Түркия Кытайды адам укуктарын бузуп жактаны боюнча эскертти

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, уйгур түрктөрүнө карай адам укуктарын оор түрдө бузууларга каршы жазуу түрүндө билдирүү жарыяланды.

Түркия Кытайды адам укуктарын бузуп жактаны боюнча эскертти

Түркиядан Кытай Эл Республикасына «Адам укуктарын оор түрдө бузууларга каршы чыгуубузду эске ал» деген чакырык ташталды...

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, уйгур түрктөрүнө карай адам укуктарын оор түрдө бузууларга каршы жазуу түрүндө билдирүү жарыяланды.

Жарыяда: «Цинзян уйгур автономиялык аймагындагы уйгур түрктөрүнүн жана берки мусулман коомчулуктарынын негизги адам укуктарын бузган ишке ашыруулар, өзгөчө акыркы бир жылдын ичинде оорлошкон түрдө эл аралык коомчулуктун күн тартибине чыкты»,делди.

Туш келди камоолорго дуушар болгон миллиондон ашуун уйгур түркүнүн концлагерлерде жана абактарда кыйноо жана саясий мээ чайкоолорго дуушар болуп жатканынын эми бир сыр болбогонуна басым жасалган билдирүүдө, лагерлерлерге түшпөгөн уйгурлардын дагы катуу кысым астында жашаганы белгиленди.

Анда, «Чет өлкөдө (Кытайдын тышында) жашаган уйгур тектүү тектеш жана атуулдарыбыздын бул аймактагы туугандарынан кабар ала албай жатат. Миңдеген бала ата-энесинен ажыратылып, жетим калды. 21-кылымда концлагерлердин кайрадан пайда болушу жана Кытай органдарынын уйгур түрктөрүнө карай систематикалык ассимиляция саясаты адамзаттын атынан чоң уят болуп эсептелет. Шиңжаң аймагында болуп жаткан трагедия тууралуу пикирлерибизди Кытайдын макамдарына бардык деңгээлде билдирдик»,делди.

Билдирүүдө айрыкча, «Ушундай чөйрөдө бир обонунун себебинен 8 жылга абак жазасына тартылган, баалуу элдик акын Абдуррехим Хейиттин абактагы экинчи жылында каза болгону тууралуу кабарды терең кайгыруу менен уктук. Бул окуя түрк коомдук пикиринин Шиңжаң аймагындагы адам укуктарын оор түрдө бузуулары темасындагы каршы чыгуусун дагы да күчтөндүрдү. Бул акылуу каршы чыгууга Кытай макамдары тарабынан көңүл бурулуусун күтүп жатабыз. Эл аралык коомчулукту жана БУУнун баш катчысын дагы Шиңжаң-Уйгур автономиялуу аймагындагы адамзат трагедиясынын соңуна чыгартылышы үчүн таасирдүү кадамдарды таштоого чакырабыз»,деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар