Түркиянын космостук агенттиги расмий түрдө курулду

Түркия космостук агенттигинин курулушуна байланыштуу президенттиктин жарлыгы Расмий гезитте жарыяланды.

1106462
Түркиянын космостук агенттиги расмий түрдө курулду

 

Түркия космостук агенттигинин курулушуна байланыштуу президенттиктин жарлыгы Расмий гезитте жарыяланды.

Өнөр жай жана технология министрлигине караштуу боло турган Түркия космостук агенттигинин борбору борбор шаар Анкара болот.

Башкаруу жана финансылык жактан автономиялуу боло турган агенттиктин өзүнө таандык бюджети болот.

Улуттук космостук программасын даярдоо жана ушунун негизинде долбоорлордун турмушка ашырылышына мүмкүнчүлүк түзүү Түркия космостук агенттигинин милдети болот.

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк бул тууралуу президенттиктин жетекчилигинде коргоо өнөр жай министрлиги тарабынан биринчи жолу өткөрүлгөн түрк коргонуу өнөр жай саммитинде сүйлөгөн сөзүндө : «Өлкөбүздүн эми бир космостук агенттиги бар. 20 жылдык түшүбүз чындык болду»,- деди.

Улуттук кызыкчылыктардын негизинде космостук технологиялар тууралуу саясат жана стратегияларды белгилей турган бул агенттиктин атаандаштык  өнөр жайга да негиз түптөй тургандыгын белгилеген Варанк жаштарды динамизм жана оригиналдуу көз карашка чакырды.



Тектеш кабарлар