булактарын талап кылганын белгилеген Ибрахим Калын: «Дүйнөдөгү кагылышуулардын 60 пайызы мусулман өлкөлөрдө болуп жатат. Бул бардыгыбыз үчүн чоң сабак болушу керек. Мусулмандар туш болгон маселелрди жеңип чыгыш үчүн саясий лидерлик жана биримдикке муктаждык бар»,-деди.



Тектеш кабарлар