Түрк аба жолдору учуу желесин кеңейтүүнү улантууда

Түрк аба жолдору Америка материгинин негизги шаары Мексико Сити жана Канкунду да учуу желесине кошту.

1126096
Түрк аба жолдору учуу желесин кеңейтүүнү улантууда

 

Түрк аба жолдорунун басма сөз кеңешичилигинен берилген маалыматка караганда түрк аба жолдорунун Америка материгиндеги 18 – 19 – учуу жери Мексико Сити жана Канкунга жасай турган каттамдар 21 -  августта башталып Стамбул – Мексика Сити  - Канкун – Стамбул болуп жумада 3 күн аткарылат.

Ачыла турган жолдор менен түрк аба жолдору Борбордук Американын эң чоң өлкөсү Мексиканы учуу желесине кошуп, Стамбул аэропортунан дагы кенен бир аймак менен байланыш куруу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Каттамдардын Түркия жана Мексиканын ортосундагы карым  - катнаштарды бардык тармакта дагы да күчтөндүрүшү күтүлүүдө.

Түрк аба жолдорунун жүргүнчүлөрү Мексико Сити жана Канкунга бардык салыктар да болуу менен барып – келүү 999 доллардан башталган ачылууга карата атайын баалар менен саякатка чыга алат.



Тектеш кабарлар